Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Түркмөнстанда түрк лицейдин мугалимдери соттолду


Түркмөнстанда Түркиядагы оппозициясы менен байланышы бар деген кине менен отуздан ашык адам узак мөөнөткө абакка кесилди.

Түркмөнстанда отуздан ашык адам өткөн жылы октябрь айында кармалышкан, арасында таанымал ишкерлер Расул Атагелдыев, Довлет Амангелдыев жана Довлет Атаев да бар.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы билдиргендей, Ахал облустук сотунун чечими менен абакка кесилгендердин көпчүлүгү түркмөн-түрк лицейинин мурунку мугалимдери жана кызматкерлери. Буга чейин “Хизмет” кыймылы менен кызматташкан деген айып менен мурдагы мугалимдер, ишкерлер камалып жатканы маалым болгон.

- Ресул Атагелдыев менен Довлет Атаевге 25 жылдан берди жана Овадан-Депедеги колонияга алып кетти. Сот 8-9-февралда чечим чыгарган, көпчүлүгү түрк лицейдин мугалимдери. Окутуучулар 12 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратылды. Алардын көбү сурак учурунда жабыр тартыптыр. Ошондуктан соттолгон мугалимдерди Байрамалидеги колонияга алып кетишти.

"Азаттык" радиосунун өз булагы Ашхабад шаарындагы "Мердем" жана "АлпЭт" ресторандарынын ээси Ресул Атагелдыев жана "Амаркет" дүкөндөр тармагынын ээси Довлет Атаев түрмөгө кесилгенин өткөн күздө маалымдаган.

- Жеке ишкер, эмерек менен иштеген Довлет Амангелдыев баштаган Довлет Режепов, Шатлык Дурдыгылычев, Батыр Атаев сыяктуу ишкерлер бар. Алар көп жылга кесилишти. Алар Байрамали колониясына жөнөтүлдү, – деп билдирген атын атабоону өтүнгөн ашхабаддык булак.

Айыпталуучуларга кайсы бир террордук топту колдоого алды деген кине коюлган. Бирок соттун чечиминде шектүү уюмдун же адамдардын аты-жөнү айтылган эмес.

Өткөн жылдын июлунда Түркияда ишке ашпай калган аскерий төңкөрүштөн кийин түркмөн-түрк окуу жайларын бүтүргөндөр, анда иштегендер ар кандай куугунтуктоого туш болуп жатышканын түркмөн журналисттери жазып келет. Кысымга кабылгандар түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын каршылашы, АКШда жашаган диний аалым Фетхуллах Гүлендин идеясын жактайт деп айыпталууда.

"Азаттыктын” жеке булактарына таянсак, Түркмөнстанда мындай куугунтукка жалпысынан 150дөн ашык адам кабылган. Алардын көпчүлүгү түркмөн-түрк окуу жайларынын мурунку мугалимдери жана кызматкерлери, таанымал түрк ишкерлери.

Айрым жергиликтүү басылмалар дагы куугунтуктар күчөгөнүн жазып жатышат. "Фергана.ру" сайты айыпталгандар сурак маалында кыйноого кабылып, адам өмүрү кыйылган учур болгонун, мындан бир нече полиция кызматкерлери кызматынан бошотулганын жазган.

2016-жылдын жайында Фетхуллах Гүлендин кыймылы Түркияда төңкөрүш аракетин жасаганы айтылып, Анкара анын уюмун террордук деп тапкан. Гүлен өзү бул айыптоону четке кагып келет. Андан бери Түркияда миңдеген кишилер Гүлендин кыймылы менен байланышы бар деген шек менен камакка алынып, иштен бошотулган.

Фетхуллах Гүленге таандык делген Кыргызстандагы "Себат" түрк лицейлери аталышын "Сапат" деп өзгөртүү сунушу каралууда. Кыргыз бийликтери бул лицейлердин өлкө коопсуздугуна эч кандай коркунуч жоктугун баса белгилеп келет.

Ал эми Казакстанда казак-түрк лицейлери “Билим инновация лицейи” деп атын өзгөрткөн. Дүйнөдөгү 100дөн ашык өлкөдөгү түрк окуу жайларынын көбүн диниятчы Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылы каржылары айтылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG