Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

12-декабрда Сауд Арабиянын тарыхында аялдар добуш берген жана талапкер катары катышкан биринчи шайлоо өттү. Аялдардын шайлоого катышуусуна маркум падыша Абдалла 2011-жылы уруксат берген.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо Эр-Рияд убактысы менен таңкы саат сегизде башталды. Шарияттын мыйзамдары катуу сакталган бул консервативдүү өлкөдө мындан төрт жыл илгери аялдарга добуш берүү укугу берилгени менен, чет элдик паспорт алуу, саякаттоо, машине айдоо сыяктуу кадыресе эле укуктар азыр да чектелүү. Алгач ирет шайлоодо добуш бергендерине кубанган миңдеген араб аялдары бул тууралуу социалдык тармактарда жазып жатышты. Шайлоо участкасынан чыккан Бүзейна аль-Муршад:

- Баары ушинтип аз-аздан башталат да. Качан гана баарыбыз даяр болгондо мындан да чоң ийгиликтерге жетишебиз деп ишенем. Анан ошол ийгилик бүт тармактарга жайылат деген үмүт чоң, - деди.

Сауд Арабиядагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктары көргөзгөндөй, кеминде 19 аял - талапкер жергиликтүү кеңештерге депутат болду. Мандат алуу бактысына ээ болгон аялдар Меке шаарынын жанындагы чакан айыл-кыштактардан тарта чоң шаарларга чейинки өлкөнүн ар кайсы чөлкөмдөрүнөн жарышка чыккан. Расмий эсептөөлөр боюнча 1,3 миллиондон ашык эркек шайлоочулардын 44 пайызы добуш берсе, шайлоодо катталган 130 миң аялдын 82 пайызы өз эркин билдирди. Талапкер катары 5 938 эркек чыкса, аялдардын саны 978 гана болду.

Бул Сауд Арабия падышалыгынын тарыхындагы үчүнчү гана шайлоо. 1965-жылдан 2005-жылга чейин өлкөдө жарандарга шайлоо укугу берилген эмес.

Маркум Абдалланын демилгеси

Аялдардын бийликте жана расмий кызматтарда иштөөсүнө маркум, падыша Абдалланын “коомдогу маргиналдык” көз караштарды жоюп, жаңычыл нукка өтөбүз деген саясаты негиз болгон. Көзү тирүүсүндө эле ал эң билимдүү, кесипкөй делген 30 аялды жетектөөчү кызматтарга дайындаган.

Мындай чечимди айрым араб саясатын изилдеген эксперттер Саудиядагы саясий кырдаалды өзгөртүүгө багытталган кадам катары баалашкан. Алардын бири, саясат таануучу Ибрахим аль-Раусса:

- Аялдардын добуш берүүсү менен башталган жаңы доор коомдо жаңы жөрөлгөнүн башаты болот. Жергиликтүү бийликке келген жаңы толкун андагы эркектерди башкача нукка буруп, мурда болуп көрбөгөнөдөй ийгиликтер жаралат, - деген оюн айтты.

Ошентсе да 12-декабрдагы шайлоого добуш берүүгө жашы жеткен аялдардын бардыгы катыша алган жок.

Al Jazeera телеканалынын аналитиктеринин айтымында, бул жергиликтүү бийликтин аялдарды так эсептеп, тизмеге киргизбей калуусунан улам болду. Айыл-кыштактардагы айрым аялдар "унутта калып" кеткен. Анан калса күйөөсү же жакын эркек тууганынын коштоосунда гана көчөгө чыгышы керек деген эрежеден улам да аялдардын бир тобу шайлоо күнү атуулдук укугун аткара албай калышты.

Буга кошумча шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү муфтийлер менен диний төбөлдөрдүн тыкыр көзөмөлүн жүрдү. Маселен, үгүт өнөктүгү учурунда аял талапкерлерди жарнамалаган баннерлерди эркек талапкерлер тытып ыргыткан. Ушундан кийин имамдардын буйругу менен алардын баары алынып салынды. Бирок аялдар мындай чектөөлөрдөн да жол таап, өз платформаларын, программаларын интернет, социалдык тармактар аркылуу жайылтышты.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG