Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Прокуратура "атамекенчилердин" салыгын сурады


Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын туугандарынын акыркы 12 жылдагы салык отчетторун талап кылууда.

Башкы прокуратура сураган кагазда көрсөтүлгөндөй, бул отчет Белизден келген документтер боюнча иликтөө жүргүзгөн мекемелер аралык жумушчу топко керек. Анда “Ата Мекендин” үч депутатынын 26 тууганы тизмеге кирген.

Депутаттар өздөрү бул көрүнүштү бийлик саясий оппоненттери менен мамлекеттик органдардын жардамы аркылуу күрөшүп жатат десе, Башкы прокуратура бул техникалык эле маселе деп оппозицияны жоошутууда.

Кары-жашка карабаган отчет

Белиз чыры боюнча документтердин чоо-жайын иликтеген мекемелер аралык жумушчу топтон келген баракта Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова туугандарынын салык отчетун көрсөтүшү керектиги жазылган.

Жумушчу топтун каты.
Жумушчу топтун каты.

Башкы прокуратурадан “Азаттыкка” билдиришкендей, анда жалпысынан үч депутаттын 26 тууганынын аты-жөнү камтылды. Талап боюнча Текебаевдин 90 жашка чукулдап калган энеси жана сегиз жаштагы кызы дагы 2005-жылдан берки кирешелерин ачыктап, салык төлөгөн отчетун көрсөтүшү керек.

Өмүрбек Текебаев бийлик өзүнүн мүмкүнчүлүгүн каалагандай пайдаланып, күч органдарын оппозицияга карата репрессиялык органга айлантып салганын айтат. 2012-жылы болгон делген Белиз боюнча ишке 2005-жылдан берки анын туугандарынын салык отчетторун сурап эмне кереги бар эле деп суроо коёт.

- Президент өзүнүн душмандарынан өч алуу үчүн бүт колунда болгон ресурсту жумшап жатат. Анын ишине терс баа берген бир нече адамды биротоло жоготууну максат кылып, аны Европага чейин жашырбай айтып келди. Мына бул ошол саясатынын башталышы эле. Укук коргоо органдарына бизге карата болсо да, болбосо да иш табууну буйрук кылып жатканы айдан ачык болуп калды. Менин туугандарым төлөгөн салыктарынын бардыгын жашырбай көрсөтөт. Бирок 2012-жылкы “Мегаком” жана Белизгейт ишине 2005-жылкы отчетторду талап кылганына караганда, бул комиссия өз ыйгарым укугунан аша чаап, репрессиялык органга айланып алды.

Бакиевдин доору кайттыбы?

Мурдагы президент Бакиевдин убагында саясий куугунтукка кабылган Равшан Жээнбеков азыркы бийлик саясаттагы ыплас ыкманы колдонуп жатканын айтат. Ал Курманбек Бакиевдин учурунда өлкөдөн чыгып кетсе да, анын жакын бир туугандары жана үй-бүлөсүнө кысым болбогонун эскерет.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- Муну саясый куугунтук деп айтканга болбой калды, бул саясый андан дагы чектен чыккан нерсе. Саясый куугунтук деп биз саясатчыга карата кылмыш иши козголуп, аны медиа аркылуу жамандатып жатса айтабыз. Бирок биздин бийлик андан дагы өтүп, сегиз жаштагы кызына чейин салыгын текшеребиз деп жатса, бул бийликтин көп нерселер боюнча реалдуулукту жоготуп койгонунан кабар берет. Менимче, бийлик башка, ал эми коом менен саясатчылар башка дүйнөдө жашап жатабыз.

Сегизбаевдин "ыкмасына" сын

Сегизбаевдин "ыкмасына" сын

УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин токтоосуз кызматтан кетишин талап кылуу демилгеси Бишкекте 25-январда өткөн оппозициячыл активисттерди коргоону талкууланган жыйында айтылды. Анда "бийликти басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакка алынган онго чукул адамдын соту жабык өтүп жатканы туура эмес деп, маселенин саясий өңүтү бардыгы белгиленди. Ошондой эле адам укуктарын бузган жетекчилер кирген “Акунов тизмесин” түзүү сунушу көтөрүлдү.

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев Башкы прокуратуранын суроо-талабынан эч кандай саясий боёкту көрбөгөнүн айтат. Кыргызстандагы саясатчылардын көпчүлүгү өз байлыгын жакын туугандарына каттап койгон тажрыйбадан улам, оппозициядагы саясатчылар туугандарынын салыктык отчетун тапшырып, өзүнүн ак экенин далилдесе болорун кошумчалады.

Жекшеев Белиз документтери коомчулуктун бүйүрүн кызытып турганда, укук коргоо органдары да документтерди кылдат иликтеши керек дейт.

- Буга чейин Текебаев “байлыкты өзүңөргө жазбагыла, менден үйрөнгүлө” дегендей кылып чын-тамаша иретинде айтты эле. Чындыгында Нариман Түлеев жана Акматбек Келдибеков ж.б. саясатчылардын тажрбыйбасын карасаңар, байлыктардын бардыгы башка адамдарга катталуу болуп чыкты. Андыктан саясый аренада жүргөндөн кийин бардыбыгыз өзүбүздүн гана эмес, туугандарыбыздын да байлыгын, салыгын ачык көрсөткөнгө үйрөнүшүбүз керек. Менимче, Текебаев, Салянова, Шыкмаматов туугандарынын салыктык отчетун көрсөтүп койсо эч нерсеси кемип кетпейт.

"Сентябрь" берүүсү токтоду

Анткен менен бул аралыкта Өмүрбек Текебаевге тиешелүү “Сентябрь” телеканалынын эфирге чыкпай калганы маалым болду. Бишкектиктер 3-февралдан бери эфирди көрбөй жатса, аймакта да сигнал тоскоолдуктар менен коштолууда. Канал жетекчилиги муну саясий кысымдын уландысы катары сыпаттап чыкты.

Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов “Азаттыкка” билдиргендей, азыркы кырдаал бийлик эски ыкманы колдонуп, оппозициядагыларды ар тарабынан кысымга алууга киришкенин далилдөөдө.

Кубатбек Байболов
Кубатбек Байболов

- Бул эми илгертен бери келаткан тажрыйба. Биз дагы маалында ушундан өткөнбүз. Бийлик бардык убакытта бирдей. Мурунку бийлик да, азыркы бийлик да окшошуп эле калды. Куугунтуктоо ыкмасы дагы, атүгүл тажрыйбасына чейин окшошуп алды.

"Белизгейт": аныгы менен арсары

"Белизгейт": аныгы менен арсары

Жогорку Кеңеш УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин Белизден келди деген документтер боюнча маалыматын териштирди.

Өткөн жылдын май айында азыркы бийликке көчө оппозициячылары да каршы чыккан. Бирок көп өтпөй “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен Дастан Сарыгулов, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков башында турган адамдар УКМКга камакка алынган. Камалгандардын соту ушул күнгө чейин уланып келет.

Бирок президенттик шайлоого байланыштуу соңку мезгилде оппозициячыл маанайдагы саясатчылар, партия лидерлери, коомдук ишмерлердин пикирлери күчтөндүрүүдө. Алар алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрүүнү талап кылып, “мураскер операциясына" каршы тура баштады.

Өткөн жылдын ноябрь айында УКМК Белиз өлкөсүнөн алган документтерге таянып, оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов “Альфа Телекомдун” 50 пайыз акциясын сатууга аракеттенген деген маалымат тараткан. Эл өкүлдөрү муну жасалма документтердин негизиндеги каралоо деп мүнөздөп келишет. Кийинчерээк Белиз документтеринин чоо-жайын мекемелер аралык жумушчу топ иликтей турганы кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG