Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:40

Ливиялык адаватчылар чабалдыгын көрсөтө баштады


Ливиялык козголоңчулардын аскерий кербенин жаны ракетадан аткыланууда. Бин-Жавад шаарына чукул жер. 29-март, 2011
Ливиялык козголоңчулардын аскерий кербенин жаны ракетадан аткыланууда. Бин-Жавад шаарына чукул жер. 29-март, 2011

Лондондо 29-мартта аяктаган эл аралык конференциянын катышуучулары Ливиядагы кырдаалды стабилдештирүү боюнча байланыш тобун түзүү тууралуу макулдашты.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейгдин билдиришинче, байланыш тобун Катар жетектейт жана чукул арада топтун биринчи жыйыны Катарда өтөт.

Хейг конференциядан кийинки маалымат жыйынында ошондой эле эл аралык коомчулук Ливия элинин асыл мүдөө-максаттарга жетүүсүндө алар менен бирге экенин баса белгиледи:
Ливия боюнча Лондондо өткөн конференциянын катышуучулары. 29-март 2011

- Биздин максатыбыз бир. Биз баарыбыз Ливияны өз жарандарына, региондогу мамлекеттерге жана андан тыш жактарга коркунуч туудурбаган өлкө болуусун каалайбыз. Биз бейпил жана стабилдүү болочокко жетүүдө өз жолун издөөгө умтулган Ливиянын эли менен биргебиз.

Ал эми АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон Лондондогу жыйында Ливиядагы оппозицияга жардамдашуунун жолдору да талкууланганын билдирди:

- Биз тынч жардам берүү жагын талкууладык. Биз убактылуу Улуттук Кеңештин финансылык муктаждыгын жана аны эл аралык коомчулук аркылуу кантип жардамдашуунун жолун да сүйлөштүк.

Лондондогу жыйынга 40тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун, НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Рассмуссен жана дагы башка мартабалуу адамдар катышты.

Соңку маалыматтарга караганда, өкмөттүк күчтөр Муаммар Каддафинин киндик каны тамган Сирте шаарынын чет жагында козголоңчуларга танктардан жана ракетадан сокку уруп артка кайтарган.

Коалициялык күчтөрдүн аба чабуулун пайдаланып, адаватчылар чыгыштагы Бенгази шаарынан батышты көздөй бир кыйла жылган. Рас-Лануф, Брега, Агейла жана Бин-Жаваддагы стратегиялык жактан маанилүү мунай терминалдарын да ээлешкен эле.

Козголоңчулардын жоокери. Бин-Жаваддын жанында. 29-март, 2011
30-мартка карай көтөрүлүшчүлөр Сиртеден 150 чакырым алыстагы Науфалия шаарчасынан чыгыштагы Бан Жавад тарапты көздөй чегингени кабарланды.

28-мартта АКШ Куралдуу күчтөрүнүн директору, вице-адмирал Билл Кортней козголоңчулар жакшы уюшпаганын, Батыш башындагы коалициянын аба чабуулунан пайдаланып гана ийгиликке жеткенин билдирген.

Өкмөттүк аскерлер өлкөнүн үчүнчү чоң шаары, Жер ортолук деңизинин боюндагы Мисрата шаарын алуу үчүн да катуу согушуп жатканы жөнүндө маалыматтар келүүдө.

Соңку маалыматтарга караганда, америкалык аскерий кемелер түндө Ливиянын байтакты Триполинин тегерегиндеги каруу-жарак сакталчу жайларга 22 жолу Tomahawk ракетасынан сокку урган.

Ливиялык эрегишчилердин катарында “ал-Кайиданын” жана шиитердин “Хезболла” радикалдуу тобунун аз сандагы адамдары да согушууда. Бул жөнүндө НАТОнун Европадагы күчтөрүнүн командачысы Жеймс Ставридис 29-мартта АКШ Сенатында билдирди. Адмиралдын айтышынча, чалгындоо маалыматтары экстремисттердин адаватчыларга олуттуу таасир этпегенин, козголоңчулардын жетекчилери жооптуу адамдар экенин көрсөткөн.
АКШнын F15 согуштук учагы үчүн ракета. Италиянын Авиано аба базасы. 25-март, 2011

30-марттан тарта Ливиядагы аскерий операцияны НАТО жетектейт. Буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык, Ливиянын аба мейкиндигин "учууга жабык зона" кылып камсыздоо боюнча эл аралык операцияны АКШ жетектеп жаткан.

АКШ президенти Барак Обама болсо Муаммар Каддафи катуу эл аралык кысымдан улам акыр соңунда бийликтен кетет деген бекем ишенимде. Ал мындай пикирин АКШнын Эн-Би-Си телеканалына курган маегинде айтты. Обама өз сөзүндө Муаммар Каддафинин 42 жылдык жеке бийлигине каршы күрөшкөн адаватчыларга курал-жарактан жардам берүү мүмкүнчүлүгүн четке какпады.

Эл аралык маалымат булактарынын кабарлашынча, Каддафинин бийликтен кетүүсүн талап кылган элдик козголоңдор 20-февралда Триполиде башталгандан бери бир нече миң адам набыт болгон. Жарадар болгондордун саны да миңден көп экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG