Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Нурбеков - Эгемендиктин туңгуч жарчысы


Укук илимдери боюнча туңгуч кыргыз доктору, профессор Кубанычбек Нурбековдун айыл мектебиндеги музейинде. Кум-Арык айылы, Талас району. Махабат Сабатарова тарткан сүрөт. 16.4.2022.
Укук илимдери боюнча туңгуч кыргыз доктору, профессор Кубанычбек Нурбековдун айыл мектебиндеги музейинде. Кум-Арык айылы, Талас району. Махабат Сабатарова тарткан сүрөт. 16.4.2022.

Мурдагы Кыргыз ССРи Советтер Биримдигинен чыгып кетүүгө толук укуктуу деген илимий тыянагы үчүн куугунтукка кабылган укукчу окумуштуу Кубанычбек Нурбеков быйыл тирүү болсо 95 жаштын чайын ичмек. Анын мааракеси быйыл Ала-Тоодо белгиленүүдө. Тарыхчынын блогу.

Кыргызстандын СССРден чыгуу укугун илимий тастыктаган жана кыргыздардын ичинен чыккан укук илимдеринин туңгуч доктору болгон профессор Кубанычбек Нурбековдун 95 жылдык мааракесине арналган “Кубанычбек Нурбеков – эгемендиктин жарчысы” аттуу илимий-тажрыйбалык жыйын жана маркумду эскерүү чаралары быйыл 14-декабрда Талас облусундагы Талас мамлекеттик университетинде жана өзүнүн туулуп-өскөн Кум-Арык айылында өткөрүлүүдө.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен жашташ жана бир дубандан болгон бул чыгаан окумуштуу тууралуу акыйкат сөздү Кыргызстандын калайыгы СССР кулагандан кийинки эгемендик доорунда гана уга алды десек жаңылышпастырбыз.

Турусбек, Кубанычбек Нурбековдор, ортодо апасы Алиман. 1959-ж.
Турусбек, Кубанычбек Нурбековдор, ортодо апасы Алиман. 1959-жылы Кубанычбек Нурбеков кандидаттык диссертациясын жактагандан кийин. Нурбековдордун үй-бүлөлүк архиви.

Кубанычбек Нурбековдун кичи мекени жана теги

Кубанычбек Нурбеков – айтылуу Талас өрөөнүндө туулуп-өскөн. Ал 1928-жылы 26-апрелде Кыргызстандын (ал кездеги РСФСРдин курамындагы Кыргыз АССРинин) Талас кантонундагы Иоганнесдорф кыштагына жакыныраак (азыркы Талас облусундагы Талас районунун Бердике баатыр айыл аймагына караштуу) чакан Кум-Арык айылында жарык дүйнөгө келген.

Кийин алар Иоганнесдорф кыштагына көчүп келишет, бирок бул немисче Иоганнесдорф деген аталыштагы кыштак дагы берки айылды камтып, 2001-жылдан тартып жалпысынан Кум-Арык деп аталып калган.

Кубанычбектин атасы, кыргыздын саруу уруусунан чыккан Нурбек Кедейбай уулу орусиялык падышалык оторчулук доорунда жергиликтүү бий (сот) болгон. Бирок мурдагы эзүүчү делген таптардын урпактарына каршы совет доорунда жүзөгө ашырылган большевиктик кысымдан чочулап, Кубанычбек өз ата-тегин «дыйкан болгон» деп бурмалап маалымдаган. Кубанычбектин энеси – Алиман Өмүраалы кызы.

Нурбек Кедейбай уулу менен Алиман 11 чүрпөлүү болгон жана Кубанычбек алардын тогузунчу баласы эле.

Кубанычбек Нурбеков 1936–1942-жж. Талас районунун жети жылдык «Кеңеш» мектебинде (азыркы тапта Талас районундагы Кеңеш айылындагы Гүлай Осмоналиева атындагы орто мектеп) окуган. 7-классты аяктаган соң ал ушул эле мектептин башталгыч классынын мугалими болуп калтырылган. Мектеп окутуучулары жетишсиз учурда бул – табигый көрүнүш болчу. Ал «Кеңеш» мектебинде 1945-жылга чейин эмгектенген.

Бала-Саруу айылындагы мугалимдиги

1945-жылдын октябрь айында Талас облусунун элге билим берүү бөлүмү К.Нурбековду Покровка районуна караштуу жети жылдык мектепке окуу бөлүмүнүн башчысы кылып жөнөткөн.

К.Нурбеков тууралуу айрым биографиялык макалаларда (маселен, профессор С.К.Косаков, А.Л.Тузов ж.б. жазган макалаларда) бул мектеп Бала-Кара жети жылдык мектеби («Бала-Каринская семилетняя школа») деп жаңылыш жазылып келди.

2022-жылы июлда гана К.Нурбеков бир окуу жылы иштеген мектеп – Бала-Саруу жети жылдык мектеби болгондугун шакирттерибиз Махабат Жунусова жана Моймол Жусупова менен чогуу тастыктадык.

Бизге сунуштаган далилдердин айрымдары – К.Нурбековдун агасы Нарматтын уулдары Садырбай жана Чолпонбай Нурбековдорго таандык. Астейдил көмөгү үчүн биз аларга терең ыраазычылык билдиребиз.

Садырбай Нурбеков сары майдай сактап жүргөн үй-бүлөлүк архивде К.Нурбеков менен Бала-Саруу кыштагындагы жети жылдык орто мектепте чогуу бир аз убакыт иштеп, кийин үзөңгүлөш досторунан болуп калган орус тили мугалими Кубанычбек Батырбековдун өз досуна жазган ыры да тастыктап турат.

Эми Кубанычбек Батырбеков (10.5.1921 –– 05.4.2007) аксакал тууралуу толугураак айта кетсек, ал элүү жыл мугалимдик кесипти аркалаган мээнеткеч педагог болгон. Өзү Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Манас районундагы Бала-Саруу айылынан болот. Орус тилинен да, кыргыз тилинен да сабак берген.

1938-жылы ал Талас облусунун Киров районуна караштуу Тельман мектебинде (азыркы Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылдык орто мектебинде) болочокку Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевге орус тилинен сабак берген (бул тууралуу К.Батырбековдун кийинчерээк баатыр окуучусуна арнап жазган ыры да бар).

Кубанычбек Батырбеков өзү да Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон. Кызыл аскерге 1941-жылы апрелде чакырылып, кийин Биринчи Беларусь фронтунда миномёт аткыч болуп, Венгрия, Австрия сыяктуу өлкөлөрдү нацисттерден бошотууга катышкан. Ал аскерден 1945-жылы июнда туулуп-өскөн жерине кайткан. Согуштан кайткан соң, Бала-Саруу айылында жашап, иштеген.

Ошентип, болочокку укук адиси К.Нурбеков Талас өрөөнүнүн түндүк-батышындагы Покровка районундагы (азыркы Манас районундагы) Бала-Саруу деген жети жылдык мектепте 1946-жылдын июнь айына чейин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

1946-жылы күзүндө К.Нурбеков Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 орто мектепке келип, окуусун андан ары улантат.

Ташкенде таалим алышы

1947-жылы (19 жашында) орто мектепти аяктаган соң, Өзбекстандын борборундагы Ташкент мамлекеттик юридикалык институтуна окууга өтүп, аны 1951-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Айтмакчы, 1937-жылдан бери өз алдынча болгон бул институт 1955-жылы Борбордук Азия мамлекеттик университетинин (САГУ) – юридика факультетине айланган. Кийинчерээк ал ТашМУнун юридика факультети болуп келип, 1991-жылы өз алдынча институт катары кайра уюшулган. 2013-жылдан тартып ал Ташкент мамлекеттик юридика университетине айланган.

Демек, К.Нурбеков Борбордук Азия чөлкөмүндөгү эң кадыр-барктуу укук институтунда таалим алган.

Ташкенттеги студенттик турмуш аны өз эне тилин сүйүүгө, өз жумуриятынын эгемендик укуктарын кастарлай билүүгө түрткү болгондугу шексиз, анткени Өзбекстанда жергиликтүү калктын жана бийликтердин эне тилге жана жумурияттык эгемендик өңүттөрүнө карата мамилеси Кыргызстандагыдан кыйла жогору болчу.

Кыргызстандын борборунда

К.Нурбеков укукчу адис катары эмгек жолун 1951-жылы Кыргыз ССРинин Юстиция (Адилет) министрлигинде Соттук органдардын башкармалыгынын ага кеңешчиси кызматында стажёр болуп баштаган. Ошол эле жылы ал Фрунзедеги юридика мектебинин тышкы бөлүмүнө кеңешчи-усулчу болуп которулган.

1952-жылы ал аталган укук мектебинин директорунун орун басары болуп дайындалган.

1954-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУда) Советтик укук кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучу кызматтарын аркалаган. 1960-жылы ушул эле кафедранын башчысы болуп шайланган.

Укук илимдеринин доктору К.Нурбеков.
Укук илимдеринин доктору, профессор К.Нурбеков.

Илимпоздун диссертациялык эмгектери

1958-жылы 26-декабрда К.Нурбеков Москва шаарында СССРдин илимдер академиясынын Укук институтунун диссертациялык кеңешинде "Кыргыз АССРнин Кыргыз ССРи болуп түзүлүшү" деген темада кандидаттык диссертациясын жогорку деңгээлде жактап, укук илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган.

Он жыл ичинде ал өзүнүн докторлук диссертациясын жазып бүткөн.

Ал 1968-жылы июлда Казакстандын борбору Алма-Ата (азыркы Алматы) шаарында “Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшү жана өнүгүшү” («Становление и развитие кыргызской национальной государственности») деген темада укук илимдери боюнча докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактап, 40 жашында укук илимдеринин доктору окумуштуулук даражасына ээ болот.

Ошентип, ал кыргыз улутундагы укукчу адистердин ичинен укук илимдери боюнча доктордук диссертация жактаган алгачкы илимпоз болуп калган.

1970-жылы ага профессор наамы ыйгарылган.

Эгемендик идеясынын үрөнүн чачуу

Эми профессор Кубанычбек Нурбековдун расмий коммунисттик жетекчиликтин кыжырын кайнаткан илимий тыянактарын карасак, алардын бардыгы... СССРдин Башмыйзамындагы жоболорго түздөн-түз негизделген эле!

Тактап айтсак, К.Нурбеков “В.И.Ленин жана улуттардын саясий жактан өз тагдырын өзү чечүү укугу” деген темада олуттуу макала жарыялайт.

Ал макалада мындайча сөздөр да камтылган: “Кыргыз ССРи өз аймагына карата артыкчылыктуу укугун жүзөгө ашырат. Улут өз аймагына эгемендүү жана тең укукта ээлик кылат.

Кыргыз ССРинин аймагы, бул жумурияттын керектүү заттык базасы – кол тийгис жана кыргыз элинин өзүнүн макулдугусуз өзгөртүлбөйт.

Анын аймагынын чек арасын калайыктын эркине каршы күч колдонуп өзгөртүүнүн ар кандай түрү улуттун өз тагдырын өзү аныктоо принцибин буза турган баскынчылык аракет катары каралат.

Кыргыз эли – өзүнүн мамлекеттик аймагынын толук ээси”.

Дегиңкиси, Кубанычбек Нурбеков ар улуттун өз тагдырын өзү чечүүсү жаатындагы лениндик идеяны гана чечмелеп берген!

Профессор К.Нурбеков далай жергиликтүү коммунист төбөлдөрдүн төбө чачын тик тургузган бул макаласында керек болсо Кыргызстан өз эрки менен СССРден чыгып кете алат деген идеяга түртө турган конституциялык жобого басым жасап:

“Өз тагдырын өзү чечүү укугу – бул ар бир элдин (улуттун) өз коомдук-экономикалык түзүлүшүнүн түрүн жана саясий макамын өз алдынча, эркин түрдө аныктоо, керек болсо бөлүнүп алып, өз алдынча улуттук мамлекетти негиздөөгө чейин аныктоо укугу”, – деп баса белгилеген.

Саясий куугунтук кезеңи

СССРдин Конституциясында белгиленген, демек, аксиома сыяктуу эле кабыл алынышы керек болгон бул жоболор камтылган эмгеги үчүн укукчу профессор Кубанычбек Нурбеков Кыргызстанда “диссидент” катары саясий куугунтукка кабылды.

Аны оболу КПССтин катарынан чыгарышып, кызматынан алышты.

Анан ал чындыкты талап кылып, Маскөөгө чейин барып, КПСС БКнын Саясий бюросунун эски мүчөсү болгон Арвид Пельшеге (1899–1983) жолуккан.

Латвиялык саясатчы жана тарыхчы катары да таанымал А.Пельше К.Нурбековду колдоого алып, Кыргызстандын коммунисттик бийликтеринен профессор К.Нурбековго жумушун жана партиялык билетин кайтаруусун талап кылган.

Бирок К.Нурбековго КПССтин мүчөлүк белети кайтарылганына карабастан, ал куугунтукта кала берген жана эң төмөнкү кызматка – Кыргызстан илимдер академиясынын Философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер орунуна гана орношо алган...

Бир аз убактан кийин гана анын кызматтык орду көтөрүлгөн.

Илимпоздун жесиринин баалуу маалыматы

К.Нурбековдун жесири Лариса Григорьевна (Жылдыз апа, паспорттогу ысымы – Полярина Григорьевна Нурбекова) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Башкы жыйын залында 2021-жылы 11-июнда өткөрүлгөн профессор К.Нурбековду эскерүү кечесинде өз күйөөсүн куугунтуктоо маалында аны «улутчул» катары байма-бай каралаган макалалар жарыялангандыгын, моралдык кысым күч болгондугун, бирок күйөөсүнүн эрки эч майтарылбагандыгын эскерип айткандыгы азыр да жадымда турат.

Айтмакчы, сталиндик доордо Ыраакы Чыгыштан Борбордук Азияга жазыксыз жерден депортацияланган корейлердин кызы болгон Лариса Григорьевна кайнатасы Нурбек ата өзүнө: “Жылдыздуу экенсиң, атың Жылдыз болсун!” – деп кыргызча ат койгонун, кайын атасы менен кайын энеси өтө жакшы кабыл алгандыгын, өзү болсо жарым жылдын ичинде кыргыз тилин үйрөнгөндүгүн да эскерте кетти.

Тасма. Кубанычбек Нурбековдун жесири Полярина (Лариса) Григорьевна Нурбекова (Жылдыз апа). 11.06.2021.

Азыркы учурга чейин К.Нурбековдун туугандары Лариса Григорьевнага “Жылдыз жеңе” жана “Жылдыз апа” деп кайрылышат.

Бийликтер тарабынан жөндөн-жөн жерден «диссидент» жарыяланган окумуштуу Кубанычбек Нурбеков 1985-жылы 29-декабрда 57 гана жашында дүйнөдөн кайтты.

К.Нурбековдун бейити. Кум-Арык айылы, Талас өрөөнү.
К.Нурбековдун бейити. Кум-Арык айылы, Талас өрөөнү.

Бирок анын эмгегинин мааниси – “Кыргызстан да СССРден эгемен өлкө боло алат” деген илимий жобо болчу. Дал ушул ой СССРдеги “Кайра куруулар доорунун” соңунда жүзөгө ашырылат деген нерсе окумуштуунун дүйнөдөн эрте өтүшүнө шыкакчы болгон Турдакун Усубалиев сыяктуу коммунист төбөлдөрдүн эч биринин түшүнө кирбесе керек.

Айтмакчы, Кыргызстан Компартиясынын Биринчи катчысы Т.Усубалиевдин профессор К.Нурбековдон өз пикири туура эмес болуп калганын ачык жазуу талабын окумуштуу чечкиндүү четке каккан. Мунун өзү профессор К.Нурбековдун чын эле өз доорундагы эгеменчил жана диссидент коомдук ишмерге айлангандыгын айгинелеп турат.

Эгемендик доор жана К.Нурбековдун элеси

Улуттук тарыхыбызды совет доорунда КПССтин цензурасына ылайык бир беткей гана окутуп келишчү, ошондуктан “Кыргызстан СССРдин курамынан чыга алат!” деп укуктук жактан негиздеп, илимий эмгек жазган юрист-окумуштуу Кубанычбек Нурбеков тууралуу кеңири маалыматты СССР кулагандан кийин гана таасын үйрөнгөнүбүздү СССР маалында таалим алууга үлгүргөн улуу муундагы тарыхчылар бүгүнкү күнү моюнга алышыбыз керек.

Байыркы кыргыз тарыхын, Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы тууралуу маалыматтарды астейдил үйрөнүүдө, эгемен Кыргыз мамлекети тууралуу «Манас» эпосунун жана башка баатырдык эпостордун мазмунун жайылтууда, 1855––76-жылдардын ортосундагы, 1898-жылдагы жана 1916-жылдагы падышалык оторчуларга каршы куралдуу күрөштөрдүн окуяларын, “Алаш ордо” уюмун, Түркстан автономиясын колдоого алган кыргыз айдыңдарынын ишмердигин, эгеменчил басмачылардын кыймылын изилдөөдө да азыркы тарых үйрөнүүчүлөр ташка тамга баскандай идеяга – эгемендик идеясына туш келишет.

Тасма. "Эсимде" долбоору. Кыргыз диссиденттери. 02.5.2023.

Укук профессору Кубанычбек Нурбековдун дүйнө салгандыгынан 5 жыл өтүп-өтпөстөн, анын эмгектеринин негизги идеясы 1990-жылдын декабрынан тартып демократиячыл жана эгеменчил мекендештери тарабынан Кыргызстанда жүзөгө ашырыла баштаган.

Дал ушул символдуу окуяны болочокку урпактардын эсине улам салып, Кыргызстанга эгемендик идеясы асмандан түшпөгөндүгүн, дал ушул идеяны айтып чыккан жана анысы үчүн куугунтукка алынып, дүйнөдөн эрте кайткан каарман илимпоз бабабыз – Кубанычбек Нурбековдун айдыңдык салымы жөнүндө ар дайым саймедирлеп айта жүрүшүбүз зарыл.

1991-жылдын 31-августунда, Борбордук Азиядагы советтик жумурияттардын ичинен биринчи болуп Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жумурияттын СССРдеги конституциялык укуктарына таянуу менен (демек, маркум профессор Кубанычбек Нурбеков баса белгилеген конституциялык мүмкүнчүлүккө таянуу менен) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз каранды эместиги тууралуу декларацияны салтанаттуу жарыялады.

Идеялар, анын ичинде өзгөчө алганда, эгемендик идеялары, жөнү жок эле калайыкта жашай бербейт.

Бул идеялар өз колдоочулары жана удулу келгенде жүзөгө ашыргандар бар болгондугу үчүн жашайт.

Кыргызстандын уламышта калган Жогорку Кеңеши тынч жол менен мамлекеттик көз каранды эместикти калыбына келтирүүдө 1990-жылдын ноябрынан 1991-жылдын 31-августуна чейинки убакта опол тоодой салым кошту.

Парламенттин бул кадамдары ага чейинки эгеменчил күчтөрдүн ырааттуу күрөшүнүн мыйзам ченемдүү уландысы болду. Албетте, Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыкка жетишине жалпы СССРдеги (Балтика боюндагы, Украинадагы, Беларустагы, Түштүк Кавказдагы жана башка бир катар жумурияттардагы) советтик авторитардык башкаруу борборунан – Кремлден обочолонуу жана биротоло СССРден бөлүнүү жүрүмүнүн да өзгөчө таасири жана колдоосу болду.

Маркум Кубанычбек Нурбековдун илимий эмгекке шөкөттөлүп камтылган эгеменчил осуяты, КДКчылардын жана башка эгеменчил күчтөрдүн тилеги 1991-жылдын августунун соңунда – декабрынын акыркы ондугунда толугу менен жүзөгө ашырылды.

1991-жылдын декабрынын соңунан тартып Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместигин дүйнө өлкөлөрү тааный баштап, 1992-жылы бул жаш эгемен мамлекет Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп калды.

“Кубанычбек Нурбеков – эгемендик жарчысы” аттуу китептин мукабасы.
Профессор К.Нурбеков тууралуу жаңы жарык көргөн “Кубанычбек Нурбеков – эгемендик жарчысы” аттуу китептин мукабасы. 12.12.2023.

Нурбеков таануу жаатында саамалык

Талас мамлекеттик университетиндеги нурбеков таануу жаатындагы илимий жыйындын алкагында “Турар” басмасынан жаңы жарык көргөн китептин да бет ачары өткөрүлүүдө.

Караңыз: Кубанычбек Нурбеков – эгемендик жарчысы: Илимий жана жамаагаттык макалалар жыйнагы / Түзүүчү Махабат Жунусова; Жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. — Б.: «Турар», 2022. — 188 б. + 8 б. түстүү тиркеме. — «Кыргыз тарых коому» ЭКБсы. «Мурас» фонду. «Тарых жана мурас» түрмөгү. – ISBN 978-9967-35-118-9.

Лариса Григорьевна Нурбекова менен Махабат Жунусова.
Лариса Григорьевна (Жылдыз апа) Нурбекова менен Махабат Жунусова. Бишкек шаары. 01.4.2019.

Шакиртибиз, жаш тарыхчы Махабат Марат кызы Жунусова түзгөн бул чакан жыйнак чыгаан окумуштуу, укук адиси, профессор Кубанычбек Нурбеков тууралуу маалыматты калайыктын кеңири катмарына кеңири жайылтуу максатын көздөйт.

Аны жарыялоого өлкөнүн ар башка аймактарынан (анын ичинен Талас өрөөнүнөн да) бир катар карапайым жарандар салым кошту. Алгачкылардан болуп коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева айым бул демилгеге үн кошту. Чет өлкөлүк айрым улутташтарыбыз да четте калышкан жок. “Турар” басмасынын жетекчиси Улан Мураталиев да кайрымдуулук кылгандыгын ыраазычылык менен айта кетели.

К.Байтиковдун “Талас байрагы” гезитиндеги К.Нурбеков тууралуу макаласы. 11.12.2023.
Талас облустук “Талас байрагы” гезитинин 10-бетинде профессор Кубанычбек Нурбеков тууралуу Каныбек Байтиковдун макаласы жарык көрдү. 11.12.2023.

Эгеменчил инсан унутулбайт

Эгемендик пайдубалын чыңдоо – тарыхтагы эгеменчил инсандарды ырааттуу эскерип туруу менен түздөн-түз байланыштуу.

Болочокто өлкөбүздө нурбеков таануу багытында дагы далай эмгектер жарык көрөөрүндө, көркөм чыгармалар, көркөм фильмдер, драмалар жаралаарында эч шегибиз жок.

Профессор Кубанычбек Нурбеков XX кылымдагы демократиячыл, эгеменчил айдыңдардын ар-намысы катары ар дайым жүрөгүбүздө сакталып кала бермекчи.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG