Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:11

Абактагы Орусия: IT адиси Алексей Маляревский жети жылга кесилди


Алексей Маляревский. Маскөө. 01.9.2023.
Алексей Маляревский нааразылык пикет маалында. Маскөө. 01.9.2023.

Орусияда В.Путиндин режиминин согушчан саясатына каршы тайманбастан айбат кылган жаш жарандар арбын. Алардын бири – маалымат технология адиси Алексей Маляревский жарандык укугун пайдалангандыгы үчүн 7 жылга абакка кесилди. Бул тууралуу тарыхчынын блогун окуңуздар.

Ар бир коомдун карапайым каармандарынын өрнөктүү иш-аракети ар дайым эсте болууга тийиш. Бул үчүн андай жигердүү жарандардын кыпындай болсо да коом үчүн жасаган салымы жалпы коомдук чөйрөдө чагылдырылып калышы жана ачык талкууланышы абзел.

Айрым орус тилдүү көз карандысыз маалымат каражаттары 29 жаштагы ай-ти (маалымат технологиясы) адисинин тагдырындагы жаңы бурулуш тууралуу дароо көзгө көрүнгөндөй темалар менен чагылдырышты.

Алардын биринде “Программист Орусияга кайтып келип, демөөрчү катары 150 доллар бергендиги үчүн жети жылга эркинен ажыратылды” деген тема коюлган.

Алексей Маляревский Чехиядагы жылуу-жумшак жайдан Орусияга келип, Башмыйзамда кепил кылынган ыктыярдуу жана тынч коомдук иш-аракети үчүн Маскөөнүн чет жакасындагы сот тарабынан адилетсиз жана катаал жазага кабылды.

29 жаштагы жигердүү жаран жана программисттин ишин Долгопрудненский шаардык соту караган. 2024-жылы 4-апрелде бул сот тарабынан Алексей Маляревский “экстремисттик топко катышуу жана экстремизмди каржылоо” иш-аракети боюнча күнөөлүү деп табылды.

Горький атындагы парк. Бишкек. 26.03.2022.
Орусиялык баскынчыларга каршы согушуп жаткан украин элине колдоо көрсөткөн нааразылык жыйыны. Горький атындагы парк. Бишкек. 26.03.2022.

Кыргызстанда путиндик режимдин эгемен Украинага каршы баскынчыл согушуна каршы жеке пикет же ири жыйын уюштурган жана өз нааразылыгын ачык билдирген жарандардын коомдук иш-чаралары катталган учурлар бар. Бул кадыресе көрүнүштөй сезилет.

Ал эми Орусияда баскынчыл согушка каршы үндөө, абактагы саясий туткундарды бошотууну талап кылуу - кылмыштардын оор түрүнө айланган.

Алексей Маляревский 1995-жылы Орусиянын түштүк-батышындагы ири Ростов облусунун борбору Ростов-Дон (орусчасы - Ростов-на-Дону) шаарында туулган. Маскөөдө маалымат технологиясы боюнча адистикке ээ болгон.

Жаш ай-ти адиси андан соң Чехияга келип, дээрлик беш жылдай Прага шаарындагы маалымат технология компаниясында иштеген.

Прагадагы достору менен кесиптештери аны таланттуу жана шайыр жигит катары баалашты. Алексей ар кандай кыйынчылыктарга ар дайым шайыр мамиле кылып, тамаша аркылуу жооткотуп, колунан келген көмөгүн досторуна тартынбай берип турчу, өтө ишенимдүү теңтуш болчу деп бири айтса, башкалары ал өзгөчө олуттуу маселелер боюнча сырын айтпаган түнт эле деп да баа беришти.

Ал эми Прагада Алексейдин теңтуштарынан болгон Татьяна Семашко айым: “Лёша, албетте, согушка каршы болчу, өкмөткө нааразы болчу, бирок эч качан бул маанайын эл алдында ачык туюнтчу эмес... Ооба, ал эр жүрөк кадамга батылдык кылып барды, бирок азыркы кырдаалда, балким, ал терең ойлонбостон ушундай ишке барды окшойт”, – деген пикирин билдирген.

Айтор, Алексей Маляревский 2023-жылы июнда Чехиядан Орусияга өз ыктыяры менен кайтып кеткен. Ага чейин “Revolut” компаниясы аркылуу А.Маляревский болгону 150 АКШ долларын Алексей Навальныйдын коруна демөөрчү катары жөнөткөн.

Ал эми 2023-жылы 1-сентябрда ал Маскөөдөгү Манежная аянтына жалгыз өзү чыгып, “Навальныйга эркиндик, саясий абактагыларга боштондук” деген талап жазылган көрнөктү он мүнөттөй кармап турган.

Жеке пикетин өткөрүп жатканда ал полиция тарабынан кармалып, бирок ички иштер бөлүмүндө протокол түзүлгөн соң, ал дароо эле бошотулган.

Бул пикети тууралуу ал прагалык досторунун интернеттеги талкуусуна оболу азилге чалып, аты уйкаш бирөө жөнүндө сөз болуп жатат ко деп жооп жазган, бирок акыры өзү кармалып, кайра бошотулгандыгын “бул өлкөдө демократия бар да” деп тамашага чалып койгон.

Андан соң демократиясы бар өлкөнүн бийликтери бул жигитти кайрадан камакка алды. 2023-жылы 20-октябрда Маскөөнүн Басман соту аны ашынган (экстремисттик) уюмдун ишмердигине катышкан деген доо боюнча убактылуу абакка жөнөттү.

Айыптоочулар үчүн далил катары А.Маляревский Навальныйдын коруна демөөрчү катары жөнөткөн 150 доллар тууралуу маалымат колдонулду. Айыптоочу Маляревскийди “андан көрө ушул акча каражатын жетим балдарга көмөк кылып жиберсең болмок да” деп жекиргени да кабарланды.

Айтмакчы, 2021-жылы Навальныйдын штабы алгач экстремисттик уюм деп табылган, андан кийин анын “Коррупцияга каршы күрөшүү фонду” да ушундай жаманаттыга кабылган болчу.

Маскөө облусундагы Долгопрудный соту 2024-жылы 4-апрелдеги өкүмү менен А.Маляревскийди жалпы тартиптеги жети жылдык абактык мөөнөткө кести.

Ага 150 доллар демөөрчүлүк көмөгүнөн тышкары баракчаларды коомдук жайларга жабыштырган деген да кине коюлду. Жети жылдык абак мөөнөтү аяктаган соң, Маляревский коомдук жапырт иш-чараларга катыша албайт, кечкисин үйдөн чыга албайт жана өз дарегин алмаштырууга акысы жок. Соттун кошумча жазасы ушундай болду.

Ошентип, 29 жаштагы жигердүү жаран саясий абакка түштү.

Абактагы Орусия жарандары тууралуу кийин да сөз учугу улантылмакчы. Маркум А.Навальныйды түз же кыйыр колдогондугу үчүн абакка түшкөн башка да орусиялык жарандар бар. Ал эми Украинага каршы баскынчыл согушка каршы пикирин билдиргени үчүн жазага кабылгандар мындан да арбын.

Биздин жеке пикирибизде, Алексей Маляревский айтылуу түрк акыны Назым Хикметтин “Эгерде мен күйбөсөм, эгерде сен күйбөсөң, анда караңгыны жарык кылып ким күйөт?!.” деген жалындуу ыр саптарына татыктуу кадамга көкүрөгүндөгү оттун деми менен барды.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG