Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:29

Михаил Лермонтовдун мүнөзү жана тили өлүмүнө себеп болгону гениалдуу орус акынынын өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдеген адабияттан улам маалым. Теги шотландиялык акын Кавказда аскер кызматын өтөп жүрүп, 27 жашында дуэлде өлгөн.

200 жыл мурда 15-октябрда орус акыны Михаил Лермонтов жарык дүйнөгө келген. Михаил Лермонтовдун “Биздин замандын каарманы” романы, “Мцыри” жана “Демон” поэмалары, Пушкиндин өлүмүнө арналган “Акындын өлүмү” кыргыз коомчулугуна мектеп курагынан тааныш чыгармалар. Ага атак-даңкты Александр Сергеевич Пушкиндин дуэлдеги өлүмүнө арналган ыры алып келет. Тагдыр экен, Лермонтов өзү да мүнөзүнөн таап, 27 жашында дуэлде атышуудан өлөт. Ал орус адабиятында Пушкин менен катардагы улуу акын деп эсептелет жана орус романтизминин улуу өкүлү.

Ысымы Пушкин менен кошо айтылат...

Адистер орус адабияты жөнүндө оозанганда өмүрү эрте жана окшош үзүлгөн бул эки алп акынды катар коюшканын сөз башында акын -жазуучу, Орусиянын Вяземский атындагы адабий сыйлыгынын тунгуч лауреаты Игорь Померанцев айтып өттү:

- Демейде бул эки ысымды: Пушкин менен Лермонтовду үтүр аркылуу эстешет. Бул биздин көңүлүбүздү алагды гана кылат; бул алардын канчалык бири-бирине окшобогон акындар экенин, орус адабиятында канчалык башкача роль ойногонун түшүнүүбүзгө жолтоо кылат. Пушкин бүтүн бир адабий дүйнөнүн, анын ичинде жанрдык жана стилдик адабияттын жаратуучусу. Ал эбегейсиз чоң универсалдуу фигура. Лермонтов - орус поэзиясында акындын личносту индивидиум катары түптөгөн биринчи орус акыны. Лермонтовдун ырларынан Пушкин жараткан Евгений Онегиндин дүйнөсүндөй дүйнөнү элестете албайбыз. Лермонтов Пушкин сыяктуу балладаларды жазса да, Пушкиндей балладалар дүйнөсүн түзө алган эмес.

А. С. Пушкин

А. С. Пушкин

Бирок Лермонтовдун эң чоң эмгеги - орус поэзиясында индивидуализмдин кристаллын, инсанды, инсандын поэзиядагы абсолюттук доминантасын жаратканында. Ал ошондой эле прозада биринчи жол ачуучу болгон. Лермонтовдун эмгеги менен орус повести - “Биздин замандын каарманы” пайда болду. Жазуучу бул повестте жашоого түрдүү персонаждардын көзү менен карайт. Бул новаторлук эле, бул авангарддык проза эле. Ал авангарддык проза экенин мындан билиңиз: ондогон жылдардан соң, 100 жылдан кийин улуу реформатор жана модернист жазуучу, “Улисс” романынын автору, ирландиялык Жеймс Жойс “Художниктин жаш чактагы портрети” романын жазууга Лермонтовдун “Биздин замандын каарманы” повести абдан чоң түрткү бергенин жазат. Бул образдуу айтканда, Лермонтовдун канында француз жана англис адабияты айланып турганын билдирет. Анан барып Лермонтовдун адабий жетишкендиги орус прозасынын эле эмес, Батыш Европанын да дөөлөтү болуп калды.

Дагестандын өрөөнүндө чак түштөгү аптапта, - Мен эң оболу Дагестан жөнүндө айтайын. Мектеп окуучусу кичинекей кезинен Лермонтовдун ырларынан:

Көкүрөгүмдөгү коргошун менен кыймылсыз жаттым, - деген саптарды окуйт.

Гениалдуу орус акынынын биздин мекенибиз- Дагестан жөнүндө эскергени жүрөк толкундатып, жаныңа лазат берет. Менин тегим Буйнакстан болот. Лермонтов Буйнакскта болгон кезде шаар Темиркан Шура деп аталчу.

"Дагестан". М. Лермонтовдун сүрөтү.

"Дагестан". М. Лермонтовдун сүрөтү.

Акындын: “Менин Ата журтумдун ширин ырындай Кавказды сүйөм” деген башка дагы жанга жагымдуу саптары бар. Бирок адам чоңоюп, дүйнөгө көзүң ачылып, Лермонтовдун чыгармаларын, жашоосун терең изилдеп окуй баштаган маалда, башка авторлордун жазгандарынан акындын Кавказды кандай сүйгөнү тууралуу бөлөк маалымат алат. Теги грузин орус тарыхчысы Семен Эсадзе мындай деп жазат: “Башкалардан Тенгин полкунун поручиги Лермонтов өзгөчө айырмаланды. Ал айылдарга атырылып кирип, не аялдарды, не балдарды, не кары адамдарды аябастан, козголоңчу айылды тынчытты”. Бул Кавказга эле тиешелүү эмес. Бул Лермонтовдун мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрү. Бул жөнүндө Дмитрий Мережковский жазган. Лермонтов адам катары жана Лермонтов жоокер катары такыр эки башка личность. Аны личность катары эки бөлүп караш керек деп ойлойм. Баса, мындай кемчилик көптөгөн гениалдуу инсандарга да мүнөздүү нерсе. Ошентсе дагы биз Лермонтовдун поэзиясын анын Тенгин полкунун поручиги катары жасаган иштеринен бөлүп карашыбыз абзел.

"Демон" - бул Лермонтовдун өз бейнеси

Михаил Лермонтов “Биздин замандын каарманы” романы менен орус прозасында психологизм багытын түптөгөн. Ал эми “Демон” поэмасы тирүүлүктөн жалгызсырап, жашоонун түйшүгү менен алпурушкан адамдарды шылдыңдап да, жек көрүп да караган супер адамдын уйгу-туйгу ички дүйнөсү жөнүндө. Акын Игорь Померанцевдин айтымында, "Демон" аркылуу Лермонтов өзүн көрсөткөн:

- Билесизби, “Демон” поэмасы демонизм, демон - суперадам темасына бир вариация. Демонизм, демон темасын эң оболу англиялык акын Байрон жазган. Ошондон кийин бул темага түрдүү европалык акындар, анын ичинде Лермонтов да кайрылган. Байрон жараткан демон - суперадам эмне болгон образ? Бул акындын өзүн пайгамбар катары түшүнүүсү. Акын өзүнүн уникалдуу экенин, өзгөчө жөндөмгө ээ экенин түшүнөт. Бул нерсе Европа адабияты үчүн жаңылык болду.

"Жазуучу Лермонтов".

"Жазуучу Лермонтов".

Бул өзгөчө жөндөм жана кудурет акынды поэзияга баш- оту менен берилүүгө түртөт. Бул орто кылымдык маданият, же ренессанс, же Кудайды таануу темасына диалогдун не тексти, не эскизи эмес. Бул акындын өзү менен өз ички дүйнөсүндө сүйлөшүүсү. Алар өзүн канаты бар пегас сыяктуу же грузинче мерани болуп учуп жүргөн абалда көрүшөт. Пастернак кийин Лермонтов жазган теманы бекер жерден улантпаган чыгар. Пастернактын “Демонду эскерип” деп аталган мындай ыры бар:

Приходил по ночам,

В синеве ледника от Тамары.

Парой крыл намечал,

Где гудеть, где кончаться кошмару.

..... ..... ..... ..... .....

Бул акындын образы. Поэзия ушинтип акындын шык-кудуретин бекемдейт. Лермонтов “Демон” поэмасы менен поэзиянын чемпиондорунун бири болгон.

Орус композитору Антон Рубинштейн 1871-жылы “Демон” операсын жазган.

"Мцыри" поэмасы же Петр Захаров-Чеченец деген ким?

Көп ырлары орус тилинде жарык көргөн авар акыны Муртазали Дугричилов да Демонго тынчтык бербеген жин-шайтандар – бул Лермонтовдун мүнөзүндөгү терс жактары деген ишенимде:

- Мен “Демон” поэмасын кайра-кайра окуп жатып, көп ойлондум. Менин түшүнүгүмдө, Демондун образында камтылган шайтандын духу - бул Лермонтовдун ички дүйнөсүнүн, рухунун абалын чагылдырат. Бул жөнүндө Мережковский да Лермонтовдун биографиясында жазган.

“Печальный Демон, дух изгнанья,

Летал над грешной землей...”

Акындын мындай ички абалы ага тынчтык бербей кыйнаса керек деп ойлойм. Себеби, ал Кавказга сүргүнгө айдалып, Кавказда жашап жүрүп, Кавказда курман болду. Лермонтовдун “Чөгөлгөн туткун бөбөктү бир ирет генерал тоодон Тифлиске алып баратты” деген саптар менен башталган “Мцыри” деген поэмасы да ойлонтпой койбойт.

Однажды русский генерал,

Из гор к Тифлису проезжал;

Ребенка пленного он вез.

Тот занемог, не перенес,

Трудов далекого пути…

“Мцыри” поэмасындагы жогорку төрт саптын таржымалына токтоло кетели. Орус генералы Тифлиске алып бараткан бала болочоктогу белгилүү художник Петр Захаров-Чеченец. 1819-жылы Кавказ согушу кезде орус аскерлери чечендердин Дади-Юрт айылын чаап алганда өлгөн аялдын жанынан араңжан үч жашар баланы таап алышат. Бул бала генерал Ермоловдун буйругу менен Захар деген орус казакка тарбияланууга берилет. Төрт жылдан соң Ермолов чечен баланы өзү асырап алат. Сүрөт тартканга шыктуу баланы Ермолов художник-портретист Лев Волковго окутканы берип, ал кийин Петербургдагы Сүрөт академиясын бүтөт. Петр Захаров бойго жеткенде фамилиясына Чечен деген сөздү кошуп алат. Ал Лермонтов менен жакын мамиледе болот жана акындын портретин тарткан. Захаров-Чеченец кийин чокунуп, 1846-жылы 14-январда белгилүү фармацевт Постниковдун кызына үйлөнөт. Бирок жаш жубайлардын ууз жашоосу чагылгандын өмүрүндөй кыска болду. Жай айларында кургак учуктан адегенде зайыбы каза таап, артынан өзү да келбес сапарга узайт. Петр Захаров- Чеченец ошондо 30 гана жашта болгон. Анын сүрөттөрү бүгүн Москвадагы атактуу Третьяков галереясында, Санкт-Петербугдагы Эрмитажда жана Орусиянын башка музейлеринде бар.

М. Лермонтовдун өлүмүнө анын курч тили, жактырбаган адамдарын аябай шылдыңдаган мүнөзү себеп болот. Өзү менен аскердик окуу жайда чогуу окуган жана кийин Түндүк Кавказда чогуу кызмат өтөгөн отставкадагы майор Мартыновдун романтикалык прозасын жана черкестердин чепкенин жарашыктуу кылып кийип жүргөнүн шылдыңдап жатып, айласын кетирет. Экөө ошол кездеги салт боюнча Пятигорск шаарында эркектерче дуэлге чыгып, тапанчадан атышат. Поручик же улук лейтенант Лермонтов асманга атат, майор Мартынов болсо жүрөккө мээлейт.

“15-июлда, кечки саат 5 ченде катуу калдыркан жана чагылган аралаш бороон болду; ошол убакта Машук жана Бештау тоолорунун ортосунда Пятигорскиде дарыланып жүргөн М. Ю. Лермонтов жан берди” деп айтылат акындын өлүмү жөнүндө Орусиянын падышалык бийлигинин расмий билдирүүсүндө. Замандаштарынын биринин жазышынча, Петербургдун жогорку чөйрөсүндө акындын өлүмү жөнүндө кабарды “Анын барар жагы ошол жай болчу” деп кабыл алышкан.

Н. С. Мартыновдун өмүрү узун экен, 60 жашында дүйнө салып, Тула облусунда чиркөөнүн ныптасындагы үй-бүлөлүк склепке (сөөк жатчу жай) көмүлөт. Анын склепи 1924-жылы жергиликтүү мектеп окуучулары тарабынан талкаланып, маркумдун сөөгү чукул жердеги көлмөгө ыргытылат.

Мүнөзү чыр улуу акын

Акын-жазуучу Игорь Померанцев дагы Михаил Лермонтов өз замандаштары арасында мүнөзү оор, чыр адам болгонун белгиледи:

- Ал мүнөзү оор адам болгон. Ал "урушчаак адам" деген репутация алган. Ал "социалдык скандалист - чатак чыгаруучу" деген атка конгон. Ал дайыма чатак салган. Мартынов менен дуэлге чыгып өлүүсү, Лермонтовдун биринчи дуэли болгон эмес. Билесизби, эң мыкты ырларды эреже катары мүнөзү оор адамдар жазат.

Грозный шаарындагы М. Лермонтов атындагы Орус мамлекеттик театрынын алдындагы акындын эстелиги.

Грозный шаарындагы М. Лермонтов атындагы Орус мамлекеттик театрынын алдындагы акындын эстелиги.

Биз чемирчеги ката элек жаш балдарчасынан биздин сүйүктүү каармандарыбыздын баарынын көзү көк, сымбаты көркөм, гуманист, кичине балдарды жана чоң кишилерди куткарат деп ойлобошубуз абзел. Акындык шык - бул шайтандын калдырканындай аралашмасы. Лермонтов да ошондойлордун бири болгон. Лермонтовду атып өлтүргөн Мартыновду көптөгөн замандаштары актап, коргошкон.

Теги авар акын-жазуучу Муртазали Дугричилов Лермонтов өз күндөлүктөрүндө ошол кездеги кавказдыктарга болгон мамилени түз жазат, бирок анысы гениалдуу акындын адабияттагы ордун пастата албасын айтты:

- Менин оюмча, ал Кавказдын көпчүлүк элинин өкүлдөрүн объективдүү, бирок кээ бир учурда өтө кемсинтип сүрөттөйт. Ал элге сөз тийгизбөө үчүн Лермонтовдун андай саптарын айткым келбейт. Мисалы, күндөлүгүндө жана башка кол жазмаларында осетиндер жөнүндө өтө жаман жазат. Ошондой эле аскерлер менен тоолуктардын, аялдардын, балдардын кантип сазайын бергени жөнүндө өтө коркунучтуу жазуулар бар. Бирок акындын ысымына көө сүйкөбөйлү жана анын орус адабиятындагы, деги эле адабияттагы ордун пастатпайлы.

Ал эми узак жылдардан бери Швецияда жашаган түркмөн жазуучусу Шералы Нурмамедовдун айтышынча, Лермонтов кыска өмүрүндө адабиятка олчойгон салым кошкон кайталангыс инсан:

- Бардык орустар жана орус тилдүүлөр үчүн Пушкиндин поэзиясы теңдешсиз экени талашсыз. Мен Лермонтовго Пушкинден кем эмес суктанам. Лермонтовдун поэзиясына өтө кызганып, түшүнүү менен мамиле кылам. Ал 26-27 жылдык өмүрүндө башка бирөө 70 жыл жасабаган эмгекти кылды. Анын поэзиясы кимди гана болбосун, атүгүл поэзиядан алыс адамды таазим эттирет. Лермонтов деген Лермонтов. Дүйнөдө түшүндүрүп болбой турган нерселер бар. Лермонтов уникум, феномен. Бардык эле эл Лермонтовдой акыны менен мактана албайт.

Михаил Лермонтовдун көзүнүн тирүүсүндө ырлар жыйнагынын бир томдугу гана чыккан. Ал Кудай даарыган талантынын кудурети менен алты жылга жетип жетпеген чыгармачылыгында өлбөс-өчпөс отуздан көп поэма, 600дөн көп ыр, бир повесть жана беш драма жаратат. Лермонтовдун чыгармалары боюнча опера жана көптөгөн музыкалар жазылып, кинолор тартылган, пьесалар коюлган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG