Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:14

Саймаитинин өлүмүнүн сырдуу түйүнү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын көп нускалуу "Сабах" гезити Стамбулда киши колдуу болгон Айеркен Саймаитини аткан кишилердин "Тахрир аш-Шам" террордук уюмуна мүчө экени суракта айтылганын жазып чыкты. Ишкердин көзүн тазалоого 100 миң доллар убадаланган. Саймаитинин аялы болсо күйөөсү кимдер тарабынан өлтүрүлүшү мүмкүн экенин тергөөгө айтып берген.

2019-жылы Стамбулдун Фатих районунда киши колдуу болгон уйгур ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү делген 7 кишинин ишин ушул тапта сот карап жатат.

Басылма киши өлтүрүүгө шектүүлөр, дипломатиялык номер тагылган авто унаа, террордук уюм жана уйгур ишкер тууралуу жазып, алардын ортосундагы байланыштардын тек-жайын баяндаган.

"Сабах" гезитинин 21-марттагы макаласында айтылган маалыматка караганда тергөө маалында кылмышка шектүү делип жаткан Абдулла Энвердин Сириядагы "Тахрир аш-Шам" террордук уюмуна мүчө экендиги аныкталган.

Түркиядагы "Сабах" гезитинен скриншот
Түркиядагы "Сабах" гезитинен скриншот

Суракта Абдулла Энвер Саймаитинин көзүн тазалоонун мотивин, ага ким буйрук бергенин жана ал иши үчүн канча миң доллар убадаланганын да айтып берген.

"Окуядан 45 күн мурда Идлибде отурганда уюмдун лидери Адам мени эшикке чакырды. "Стамбулга барасың, Хусейин менен жолугасың" деди. Ал ошондой эле мага жок кылына турган кишинин сүрөтүн, минип жүргөн авто унаасынын мамлекеттик номерин жана үйүнүн дарегин айтты. Жол киреге 1500 доллар берди. Аны өлтүргөндөн кийин ал Хусейинге 50 миң доллар, мага 50 миң доллар, жалпысынан 100 миң доллар бермек. Эмне себептен аны өлтүрөм десем, ал "кыргын салган каапыр", деп айтты", - деген тергөөгө Абдулла Эмир.

Ал Түркияга Өзбекстандын паспортунун жардамы менен Молдова аркылуу кирген.

Бирок, тергөө Саймаитиге буйрук берүүнүн чыныгы мотивин жана анын башкы себептерин андан ары терендеп иликтегени же иликтебегени белгисиз. Бул тууралуу маалыматтарды "Сабах" берген эмес.

Себеп-жайына келе турган болсок Саймаити көзү тирүүсүндө аны өлтүрүүгө аткезчилик жол менен табылган акчасын ал аркылуу чет мамлекеттерге чыгарып кеткен таасирлүү адамдар кызыкдар болуп жатканын айткан эле.

Анан калса Саймаити өлтүрүлгөндөн мурдараак анын Кыргызстандагы мыйзамсыз жол менен табылган акчаларды четке ташууга тиешеси бар эки өнөктөшү катары менен киши колдуу болушкан. "Азаттыкка" берген интервьюсу маалында Айеркен Саймаити бул окуяларда чоң сырдын түйүнү бардыгын айткан эле.

Стамбулдун прокуратурасы айыпталуучуларга "куралдуу террорчу уюмга мүчө болуу", "конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылуу", "атайылап киши өлтүрүү" беренелери менен айып тагып, аларды өмүр бою эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн.

Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалган 7 кишинин иши Стамбулдагы Жогорку кылмыш сотунда каралып жатат.

Ошондой эле "Сабах" басылмасы Саймаитинин аялы Вуфули Бумаилиамунун тергөөгө берген көрсөтмөсүн жарыялады. Ал анда күйөөсү киши колдуу болоордон мурда аны коркутуп жатышканын, эгер аны өлтүрүп кетише турган болсо тергөөгө кимдер менен мамиле түзүп келгенин ачык айтып беришин эскерткенин жазган.

Вуфули өз көрсөтмөсүндө буга чейин «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр аркылуу коомго белгилүү болгон адамдардын аттарын атаган:

"Убагында Кыргызстандын бажы министри болгон адам - мен анын атын "Рахим" деп билем, аны менен катар, Түркиянын жараны Абибулла Абдулкадар Пехливан, ошолор менен акча которууларды жасаганы маалым. Менин күйөөм бул адамдардын акчасын Англияга, Германияга, Дубайга жана Америкага которуп келген. Менин күйөөм бул адамдар менен соодага байланышкан көйгөйлөргө туш болгон. Алар менин күйөөмдөн жок жерден эле акча доолай башташты. Окуядан болжол менен 3-4 ай мурда күйөөм ушул коркутуулардан тажагандан кийин бир телеканалга маек курду. Маектин мазмунунда күйөөм Кыргызстандан акча кандай максатта, кантип жана кайда которулгандыгын билээрин жана расмий документтери бардыгын, мындан ары коркутуу токтобосо аларды Кыргызстандын телеканалдарына берээрин айткан", - деп берген өз көрсөтмөсүн Вуфули.

Чуулгандуу дипломатиялык номер

Ал эми Саймаити киши колдуу болгонго чейин айдап жүргөн машинага Кыргыз Республикасынын Түркиядагы консулдугуна таандык «34 CC 2902» дипломатиялык номерин тагып жүргөнү аныкталган.

Саймаити жан таслим болгондон кийинки териштирүүлөр учурунда Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков менен Айеркен Саймаити жакшы мамиледе болгону аныкталган. Кийин Сопоков кызматтан алынып, камакта сурак берген.

Стамбулдун Башкы прокуратурасы Саймаити айдап жүргөн авто унаа Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугуна таандык экендигин билдирген. Мындан улам "Сабах" гезити киши өлтүрүүнүн себептери тууралуу өз версиясын ортого салат:

"Тергөөнүн жүрүшүндө алгач куралдуу кол салуу аласа-береседен улам жасалган болушу ыктымал, деген версия каралган. Бирок, Саймаити Кыргызстанга таандык дипломатиялык номер тагылган машиненин жанында атылгандыктан, бул окуя "трансулуттук жаңжалбы" деген суроо да туулду", -деп жазат басылма.

Сопоков кызматтан алынгандан кийин Бишкекке чакырылган. Ага "Консулдукка таандык дипломатиялык номерлуу машинаны экинчи тарапка мыйзамсыз берген", "мыйзамсыз жол менен акча тапкан" жана "жубайы Стамбулда жашабаганына карабай бюджеттен 30% төлөмдү, медициналык жана башка чыгымдарга деп 31 миң доллардан ашык каражатты бюджеттен мыйзамсыз алып келген" деген айыптар тагылган.

Бул каргашалуу окуядан кийин чуулгандуу ал жол тандабас Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун короосунда көпкө чейин токтоп турган. Ишенимдүү булактар аркылуу тактасак азыркы учурда "Range Rover" шаардагы унаа токтоткон жайлардын биринде жараксыз абалда турат.

Саймаитинин акча ташыгычтары

Саймаитинин ысымы алгач «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзуп 2019-жылдын 21-ноябрында жарыялаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана ошол эле жылдын 4-декабрында жарыкка чыгарган «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрүндө аталган.

Ал журналисттик материалдарда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чет мамлекеттерге чыгарылып кетип тургандыгы тууралуу кеп болгон.

Иликтөөлөрдө акча ташып иштеген курьерлер менен мамлекеттик кызматкерлердин көмүсө схемалары аныкталып, коомчулуктун кеңири катмарына белгилүү болгон.

Журналисттердин ал материалдарында көп жылдар бою Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупциялык иштерден улам табылган акчаларды ташыгандардын түйүнүн тымызын иштетип келген Айеркен Саймаити, 2019-жылдын 23-октябрында сөөгү «Манас» аба майданынын жанынан табылган таксист Хусан Керимов (анын жанынан 10 миң доллар акча табылган) жана ошол эле октябрдын ортосунда - андан бир жума мурда сөөгү Нарын облусунда көмүлгөн жерден табылган «Мадина» базарынын соодагери Хуфур Абдурахеман тууралуу да сөз болот.

Ал эми Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов 2019-жылы октябрда киши колдуу болгон уйгур улутундагы эки адамдын Стамбулда өлтүрүлгөн Саймаити менен байланышы болгон, деген версияны четке какпай тургандыгын айткан.

“Байланышы барбы же жокпу, аны четке какпайбыз. Бүгүнкү күндө бул - биздин версияларыбыздын бири”, - деген эле Асанов.

Уйгур соодагер Хуфур Абдурахемандин өлүмүнө байланыштуу иш тергелип бүтүп, былтыр сотко өткөрүлгөн. Ал эми таксист Хусан Керимовдун өлүмүнө шектүү делип 2 киши кармалып, кылмыш иши козголгону кабарланган.

Бирок, ошого карабай Кыргызстандагы жана Түркиядагы жүрүп жаткан тергөө иштеринде Саймаитинин, Керимовдун жана Хуфурдун өлүмүнүн түйүнүнүн себептери бир чынжырчада каралып, толук жана ар тараптуу иликтенбей жатканы тууралуу коомчулукта сөз болуп келатат.

Адис-криминалисттер эгерде бул үчөөнүн өлүмүнүн себептери бири-бири менен байланыштырылып, чогуу иликтенсе өлкөдөн ташып чыгарылган миллиондогон каражаттардын түйүнүнүнө байланышкан коррупциялык схемалардын али эч кимге белгисиз сырдуу өңүттөрү ачылат беле, деген ойлорун ортого салышкан болчу.

Депутаттык комиссия

Кыргызстандан миллиондогон долларды чыгарып кетүүгө аралашкан Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу жагдайларды териштирүү үчүн 2019-жылдын ноябрында Талант Мамытов жетектеген депутаттык комиссия түзүлүп, ал ишин былтыр июнда жыйынтыктаган.

Бирок, анын чыгарган корутундусуна Саймаити менен байланышы бардыгы белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун ысымы аталган эмес.

Азыр Баткен облусун жетектеп турган Өмүрбек Суваналиев былтыр парламенттик шайлоо алдында "Азаттыкка" берген интервьюсунда Матраимовдун мүлкү жана анын акчасын адалдаган Саймаитинин сырдуу өлүмү тууралуу 2019-жылы чыккан эки иликтөөдө так фактылар келтирилгенин айткан болчу:

«Эми «Раим миллион» боюнча «Азаттык» чыгарган материалдар чын. Аны баары билет. Жогорку Кеңешке алып чыгышканда куйтуланып Саймаитиге буруп атышпайбы. Саймаити деген Түркияда өлтүрүлгөн. Комиссия эмне үчүн Түркия боюнча айтып жатат? Силер «Азаттыктын» айтканы боюнча териштиргиле. Ошол жерде аткезчиликтин мисалдарын келтиришти, ошону текшерүүнү күчөткүлө. Анан эле өз күнөөсүн бирөөгө ыргытпаш керек да. Бул мезгил да өтөт, убакыт келгенде бул да көтөрүлөт, текшерилет», -деген эле Суваналиев.

Ал эми Матраимовдун үй-бүлөсүнүн адвокаты Канатбек Азиз парламенттик комиссиянын отурумунда Матраимов менен Саймаитинин ортосунда каржылык, же бир башка байланыштар болбогонун айткан болчу. Кийин Канатбек Азиз Матраимовдор уюштуруп, каржылаган "Мекеним Кыргызстан" партиясы аркылуу 2020-жылдын октябрында парламенттик шайлоого катышты.

Матраимовго тагылган айып

Райымбек Матраимов быйыл 20-февралда 2 айга камалган. Кийинчерээк ал ден соолугу начарлады деген жүйөө менен Бишкектеги «Бикард» жеке менчик ооруканага жатканы маалым болгон.

Экс-бажычы 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу жаңы айып тагылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 11-февралда Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төктү делген. Ал каражаттардын бир бөлүгү батирлер аркылуу кайтарылган.

Матраимовго чыккан соттун чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган иш-чара өткөн. 28-февралда болсо Матраимовдор Ош шаарында "Азаттыктын" жана ошондой эле бейөкмөт уюмдардын жабылышын талап кылган митинг уюштурушту.

УКМК 15-февралда эгерде Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрү бар экени аныкталса, тергөө иштери улантыла тургандыгын маалымдаган.

АКШнын Каржы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо (2019-жылдын 21-ноябры)
Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:12 0:00
Көмүскө акча ташыгандар кербени (2019-жылдын 4-декабры)
Көмүскө акча ташыгандар кербени
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:27 0:00

Тектеш

XS
SM
MD
LG