Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Кремль ТҮРКСОЙ менен алакага каршы


ТҮРКСОЙдун ачылышынан бир көрүнүш, Уфа, 5-сентябрь, 2012-жыл
ТҮРКСОЙдун ачылышынан бир көрүнүш, Уфа, 5-сентябрь, 2012-жыл

Федералдык бийликтин сунушу менен Орусиядагы Башкырстан, Алтай, Тыва, Хакасия республикалары түрк тилдүү мамлекеттер менен маданий байланышын үзө турган болду.

Орусия Федерациясынын курамындагы Башкырстан, Алтай, Тыва жана Хакасия республикалары ТҮРКСОЙ эл аралык уюму менен кызматташуудан баш тартканын расмий жарыялашты.

Буга чейин Орусиянын Маданият министрлиги андагы түрк тилдүү республикалардын жетекчилерине өкмөттүк телеграмма жөнөтүп, аталган эл аралык уюм менен мамилени токтоосуз түрдө үзүү тууралуу сунуш киргизген. Буга Түркиянын аскер-аба күчтөрүнүн орусиялык учакты атып түшүргөнү негиз болгону өкмөттүк телеграммада көрсөтүлгөн. Аталган түрк тилдүү республикалардын жетекчилиги “федералдык бийлик менен тилектештик үчүн” деген негизде федералдык борбордун сунушун тез арада канааттандырды.

“Акылсыз саясат”

Бирок ошол эле кезде Орусиянын курамындагы Татарстан менен Якутия-Саха республикалары федералдык бийликтин бул сунуш-талабы боюнча азырынча үн ката элек.

Татарстандын Илимдер академиясынын вице-президенти жана жергиликтүү парламенттеги “Бирдиктүү Орусия” фракциясынын депутаты Рафаил Хакимов “Азаттыктын” татар-башкыр кызматына бул кадамды акылсыз саясат деп баалады:

- Мында ТҮРКСОЙдун кандай тиешеси бар? Бул бир эле Түркиянын уюму болсо бир жөн. Бул деген бүтүндөй түрк тилдүү мамлекеттердин маданиятынын башын кошкон уюм болуп жатпайбы. Ага Казакстан жана Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер да кирген. Алар болсо Орусиянын саясий союздашы. Аны менен бирге Евразиялык экономикалык бирикмеде го. Болбосо ТҮРКСОЙго кирген Азербайжан Орусиянын душманыбы? Анан дагы Орусиянын маданият министри бул уюм менен кызматташууну токтоттура алабы? Бул анын ыйгарым укугундагы маселеби? Мунун өзү Орусиянын мыйзамдарына каршы келет. Татарстандын Конституциясы бар. Анын Орусия менен келишими бар. Ага ылайык биз чет элдик байланыштарды өз алдынча жүргүзө алабыз. Керек болсо, Орусиянын мыйзамында анын субъекттеринин чет өлкөлөр менен маданий алакаларды өз алдынча жүргүзүү укугу камтылган.

Саясатташкан маданият

Ошол эле учурда Татарстандын маданият, илим жана саясат жаатындагы бир катар көрүнүктүү ишмерлери Орусиянын Маданият министрлигинин федералдык бийликтин атынан жөнөткөн телеграммасын аймактар менен федералдык борбордун мамилесине кесепетин тийгизе турган маселе катары кабыл алышууда.

Татарстан парламентинин маданият, илим жана билим берүү комитетинин төрагасы Разил Валиев маданиятты саясатташтыруу аброй алып келбей турган көрүнүш экенине мындайча токтолду:

- Бул кадам өтө чоң талаш-тартышка алып келе турган маселе. Анын үстүнө учактын кыйрашына байланыштуу окуя толук иликтенип бүтө элек. Анын чыныгы себептери ачыкка чыга элек. Арадан аз эле убакыт өттү. Бириккен улуттар уюму дагы муну карап чыгыш керек. Ошол учурда буга окшогон демилге көтөрүп, ойлонулбаган жана шашылыш чечим чыгаруунун кимге кереги бар? Мына ушундай жагдайда кандаш калктар менен маданий байланыштарды үзүү эмнеге алып келиши мүмкүн? Татарстанга анын кесепети гана тийип калышы ыктымал. ТҮРКСОЙ уюмунун саясат менен байланышы жок. Анан калса жогоруда болгон учактын окуясына башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн кандай тиешеси бар? Бул өзү Орусиядагы түрк тилдүү республикаларга гана эмес, керек болсо Орусиянын өзүнө каршы, анын биримдигине каршы жасалган саясат.

Түркияга өчөшүү түрк дүйнөсүн иренжитеби?

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму түрк тилдүү элдердин маданият, адабият жана искусство жаатындагы байланыштарын колдоо максатында 1993-жылы түптөлгөн. Уюмга туруктуу мүчөлөр жана байкоочу тараптар болуп жалпысынан 15 өлкө кирет. Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Азербайжан бул уюмдун негиздөөчүлөрү. Орусиянын курамындагы Татарстан, Башкырстан, Алтай, Хакасия, Якутия, Тыва республикалары, Молдованын Гагаузия автономиясы, Өзбекстандын Каракалпак автономиясы жана Түндүк Кипр уюмга байкоочу катары кошулган болчу.

Татарстандын окумуштуусу, тарых илимдеринин доктору Дамир Исхаков федералдык бийликтин бул кадамын Түркиядан башка түрк тилдүү мамлекеттердин тандоосун сыйлабастык катары мүнөздөдү:

- Татарстанга келген бул телеграмма башка түрк тилдүү өлкөлөр тарабынан тескери кабыл алынышы мүмкүн. Анткени ТҮРКСОЙ уюму бир эле Түркия эмес, башка түрк тилдүү өлкөлөр мүчө болгон уюм экенин эске алганда, бул кадам аларды иренжитип коюшу ыктымал. Федералдык бийлик Түркия менен болгон саясий чатагын өзүнчө карап, башкалардын кызыкчылыгына тийишпей туруп чечип алса болмок. Анткени бул кадам менен федералдык бийлик башка түрк тилдүү мамлекеттерди Орусиядан алыстатып салышы мүмкүн. Башка бир мамлекеттер менен талаш-тартыш болуп турган жагдайда Орусиянын азыр саясий өнөктөштөрү ансыз дагы аз калды. Бул кадам Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Азербайжан сыяктуу мамлекеттер менен мамилени суутушу ыктымал. Ушул бизге керекпи?

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун штаб-квартирасы Түркиянын баш калаасы Анкарада жайгашкан. Орусиянын Маданият министрлиги федерациянын курамындагы республикалардын жетекчилерине бул эл аралык уюмду негизинен Түркия каржылай турганын белгилеген. Бирок уюмдун расмий сайтында анын каржылоо булагы ага мүчө мамлекеттер менен байкоочу тараптардын жылдык мүчөлүк акысынан турары көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG