Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Нургүл: Москвага кайыр сураганы келгем


Тилемчилик кылган келин балдары менен Москвадагы мечиттин короосунда
Тилемчилик кылган келин балдары менен Москвадагы мечиттин короосунда

Орусияга иштөөгө барып, ар кандай оор сыноолордон улам үй-жайсыз көчөдө калып, кайыр сураган кыргызстандыктар жөнүндө кез-кезде айтылып келет. Ал эми Орусияга атайын кайыр сурап баргандар буга чейин болгон эмес.

Москвада кыргызстандык келин эмчектеги баласын көтөрүп, үч жаштагы наристесин жетелеп алып, 13 жаштагы өспүрүм кызы менен шаардын көчөлөрүндө тилемчилик кылат.

30 жаштагы Нүргүл Орусиянын борбор калаасына балдары менен бир ай мурда келген. Бул жакка келип калганынын өзү кызык. Ошто кайыр сурап жүргөн жеринен Гуля аттуу аялга жолугуп калган. Ал келинди Москвада көбүрөөк акча табаарын айтып, азгырып келген экен.

- Ошто мечиттин жанында кайыр сурап, тиричилик кылат элек. Тун уулум оорукчан. Ошону дарылатам деген ой менен биртике акча чогулткам. Бир жолу жаныма бир аял келип, “баятан бери карап турам, бул жерде акча деле беришпейт экен, Орусияда кайрымдуулар көп, Москвага барбайсыңбы” деп калды. "Көп акча чогултуп, балаңды дарылатып аласың" десе, ишенип алыпмын. Болгон акчама билет алып келе бергем.

Көп акча чогултуп, балаңды дарылатып аласың" десе, ишенип алыпмын. Болгон акчама билет алып келе бергем.

Нүргүл Гулянын толук аты-жөнүн деле билбейт. Куру убадага ишенип, өзүнүн алданып калганын орус калаасына келгенде гана түшүнгөн.

- Москвада мечиттин жанына алып келип койду. Көп өтпөй полиция текшерип келип, бизди лөлүлөр деп камап, балдарым менен автобуска салды. Айнекти карасам тигил эже бат-баттан басып качып бараткан экен. Полицияга түшүндүрөйүн десем орусча билбейм. Алар бизди эртеси бошотту. Бир күн мечитте түнөдүк. Бул жактан эч ким деле акча бербейт экен. Баары эле жаман көзү менен карап өтүшөт. Кичине чогулган акчабыз күнүмдүк тамак-ашыбызга гана жетип жатат.

Балам 2010-жылы Ош коогалаңында башынан катуу жараат алып, психикалык жактан оорукчан болуп калган. Күйөөм ошондон кийин бат-бат чыр чыгарып, кийин бизди таштап кетти.

Келин күйөөсү менен ажырашып кеткенин, ал эми Ошто карыган энеси оорукчан уулун багарын айтты:

- Уулум тогуз жашта, андан кийин бул үч жаштагы кыз, анан кичүүсү бир жарым жашта. Бул 13 жаштагы кызды эжем төрөгөн, кичинесинен эле багып алганбыз. Күйөөм уулубуз оорукчан болуп калгандан кийин бат-бат чыр чыгарып, кийин бизди таштап кетти. Балдарга эч каралашпайт. Кайненем эле азык-түлүктөн жардам берет. Ошто батирде турабыз. Балам 2010-жылы Ош коогалаңында башынан катуу жараат алып, психикалык жактан оорукчан болуп калган. Мамлекеттен 100 миң сом жардам алганбыз. Азыр ошол боюнча тергөөчүлөр документтер жасалма деп, мени суракка алышууда.

Нүргүл азыр Москвада боорукер мекендештин үйүндө убактылуу баш калкалоодо. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Москвадагы өкүлчүлүгү келинди балдары менен кайра Ошко кайтаруунун камын көрүп жатат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG