Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Орусия: көз карандысыз канал жабылууга аргасыз


ТВ-2 каналын жабууга каршы акция. Томск.
ТВ-2 каналын жабууга каршы акция. Томск.

Cибирдин Томск шаарындагы көз карандысыз ТВ-2 каналы ишмердүүлүгүн токтотуп жатат. Буга Роскомнадзор мекемесинин каналдын лицензиясын узартпай койгону себеп болду.

ТВ-2 каналы жаңы жылдан тарта эфирден кетпей калды. Буга телеканалдын программаларын обого чыгарган жергиликтүү станция келишимди бир тараптуу токтоткону себеп болду.

Мындан сырткары Орусиянын Роскомнадзор мекемеси каналдын лицензиясын да чакыртып алган.

Алгач каналдын лицензиясы 2025-жылга чейин узартылып, бирок кийин ал чечим жокко чыгарылган. ТВ-2нин азыркы лицензиясынын мөөнөтү 8-февралда бүтөт. Мындай туңгуюкка кептелип калууну канал жетекчилиги саясий себептер менен байланыштырууда.

- Каналга каршы кампания абдан жакшы ойлонулуп, пландалып уюштурулган. Кимдир бирөөнү автор деп атай албайсың. Мындан улам атайын кызматтар бизге каршы иш жүргүзүп жаткандай, анткени ошолордун карааны көрүнүп турат. Бул акыркы эки айда же жарым жылда даярдалган жок. Бир нече жылдан бери даярдалган болушу мүмкүн, - деди каналдын президенти Аркадий Майофис “Азаттыктын” орус кызматына.

ТВ-2 каналы Томск шаарындагы жападан жалгыз көз карандысыз канал катары белгилүү болчу. Анын эфиринен аймактын бийлигин сындаган көрсөтүүлөр да кетчү. Каналга каршы иштер башталганы ТВ-2нин тарапкерлери бир нече нааразылык акциясын өткөрдү. Он миңдеген адамдар президент Владимир Путинге кайрылуу жолдоп, каналга басымды токтотууга чакырган. Бирок андан эч кандай жыйынтык чыккан жок. Каналдын тарапкерлеринин бири өлкөдө альтернативдүү маалымат берген медиага басым күчөгөнүнө нааразылыгын билдирген эле:

- Эми үмүттүн шооласы үзүлбөйт эмеспи. Ошон үчүн акыркы мүмкүнчүлүктү колдонуп, суранып жатабыз. Маселен мен “Дождь” телеканалын көрчүмүн. Ал да жабылып, акы төлөмөй болуп калды. Учурдагы басымдан улам бир батирде туруп, иштеп жатышат.

Ошентсе да ТВ-2нин жетекчилиги өз укугун акыр-аягына чейин коргоорун айтууда. Учурда каналдын арызы сотто каралып жатат. Орусиядагы маалымат каражаттарын колдогон “Среда” фонду каналга үч жылдык мөөнөткө 7,5 миллион рубль грант бөлмөй болду. Бул каражатка канал он-лайн телеканал ачып, берүүлөрүн улантмакчы.

Орусияда Кремлдин саясатына сын айткан медиа-каражаттары басымга кабылып келет. Былтыр салыштырмалуу бейтарап маалымат таратат делген “Лента.ру” агенттиги менен“Эхо Москва” радиосунун жетекчилиги алмаштырылган эле. Белгилүү “Дождь” телеканалы спутник жана кабелдик операторлор келишимин узартпай койгондон кийин интернетке көчүүгө мажбур болгон.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG