Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:56

Түрк тилдүү мамлекеттердин ноябрда Бишкекте белгиленген саммитинин белгисиз мөөнөткө жылдырылышына Түркия менен Кыргызстандын алакасынын начарлашы канчалык таасирин тийгизди? “Азаттык” бул суроо менен түрк саясат таануучусу Хакан Гүнешке кайрылды.

Хакан Гүнеш: Азырынча буга байланыштуу Түркиядан жана Кыргызстандан расмий билдирүү келе элек. Андыктан жоромолдоп коюу туура болбойт калат. Бул боюнча так бир себептер да айтылган жок. Ошол эле учурда Түркия менен Кыргызстандын алакасы жакшы деп айтууга да болбойт.

“Азаттык”: Түркия Орусиянын Сириядагы учагын атып түшүргөндөн кийин Кыргызстан президенти орус тарапты колдоп, Эрдоган ката кетиргенин айткан. Андан кийин Түркиянын Гүлен мектептерин жабуу өтүнүчүн Кыргызстан кескин түрдө четке каккан. Бул окуялардан кийинки Түркиядагы Кыргызстанга карата мамилени кандай мүнөздөр элеңиз?

Хакан Гүнеш: Кыргызстан тышкы саясатта тең салмакты сактоого аракет кылган өлкө. Кайсы бир саясий талаш-тартыштарда кескин бир позицияны албайт. Андыктан АКШ жана Европа Гүлен мектептерин жаппагандан кийин Кыргызстан да бул багытта чечим кабыл алгысы келбейт деп түшүнүп турабыз. Мындан тышкары Кыргызстан өзүнүн ичинде исламчыл жихадчыларга байланыштуу маселелерге туш болууда.

Түркиядагы башкаруучулардын исламга ыктап турушу, эки өлкөнүн мамилесине да таасир тийгизген фактор болуп калышы мүмкүн. Бирок азыркы мамилени эки өлкөнүн алакасы катары көрүүгө болбойт. Түркия менен Американын жана Орусиянын ортосундагы чыңалуулар да кыргыз-түрк алакасына таасирин тийгизип жатат.

“Азаттык”: Кыргызстан эгемендик алгандан тарта Түркия менен алакасы жакшы болуп келген. Бирок акыркы пикир келишпестиктерден улам эки өлкөнүн алакасы соңку 25 жылдагы эң начар абалда деп мүнөздөгөндөр бар. Бирок мындай абалга эки өлкөнүн президенттеринин ортосундагы пикир келишпестик себеп болду десе болобу?

Хакан Гүнеш: Туура. Бул жерде президенттердин позициялары да маанилүү. Эки президенттин саясий көз караштары бири-бирине төп келбей жатат. Бул да алаканын начарлашына себепкер болууда. Чындыгында Түркиянын Борбор Азияга же Кыргызстанга багытталган көзгө басарлык ролу байкалбайт. Өтө чоң салым деле кошпой жатат. Мындан улам Кыргызстан өз келечегин Түркияга жакын бир аралыкта көрбөй турат.

Каржы жагынан да, саясат жаатында да Кыргызстан Түркиядан өтө чоң колдоо алган жок. Тескерисинче Орусия менен мамиле кеңейип баратат. Мунун баарын эске алганда Кыргызстан Орусияга жакын өлкө болуп саналат. Түркиянын президенти жана кыргыз башкаруучуларынын ортосундагы жеке карама-каршылыктар эки өлкөнүн алакасынын начарлашына себеп болуп жатат.

“Азаттык”: Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити 24 жыл мурда өтө чоң убадалар менен башталган. Бирок бул кызматташтык маданий келишимдерден ары өтө албай келет. Түркия башында турган уюмдун азыркы абалын кандай мүнөздөйт элеңиз?

Хакан Гүнеш: Чындыгында, бул уюмдун иши баштан бери эле жакшы жүрбөй келет. Өзбекстан менен Түркмөнстан уюмдан оолагыраак туруп алышты. Саммит Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын катышуусу менен эле ишке ашып жаткан. Соңку он жылда Түркиядагы башкаруучулар Орто Азия менен эмес, Жакынкы Чыгыш жана араб өлкөлөрү менен мамилени жандантууга аракет кылышты. Экономикалык жардам, студенттик стипендиялар ошол тарапка кетип жатты. Түрк тилдүү мамлекеттерге каржылык жардам анчалык бөлүнбөй калды.

Түркия аларды кайсы бир мааниде унутта калтырды. Натыйжада түрк тилдүү мамлекеттер олуттуу чечимдерди кабыл албастан, чачырап кетишти. Балким буга чейинки эң маанилүү чечими ТүркСОЙ уюмунун түзүлүшү болушу мүмкүн. Мындан башка маанилүү иштер жасалган жок. Уюм өтө символикалуу. Түрк тилдүү лидерлер саммитке чогулганда газеталардын экинчи барагына да кабар чыкпайт. Бул – маанисин жоготкон уюм болуп турат.

“Азаттык”: Түркия менен Кыргызстандын мамилесине келсек, эки өлкөнүн алакасы жакын арада кандай өңүттө өнүгүшү мүмкүн?

Хакан Гүнеш: Бул жерде эң маанилүү фактор – Түркия менен Орусиянын мамилеси. Учак кризисинен кийинки түрк-орус мамилеси азыр бир нукка түштү. Бирок алака жакшырды дегенди билдирбейт. Азырынча бир нукка гана түштү. Натыйжада Түркиянын Кыргызстанга карата инвестициясы өсүшү мүмкүн. Бирок эки өлкөнүн алакасы минималдык өлчөмдө болот.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG