Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

"Рахманкул - Памирдин акыркы ханы"


Профессор Реми Дор жазган Рахманкул хандын өмүр баяны жакында Парижде басылып чыкты.

«Рахманкул - Памирдин акыркы ханы» деген аталыштагы (французча Rahman koul ultime khan du toit du monde) китеп Париждеги Мишел дө Моль басмаканасынан жарык көрдү. Бул тууралуу Реми Дор Азаттыкка билдирди.

Ичкилик кыргыздардын ханы Рахманкул азыр Тажикстанга караган Сары-Кол (Мургаб району) өрөөнүндө туулган деп саналат. Кийин большевиктерден Кытайга качып, кийин Ооганстандын Памиринде калган.

Рахманкул хан 1978-жылы СССР Ооганстанга аскер киргизген мезгилде Пакистанга журт которуп кетип, кийин Түркияда жашап туруп, 1990-жылы көз жумган.

Рахманкул хандын өмүр баянын америкалык профессор Назиф Шахрани да жазып жаткандыгы маалым. Борбор Азиянын акыркы ханы атыккан Рахманкул жана анын эли тууралуу кыргыздардан Проф. Сулайман Каипов кеңири изилдөө жүргүзгөн.

Франциялык белгилүү тилчи, этнограф, кыргыз таануучу Реми Дор - Иналко университетинин профессору, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги.

"Мишел ла Моль" басылмасы таркаткан билдирүүдө Рахманкул хан ири феодал болуп турганда ооган кыргыздары жер каймактагандан беркидей эркин жашагандыгы белгиленет.

«Бул кол башчы башынан өткөргөн укмуштуудай окуялар азыркы замандын жаңжалдарында чарпылган бир ууч элдин тагдыры менен таанышууга мүмкүндүк берет» деп айтылат билдирүүдө.

Аталган басмакананын маалымат катчысы Фредерик Фуко бул китеп «Эсимде» («Je me souviens») деген түрмөктө чыккандыгын бышыктады.

- Бул түрмөктө жаңы тарыхтагы саякаттар боюнча чыгармалар чыгат. Мисалы, Мао Цзэдун менен саякат, Алжирде болгон Ли Пинуа, Германиянын канцлери Вилли Брандт кантип Варшавага барып, жөөттөрдүн геттосундагы мемориалга чыккандыгы тууралуу француз журналистинин чыгармасы басылган.

2000 нуска менен чыккан Рахманкул хандын өмүр баяны 112 беттен турат, баасы тогуз евро, аны интернеттен сатып алса болот, бирок электрондук форматын сатуу пландалган эмес.

Реми Дор жазган китептин мукабасы
Реми Дор жазган китептин мукабасы

Профессор Реми Дор "Азаттыкка" электрондук кат аркылуу билдиргендей, ал азыр кыргыз-француз, француз-кыргыз сөздүгүн басмага даярдап жатат. Реми Дордун байыркы орхон түрк арибинде жазылган тогузунчу кылымдан калган "Ырк Битик" же «Төлгө китептин» котормосу былтыр октябрда жарык көргөн.

Реми Дор 1970-жылдардын башында ооган Памиринде болуп, ооган памир кыргыздары тууралуу даректүү тасма тартууга катышкан.

Анын ошондой эле «Ооган Памиринин кыргыздары» деген көлөмдүү жана сүрөттүү китеби немис тилинде жарык көргөн. Бул эмгек кыргызчага которулган (Дор, Р. Ооган Памириндеги кыргыздар. Бишкек, 1993. 104 бет).

XS
SM
MD
LG