Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

Орус бийликтери элдин азайышын моюнга алып, мигранттарсыз экономика өнүгө албашын тастыкташууда.

Орусиянын эмгекке жарамдуу калкынын саны 2025-жылы 10 миллионго азаят. Бул тууралуу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев 13-сентябрда билдирди.

Бийликтегилер эмгек ресурстарындагы жетишсиздикти мигранттар менен жамоону сунушташса, эксперттер башка жолдорду талкуулашууда.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Орусия боюнча 77 миллион адам “экономикалык активдүү” болуп эсептелип, алар калктын 54 пайызын түзөт.

Николай Патрушев эмгекке жарамдуу адамдардын жетишсиздигин чет өлкөлөрдөн келген мигранттардын эсебинен бүтөөнү сунуштайт. Анын айтымында, эң көп муктаждык азыр инженерлерге жана башка жогорку даражадагы адистерге байкалууда. Себеби жумуш орундарына болгон талаптын үчтөн бир бөлүгү ушул кесиптерге туш келет.

10 миллион адам жетпей калса, бул Орусия үчүн канчалык деңгээлде коркунучтуу?

Экономиканын Жогорку мектебиндеги социалдык саясат Институтунун директору Сергей Смирнов бийлик азыр өнүгүүнүн сценарийин тандашы керек деген ойдо.

- Экономика мурдагыдай эле көмүрсуутек жана чийки зат тармактарына таянып туруп алса, албетте жетишсиздик өтө чоң болот. Анда эмгек ресурстарын башка өлкөлөрдөн чакыруу керек, ал эми бул ыкманын негативдүү жактарын көрүп турабыз. Чет өлкөдөн келген эмгек ресурстарынын сапатсыз экени түшүнүктүү. Бирок Орусиянын экономикасы кара жумушка ыктабай, илимий өнүгүүгө багытталса, бул жоготуулар өтө билинбейт.

Орусия бул кырдаалдан чыгууда өз күчүнө таяныш керек дейт эл чарбалык божомолдоо Институтунун эмгек ресурстарын болжолдоо лабораториясынын жетекчиси Андрей Коровкин.

- Биз келгиндерге үмүт артпай, өз үйүбүздү өзүбүз жакшыртышыбыз керек. Макул, тыштан келишсин, бирок алардын өз өлкөлөрүндө абал жакшырганда алар кетишет да. Биз анда эмне кылабыз? Азыр Орусияда 140 миллиондой адам жашайт, жашообузду ушул санды эске алып жакшыртышыбыз керек.

Жумуш ордуларын бир кылка бөлүштүрүү жок

Эмгек ресурстарынын жетишсиздиги менен катар Орусияда жумушсуздук да тараган. Бул көйгөйдү эмгекке жарамдуу калк жыш жайгашкан региондордон элди башка аймактарга көчүрүү жолу менен чечсе болот.

- Элди көчүрүү оңой чечим катары көрүнөт. Адамдарды автобуска жүктөп, көчүрө бер дегендей. Бирок андай эмес. Улуттук менталитет проблемасы жатат. Биз кайсы региондо жумушчу күчү көп экенин билебиз, бирок аларды жаңы регионго интеграциялоону үйрөнө элекпиз. Акыркы кездеги улуттар аралык жаңжалдарды эске алып, бул келечеги бар чечим дегенден алысмын. Тескерисинче, ири шаарлардагы социалдык туруктуулукту бузчу көрүнбөгөн жагдай.

Ошондуктан, адистин айтымында, элди өндүрүшкө алып келбестен, өндүрүштөрдү элге алып келүү зарыл, бирок бийлик аны жасабай атат.

Кытай боюнча стратегиялык иликтөөлөр Борборунун директору Алексей Маслов Алыскы Чыгыш Кытайдын экономикалык структурасына айланып, Орусияга административдик жактан гана тиешелүү болуп калуу коркунучу реалдуу экенин баса белгилейт.

Сергей Смирнов да Орусиянын бул аймагында кытайлардан башка жумушчу күчү жок экенин ырастайт.

- Геосаясий кызыкчылыктар бар, бирок кытай эли башка улуттардан эмнеси менен жаман? Ошондуктан чындыкты кабыл алабыз десек, ал жакка адамдар барбайт, кытайлардан башка эч ким жок.

2011-жылдын январь айына карата Орусияда 9 миллион мигрант катталып, алардын көбү Борбор Азиядан. 2 миллионго жакын адам Москвада, 500 миң Москванын терегегинде иштейт.

Мигранттар Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан келишет, алардын басымдуу бөлүгү кара жумушчулар же тейлөө тармактагында эмгектенгендер. Жогорку билимдүү адистердин агымы дээрлик жокко эсе. Так маалымат жок, бирок 500 миңден көп кыргызстандык Орусияда жүргөнү анык.

Орусиянын экономикасы мигранттарга көз каранды болгону менен, өлкөдө жүргөн миллиондогон мигранттардын укуктарына көңүл бурулбай келет. Алар коомдон обочолонуп күн көрүшөөрү да белгилүү – биринчи бөгөт тил билбөө.

Бир ай мурун орус тили боюнча бирдиктүү мамлекеттик сынакка окшогон экзамендин киргизилери тууралуу Орусиянын Федералдык миграция кызматы кабарлады. Орус тилин жетиштүү деңгээлде билбегендер Орусияда турууга укук бере турган документти ала алышпайт.

Көптөгөн эмгек мигранттары Орусиянын жаранына айланышууда. 2011-жылдын биринчи жарымында орус жарандыгын эң көп кыргызстандыктар жана өзбекстандыктар алышкан – жарым жылда 28 миң өзбекстандык жана 20 миң кыргызстандык жарандыгын алмаштырышты. Бул тууралуу Росстат билдирди.

Кыргыз диаспоралары берген маалымат боюнча, буга чейин 340 миң кыргызстандык орус паспортун алды.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG