Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Араб Лигасы Сирияга санкция киргизди


Араб Лигасынын баш катчысы Набил ал-Араби (солдо) Катардын өкмөт башчысы, ханзаада Хамад бин Ясем менен Каирдеги жыйында
Араб Лигасынын баш катчысы Набил ал-Араби (солдо) Катардын өкмөт башчысы, ханзаада Хамад бин Ясем менен Каирдеги жыйында

Араб Лигасы эл аралык байкоочуларды кирүү планын билмексенге салган Сирияга каршы экономикалык санкцияларды жактырды.

Каирдеги пресс-конференцияда Перси булунуңундагы Катар өлкөсүнүн өкмөт башчысы Араб Лигасына кирген 22 өлкөнүн басымдуу көпчүлүгү Дамаск өкмөтүнө каршы санкцияларды колдогонун бышыктады.

Араб Лигасынын тышкы иштер министрлеринин кечээ кечинде аяктаган жыйынынан кийин сүйлөгөн сөзүндө Хамад бин Яссим санкциялар 19 мүчө-өлкөнүн колдоосуна ээ болгондугун тастыктады.

Кабарларга караганда, бул санкциялар Сириянын борбордук банкы менен алакаларды токтотууну, өлкөнүн чет банктардагы акчалай каражаттарын «тоңдурууну», Сириянын учурдагы бийлигинин мартабалуу өкүлдөрүнүн саякатына тыю салууну жана Сирияга инвестицияны токтотууну карайт.

Араб Лигасы өткөн бейшембиде Сирияга эл аралык байкоочуларды кабыл алууга бир күн убакыт берген эле. Бирок Дамаск бул ультиматумга жооп берген жок. Натыйжада Араб Лигасынын башкы дипломаттары Сирияга чектөө киргизүүнү чечишти.

Бириккен Улуттардын эсебинде, Сирияда сегиз айдан берки толкундоолордо үч жарым миңден ашык киши набыт болду.

Араб лигасынын чечимин Түркия да колдой тургандыгын билдирген. Жума күнкү сөзүндө бул өлкөнүн тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Сирия байкоочуларга макул болот деген үмүтүн билдирген:

- Сирия эли азап тарта бербеши керек деп ишенебиз. Бүгүн Сириянын зарыл кадамдарга дароо барышы үчүн берилген мөөнөттүн акыркы күнү, бул күн өлкө үчүн жаңы, Араб Лигасы сунуш эткен байкоочуларды кабыл алуу тууралуу протоколго кол кою мүмкүнчүлүгүн да берип жатат. Сирия зарыл кадамдарга барат деп ишенебиз.

Истамбулдагы пресс-конрефенцияда кабарчылардын алдына Давутоглу менен чогуу чыккан Иордандын тышкы иштер министри Нассер Юдах да ушундай эле үмүтүн билдирген:

- Мен азыр жаңы эле Каирдеги Араб лигасынын тышкы иштер министрлеринин жыйынынан келатам. Сирия Араб Лигасынын протоколуна кол коёт деп үмүттөнөм. Кудай анын бетин ары кылсын, эгер көпчүлүктүн өтүнүчү суу кечпей калса, бизге кайра жолугушууга туура келет.

Араб Лигасы ушул айдын башында Сирияны өз катарынан чыгарып салган. Муну Дамаскинин өкмөтү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү деп сындаган.

Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем уюмду кризисти эл аралык деңгээлге чыгарып жатат деп күнөөлөгөн.

Анын аралыгында, Сирияда кан төгүү токтогон жок. Укук коргоочу уюмдар кечээ өлкөдө аз дегенде 10 кишинин набыт кеткенин билдиришти.

XS
SM
MD
LG