Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Кыргызстанда Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун 2-фазасы башталуу алдында турат. Бул үчүн Азия өнүктүрүү банкы 110 млн. доллар берет.

Ал эми Евразия өнүктүрүү банкынан 100 млн. доллар алуу боюнча келишим 8-июнда парламент комитетинде жактырылды. 250 млн. долларга эсептелген долбоордун алкагында кандай иштер аткарылат?

Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун экинчи фазасы үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 110 млн. доллар насыя алуу макулдашылган. Ал келишим апрелде парламент тарабынан ратификацияланып, май айында президент кол койгон.

Келишимдин шартына ылайык насыяга Токтогул ГЭСинин 4 турбогенераторунун экөө алмаштырылат жана ага удаалаш иштер аткарылат. Азия өнүктүрүү банкы 110 млн. доллардын 65.5 млн. долларын насыя иретинде берсе, 44.5 млн. долларын грант түрүндө берет. Жалпысынан Токтогулду реабилитациялоонун 2-фазасы үчүн 250 млн. доллар керектелет. Анын 110 млн. долларын Азия өнүктүрүү банкы берсе, 100 млн. доллары Евразия өнүктүрүү банкынан алынат. Калган бөлүгүн Кыргызстан берет.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан бериле турган насыянын шарты тууралуу буларды билдирди:

- Күрөөсүз берилип жатат. 20 жылдык мөөнөт менен беш жылдык жеңилдиги бар. Үстөгү 1%. Азия өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкынын акчасы биригип, ошол акчага генераторлор, трансформаторлор алмашат.

Токтогул ГЭСи

Токтогул ГЭСи

Айбек Калиевдин айтымында, 250 млн. доллар менен Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун экинчи фазасы аякталат. Андан кийин мына ушул сумманын тегерегиндеги каражатка үчүнчү фазасы башталат.

Улуттук электр станциялар акционердик коомунун маалымдоосуна караганда, экинчи фаза 7 жылдын ичинде ишке ашырылат. Анын натыйжасында, ГЭСтин кубаттуулугу 300 мегаваттан 360 мегаваттка көбөйөт. Техникалык жоготуулар азайат.

Евразия өнүктүрүү банкынан алына турган насыя боюнча келишим дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде ратификацияланды. Комитет мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов келишим колдоо тапканын маалымдады:

Өмүрбек Абдрахманов

Өмүрбек Абдрахманов

- Бул насыяны Каржы министрлиги аркылуу алып жатышат. Мен кечээ күнү эмне күрөөгө коюлганы тууралуу суроо бердим. Анда "күрөө жок, өкмөттөр аралык келишим аркылуу алып жатабыз. Биз өзүбүз (Электр станциялар) төлөп беребиз. Биз төлөй албасак Каржы министрлиги төлөйт" деген жоопту айтышты.

Улуттук электр станциялардын маалымдоосу боюнча, Токтогул ГЭСинин негизги жабдуулары 40 жылдан бери алмаша элек. Алардын эскилиги жетип, жешилип бүттү. Ошондуктан айрым учурларда жабдуулар иштен чыгып калууда. ГЭСтин толук иштен чыгуусу Кыргызстандын энергетика системасын катастрофага алып келбестен, Борбор Азия регионунун энергетикалык системасынын туруктуу иштешине да терс таасирин тийгизет. Анткени Токтогул ГЭСи региондогу энергетикалык агымдарды башкарууда ролу чоң. Токтогул ГЭСинде Кыргызстандын электр энергиясынын 40% өндүрүлөт.

Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги азыркы мезгилде 3 млрд. 200 млн. доллардан ашуун суммага ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын эң ирилери “Датка-Кемин” электр зымын тартуу, Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо, Жогорку Нарын каскадында ГЭСтерди куруу жана Кыргызстан-Кытай газ түтүгүн тартуу жана Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG