Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Орусиянын президенти жыл жыйынтыгын чыгарды


24-декабрда Москвада Орусиянын президенти Дмитрий Медведев түз ободо жыл жыйынтыгын чыгарды. Өлкө башчы “Биринчи канал”, “Орусия-1” жана НТВ сыналгы каналдарынын жетекчилери Константин Эрнест, Олег Добродеев жана Владимир Кулистиковдун суроолоруна жооп берди.

Орусиянын лидери бир нече олуттуу темаларга токтолуп, демократия темасын да кыйгап өткөн жок. Д.Медведев “бир топтон бери унутта калып келаткан түз демократияга кайтышыбыз керек”,-деди. Президент парламенттин ишине, анын ичинде бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясына да баа берди. “«Бирдиктүү Орусия» үстөмдүккө гана ээ болбой, өтө этияттык менен иш жүргүзүп, оппозициядагы партиялардын жолун торобошу керек”,-деди Дмитрий Медведев.

Ушул тапта абакта кармалган Михаил Ходорковскийдин иши тууралуу суроого президент 27-декабрда сот өз өкүмүн угузарын, анын алдында эч ким буга кийлигишпеши керектигин айтты. Жакында эле өкмөт башчы Владимир Путин Ходорковскийдин иши тууралуу суроого жооп берип жатып, “ууру түрмөдө отурушу керек” деп айткан.

Тышкы саясат тууралуу суроолорго жооп берип, Медведев АКШ сенатында стратегиялык жапырык куралдарын кыскартуу боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимдин жактырылышын колдоого алды. “Бул келишим жакынкы он жыл ичинде жалпы эле дүйнө жана Европада коопсуздукту коргоонун чыныгы кепили болот”,-деди президент.

Дмитрий Медведев өкмөт башчы Владимир Путин менен мамилеге да токтолду. Маалым болгондой, Владимир Путиндин калкка кайрылуусу массалык маалымат каражатары жана бийликчи “Бирдиктүү Орусия” партиясы аркылуу ишке ашат. Ал эми Дмитрий Медведев калкка адегенде интернет аркылуу кайрылып келген. Айрым талдоочулар Медведев менен Путиндин ортосундагы атаандаштык 2012-жыл жакындаган сайын күчөй турганын белгилешет. 2012-жылы Орусияда президенттик шайлоо өтөт.

Бирок Мамлекеттик Думанын депутаты, “Бирдиктүү Орусия” фракциясынын мүчөсү Сергей Марков мындай божомолдор менен макул эмес:

- Мен Путин менен Медведев ортосунда атаандаштык жок деп эсептейм. Алар тандем боюнча бири-бирине жөлөк болуп келатышат. Мурда буга окшогон көрүнүштү социалисттик жарыш дешчү. Ар бири колунан келгенин жасоодо.

XS
SM
MD
LG