Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

"Түркияга сойкулукту билип эле келгендер бар"


Иллюстрация
Иллюстрация

Соңку кезде Түркияга иш издеп келип, сексуалдык кулчулукка кабылган кыргыз кыздары тууралуу көп айтылууда.

Өткөн жылдын этегинде Анталияда сабалып, жол жээгинде эс-учун жоготуп жаткан кыргыз кыздын сүрөтү интернетте тараган. Денесин сатып, акча тапкан кыздар Анталия, Стамбул шаарларында арбын.

Өзүн Мека деп тааныштырган 22 жаштагы маектешибиз кантип Түркияга келгенин айтып берди.

- Стамбулга кантип келип калдыңыз?

- Тааныштар Түркияга чакырышты. Жумуш жок, кыйынчылык, өзүңдү бага албайсың. Айла жок келдим.

- Кыздар ким аркылуу келишет?

- Кыргызстанда Түркияга жумушка чакырган адамдар бар. Кыйналып, айласы кеткен кыздар өздөрү эле мындай адамдарды издешет. Иш издеп жатканың тууралуу сөздөр биринен бирине жетип отуруп кыздарды алып кетишет.

Москвадан Анталияга жетелеген азап

Москвадан Анталияга жетелеген азап

Түркиядагы ооруканага оор абалда түшкөн бейтааныш кыргыз кыздын жакындары табылды.

Мен дагы кыйналганыман Түркияга кетем дегем. Ошол жакка барып иштеп көрүүнү чечкем. Ошентип келип калдым. Кыздар өздөрү айткандан кийин андай адамдар тез эле табылып калат. Бишкектен жөнөткөн киши да кыздардын артынан акча алат.

- Анда Бишкектен кыздарды Түркияга жиберген атайын кишилер бар турбайбы?

- Кыздар өздөрү издешет ошондой адамдарды. Мисалы, интимдик кызмат көрсөткөн жерлерге барышат. Анан бири-биринен сураштырып табышат. Кыздар бул жумуштарды өздөрү эле табышат.

- Бишкекте ушуга милициялардын тиешеси бар дешет. Бул чынбы?

- Жок, милициялардын тиешеси жок. Кыздар өздөрү эле келишет. Мурда көчөдө иштеген кыздар ошол жерлерден көп таап кетишет. Мурун Түркияга келип кеткендер айтып беришет. Анан алардын артынан ээрчип келип калгандар көп.

- Алданып келип сойкулукка сатылып кеткен кыздар бар да?

- Бул жакка келгениме бир жыл болду, андай окуяны уккан жокмун. Азыр эч ким кыздарды алдап алып кете албай калды го. Кыздар акылдуу болуп калышкан. Бул жакка өз макулдугу менен эле келишет.

- Орточо канча акча табышат?

- Айына бери дегенде 1000-1500 доллар тапкан кыздар бар.

- Кыргыз кыздарды кантип тандашат?

Анталияда алданган Айсана куткарылды

Анталияда алданган Айсана куткарылды

Түркиянын Анталия шаарында мажбурлап сойкулук менен иштетип жаткан жерден качып чыккан. Ал мындай кырдаалга иш издеп барып, алданып калган.

- Фигурасына карашат. Кыз канчалык сулуу болсо ошончолук акчаны көп көтөрөт. Кыздарды бул жакта сабап, өлтүрүп деле жатышат. Кыздар өздөрүнө тың болбосо кыйналат. Ишенген адамдары - алып келген курбу кыздары, Кыргызстандан жиберген кишинин бул жактагы тааныштары. Ошолорго ишенип эле кыздар иштеп жүрө беришет. Бул жакта он жылдап жүргөн кыргыз кыздар бар. Мисалы, дискотекада иштешет. Ал жакта үч-төрт ай иштегенден кийин түрктөргө турмушка чыгып кеткендер дагы бар.

- Дискотекада ким болуп иштешет?

- Кадимкидей эле дискотекага киришет, күтүп отурушат. Кардарлар келип, ээрчитип кетишет.

- Бишкекте каралашкан бирөөлөрүңүз барбы?

- Мага каралашкан эч ким жок. Туугандарымдын ар кимисинин өз оокаты бар.

- Сиз акча жөнөтөсүзбү?

- Ооба, жөнөтүп турам. Апам бар. Беш бир тууганмын, мен эң улуусумун. Апам иштебейт, үйдө балдар менен отурат. Атам каза болгондон кийин биз кыйналып калдык. Менин Түркияга кеткенимдин себеби дагы ошол болду.

Түрктөрдүн кыргыз кыздарына мамилелери жакшы. Сен сойкусуң деп кордобойт, айыпташпайт. Кыргызстанда деле айлыкты бир аз көтөрүп, шарттар оңолсо барат элек.

"Стамбулга кыздар өздөрү келишет"
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:02 0:00
Түз линк

- Кыргызстанга качан барасыз?

- Эки-үч айдан кийин барып калышым мүмкүн.

Маектешибиз Мекага окшоп Түркияда акча таап жүргөн кыргыз кыздар ондоп саналат. Алар Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашайт. Акыркы күндөрү Түркиянын башка шаарларында да кыргыз кыздары кармалып жатканы маалымдалууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG