Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Хизбутчу аялдардын тобу кармалды


Эксперттер соңку мезгилде радикалдуу диний уюмдарга аялдарды тартуу күч алганын айтып келишет.
Эксперттер соңку мезгилде радикалдуу диний уюмдарга аялдарды тартуу күч алганын айтып келишет.

Бишкек шаарында тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” диний уюмунун аялдар канаты аныкталды.

Бул факт боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп жатат. Кармалып, кайра үй камагына чыгарылган аялдар тобуна уюмдун аймактык жана эл аралык бөлүмдөрү менен байланышты камсыздап, диний-экстремисттик уюмдарга тартып турган деген доо коюлууда.

Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмунун ишмердүүлүгүн тымызын жайылтып жүрөт деп шектелген аялдар тобунун кеңсесинен көп сандаган экстремисттик адабияттар, 400дөн ашык диск табылган.

Шектелип кармалган аялдар тобу Чүй аймагында “Хизб-ут Тахрирдин” негизги бөлүмдөрүнүн бири болгон. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматтын маалымат катчысы Рахат Сулайманов:

- Бүгүнкү күндө аларга эч жакка чыкпоо боюнча кагаз берилип, териштирүү иштери жүрүп жатат. Азыр үй камагына чыкты. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу канча аял экенин айта албайбыз. Тергөө бүткөндө баарын маалымдайбыз.

Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу деп, УКМК кармалган аялдар тобунда канча адам болгонун да айткан жери жок.

Эксперттер соңку мезгилде радикалдуу диний уюмдарга аялдарды тартуу күч алганын айтып келишет. Күч органдарынын маалыматында экстремисттик кылмыштарды жасаган аялдардын саны өскөн. Маселен, кыз-келиндердин мындай кылмыштарды жасоодогу катышы учурда 20 пайыздан ашты. Бул көрсөткүч жети-сегиз жыл мурда бир-эки пайызды гана түзчү.

Тыюу салынган радикал уюмдар катарына аялдарды тартуу ыкмасын, себептерин так айтуу кыйын. Айрым эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүнө таянсак, турмушу начар, башкалардан колдоо издеген, “караңгы” адамдар бат тартылары айтылат.

Деген менен мындай уюмдар ар дайым катарын көбөйтүүдө ыкмаларды өзгөртүп турушат дейт жергиликтүү серепчилер. Диний маселелер боюнча эксперт, тарыхчы, окумуштуу Назира Курбанова:

- Азыр радикал уюмдарга мүчө эркектер көп кармалып жатат. Андыктан аялдарга көбүрөөк көңүл буруп жатышат. Себеби аялдар шек туудурбайт. Милиция аялдарды кармаган күндө дагы көп күч колдонбойт дешет. Анын үстүнө аял кишинин таанышы көп. Курбулар, кошуналар, аяштары дегендей. Жөн гана шеринеге чакырып деле өз багытын жайылта бериши мүмкүн.

Айрым адистер Кыргызстанда экстремисттик топторго каршы күрөштү жетишсиз деп баалашат. Алардын өлкөдө кескин тамыр жайып жатышына каршы, же алдын алуу иштеринде күч органдары чабалдык кылып жатат деп эсептегендердин бири УКМК төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбеков:

- Биздин мамлекетте экстремисттик топтор менен күрөшүүдө күч органдары көп жагынан арта калуудабыз. Ошон үчүн акыркы убакта ошол топтор көбөйүп жатат. Аларды кармоодо, күрөшүүдө, алдын алууда биздин органдар мокок болуп жатышат.

Ушул жылы Чүй облусунан беш аял, Таш-Көмүр шаары менен Аксы районунан эки аял “Хизб-ут Тахрир” уюмунун ишмердүүлүгүн тымызын жайылтып жүрөт деген шек кармалган. Негизинен өлкөдө Ош, Жалал-Абадда радикал топторго мүчө кыз-келиндер көп экени айтылат. Бирок экстремисттик уюмдардын канча аял мүчөсү бар экени тууралуу так сан жок. Мындай аялдар кармалган күндө деле басымдуу бөлүгү шарттуу кесилип, түрмөгө отургандар чанда кездешет.

Кыргызстандын Жогорку Соту “Хизб-ут Тахрир” уюмунун ишмердүүлүгүнө 2003-жылы расмий тыюу салган. Андыктан анын идеяларын жайылтып, үгүттөгөн жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG