Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

"Румыния менен билим келишимин түзүү зарыл"


Калыгул Жунушбеков.
Калыгул Жунушбеков.

Калыгул Жунушбеков Бухарест шаарында Румын-Америка университетинин экинчи курсунун студенти. Ал “Азаттык” радиосуна берген маегинде Румыниядагы жашоосу тууралуу айтып берди.

Калыгул Жунушбеков Румыниянын Бухарест шаарында Румын-Америка университетинин экинчи курсунда, эл аралык бизнес жаатында билим алып жатат. Сабагынан кийин тил курстарына да барат. Учурда румын, француз жана немис тилдерин өздөштүрүүдө.

- Кыргызстанда кыргыз-түрк лицейин бүтүргөм. Орто окуу жайды бүткөндөн кийин Кыргызстан, Түркия жана Румыниядагы жогорку окуу жайларга тапшырдым. Үч жакка тең өтүп, Румынияны тандап алдым. Бала чагымдан бери чет жакта акысыз билим алууну кыялданып келгем. Бул жакта жарым-жартылай гранттык негизде билим алып жатам. Анткени окуу акысыз, жашаган жерибизди өзүбүз төлөйбүз. Румыния көп мамлекеттерге билим алууга гранттарды берет. Кыргызстан менен Румыния ортосунда да мамлекеттер аралык эки тараптуу келишимдер болгондо жакшы болор эле. Учурда Түркмөнстан менен Румыниянын ортосунда ушул жаатта макулдашуусу бар экен. Ошол себептен Түркмөнстан жылына жыйырмадан ашык студент жөнөтөт. Ал эми Румыния аларды билим алуусунан баштап, жаткан жерине чейин толук грант менен камсыздайт. Кыргызстан да ошондой шарттарды, жеңилдиктерди түзүп берсе абдан сонун болмок.

Калыгул жакында эле университетинен кийинки жылы Германияда алты ай окуп келүүгө жолдомо алганын да кошумчалады.

Калыгул группалаштары менен бирге.
Калыгул группалаштары менен бирге.

Бардык студенттердей эле Калыгул да бөтөн элге көнө албай, башында кыйналганы менен, Румыниядагы азыркы жашоосу өзүнө жагат. Ал жактагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири катары калкынын карып бараткандыгын айтты:

- Соңку иликтөөлөргө ылайык, 65 жаштан өткөн адамдар 19 миллион калктын 16 пайызын түзөт. Окумуштуулар бул сан 2050-жылга чейин дагы өссө, кризиске кептелиши мүмкүндүгүн азыртадан эскертип келишет. Чындыгында, бул жакта Кыргызстандагыдай жаш балдарды көчөдөн көп көрбөйсүң. Акыркы учурда адилетсиздикке каршы толкундоолор болуп жатат. Биздин да башыбыздан мындай нерсе өткөндүктөн, үйдөгүлөр телевизордон көрүп алып эле сарсанаа болуп жатышат. Бул жакта жүз миңдеген адам чогулса да баары тынч өтүп жатат. Өзүм чыккан жокмун. Баарын медиа аркылуу эле билип жатам.

Калыгул Ысык-Көл районунун Темир айылында өскөн. Алтынчы класска чейин айылдагы орто мектепте окуп, андан соң Караколдогу Кусейин Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейине өткөн.

- Чет өлкөдө окуйм деп кыялдагандарга айтарым, эч качан өз максатыңардан тайбагыла, изденгиле, жалкоолонбогула. Азыр дүйнө ааламдашып жатпайбы, интернеттен көп мүмкүнчүлүктөрдү тапса болот. Румынияда окуп калганыма лицейдин жамаатынын жардамы чоң, анткени алар ар бир бүтүрүүчүсү чет жакта окуса, билим алуусун улантса деп абдан көмөктөшүшөт.

Калыгул Румын-Америка университетин ийгиликтүү аяктап, Европадагы окуу жайлардын биринде магистратурга тапшырууну каалап жатат. Бул жактан алган билимин, топтогон тажрыйбасын Кыргызстандын келечеги үчүн колдонгусу келет.

Калыгул билип алып жаткан окуу жайга тапшырууну каалагандар аны Фейсбуктан kalygul.zhunushbekov деген ысым менен таап, кеп-кеңеш сурасаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG