Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Тажикстан: Рогун курулушу убактылуу токтойбу?


Рогун ГЭСинин дамбасы курула турган жер.

Рогун ГЭСинин дамбасы курула турган жер.

Тажикстандын эң ири энергетикалык долбоору - Рогун ГЭСин экспертизадан өткөрүп жаткан Дүйнөлүк банк бул өлкөнүн өкмөтүнө ГЭСтин курулушунун алгачкы этабын баштабай турууну сунуш кылды.

Эл аралык эксперттер адегенде ГЭСтин болочок плотинасын толук бийиктигинде ар тараптан иликтөө керек деп эсептешет. Тажик өкмөтү Дүйнөлүк банктын сунушуна карата азырынча өз мамилесин айта элек.

Тажик өкмөтү Рогун ГЭСин долбоор боюнча эки баскычтан курмак. Вахш дарыясын тороо үчүн анын биринчи баскычында курулуучу дамбанын бийиктиги 120 метр деп белгиленген.

Тажикстанда кылым курулушу деп атыккан долбоордун быйыл март айынан бери техникалык-экономикалык жагын, ага катар экологиялык, социалдык таасирин иликтеп жаткан Дүйнөлүк банк менен ал жалдаган эки компаниянын (Coyne&Bellier, Poyry) эксперттери тажик өкмөтүнө курулуштун ошол биринчи этабына дароо киришпей турууну сунуш кылышты.

Дүйнөлүк банк ушул аптада билдиргендей, мындай тыянактын негизги себеби катары эксперттер Вахш дарыясынын агымы менен келүүчү тунма материалдардын көлөмүнүн көптүгүн аташууда. Ошол тыянактардын негизинде Дүйнөлүк банктын командасы жана ал жалдаган адистер Тажикстанга Рогун ГЭСи үчүн салынуучу плотинанын толук бийиктигинин техникалык, экономикалык жагын, экологиялык жана социалдык таасирин ар тараптан иликтөөнү тез ыргакта жүргүзүүнү сунушташты.

Долбоор боюнча плотинанын толук бийиктиги 335 метрге жетүүсү керек. Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Моту Кониши “Азаттыкка” курган маегинде, алар өкмөт берилген сунуштарды кабыл алат деген үмүттө тургандыгын айтты:

- Консультациялык иликтөөнүн биринчи этабы жаңы аяктады. Тажикстанда изилдөө менен таанышып, президент менен кеңешип жатышат. Биз алар талкуулардын соңунда иликтөөнүн тыянактарын кабыл алат деген үмүттөбүз.

Кыргызстандык белгилүү энергетик Райымбек Мамыровдун пикиринде, Тажикстан Рогун ГЭСин курууда чет элдик инвестицияга жана Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык каржы уюмдарынын колдоосуна муктаж болгондуктан, ошондой эле ГЭСтин курулушуна караманча каршы чыгып келе жаткан Өзбекстанга кошумча жүйө бербөө үчүн эл аралык консультанттардын сунушуна макул болот.

Райымбек Мамыров “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, Рогун долбоорунда плотинанын толук бийиктигинин Кыргызстандын учурда иштеп жаткан жана болочокто курулуучу ГЭСтериникинен бир топ бийик 335 метр деп белгилиниши Вахш дарыясы торолуучу капчыгайдын кууштугуна байланыштуу:

- 120 метрди курбай тургула дегени коопсуздук менен байланыштуу болушу керек. Экинчиден, 120 метрлик плотинанын кайтарымы анчалык болбойт. Токтогул ГЭСинин плотинасынын бийиктиги 115 метр келгени менен аянтынын кеңдигинен улам 19,5-20 миллиард куб метрге чейин суу батат. Вахш дарыясында андай мүмкүнчүлүк жок. Мен билгенден ал жердеги тоолордун ортосу кууш. Андыктан плотинаны бийик койбосо, көп өлчөмдө электр кубатын бергидей сууну топтой албайт. Долбоор боюнча Рогундун кубаттуулугу Токтогулга салыштырмалуу дээрлик үч эсе чоң.

Райымбек Мамыров кошумчалагандай, эгер Рогундун плотинасынын бийиктиги 335 метрге жеткирилсе, ал Борбор Азиядагы эң бийик дамба болот.

Дүйнөлүк банктын билдиргенине караганда, былтыр банк менен тажик өкмөтү жаңы курулуш баалоочу иликтөөнүн жыйынтыгы дарыянын тегерегиндеги өлкөлөргө берилип, талкууланып, ошондой эле долбоордун турмушка жарамдуулугун аныктоо үчүн көз карандысыз эксперттер тарабынан каралганга чейин баштабай турууну макулдашкан.

Шоди Шабдалов
Мындан сырткары тараптар болочок суу сактагычтын аймагынан адамдары мындан ары көчүрүүнү, атайын программага даярдалганга чейин жүргүзбөөгө да келишишкен.

Бирок тажик парламентинин өкүлү Шоди Шабдолов эл аралык эксперттер эмнени сунуш кылганына карабай, курулушту тездетүү керек деп эсептегендердин бири:

- Жыйырма жылдан кийин Нурек ГЭСинин суу сактагычынан эмне калат? Эч нерсе калбайт. Ал ылайга толот. Бул мезгил аралыгында башка ГЭСтер деле жарактан чыгат. Андыктан биз Рогунду курбай койо албайбыз. Биздин коңшулар билип койсун - Рогундун курулушун токтотууга биздин укугубуз жок.

Тажикстан Рогун ГЭСине эл аралык экспертиза жүргүзүүгө коңшу Өзбекстандын тынымсыз каршылыгынан кийин макул болгон. Өзбекстан бул ГЭС суунун төмөнүндө жайгашкан ага экологиялык, коопсуздук жагынан орду толгус кесепеттерди алып келет деп эсептейт. ГЭСти куруудан кайра тартпай тургандыгын айткан Тажикстан жогорудагыдай дооматтар саясий жүйөдөн улам гана чыгып жатат деген турумду карманып келүүдө.

Тажикстандын Илимдер академиясынын гидроэнергетика жана суу проблемалары боюнча институтунун адиси, энергетика боюнча белгилүү эксперт Георгий Петровдун “Азаттыкка” айтканына караганда, Рогунда буга чейин аткарылган курулуш иштери эң акыркы ирет 170 миллион долларга бааланган. Ал эми долбоор боюнча курулуштун биринчи баскычын бүткөрүүгө 700 миллион, биротоло аягына чыгаруу үчүн 4,5 миллиард доллар талап кылынат. Курулушка акча чогултуу үчүн тажик өкмөтү Рогундун акцияларын элге сата да баштаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG