Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Крым аскерий курчоодо


Украина -- Крымдын Симферополь шаарындагы эч кандай таануу белгиси жок аскерлер. 28-февраль, 2014.
Украина -- Крымдын Симферополь шаарындагы эч кандай таануу белгиси жок аскерлер. 28-февраль, 2014.

Батыш лидерлери Москваны Украинадагы “агрессияны” токтотууга, өлкөнүн суверенитетин урматтоого, бүтүндөй Европага кооп жаратпоого үндөшүүдө. Украина бийлиги болсо мобилизация жарыялап, куралдуу күчтөрүн согуштук даярдыкка келтирди.

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк өлкө “жардын кырында турганын” айтып, орус аскерлерин чыгарууга үндөдү:

- Бул – опузалоо эмес, бул иш жүзүндө менин өлкөмө согуш жарыялоо. Орусия президенти Путинди аскерлерин алып чыгууга жана эл аралык милдеттенмелерин, эки тараптуу келишимдерди аткарууга үндөйбүз, - деди премьер жекшембиде Киевде чет өлкөлүк кабарчылар үчүн өткөрүлгөн пресс-конференцияда.

Алдынкы күнү Орусия парламентинин жогорку палатасы орус армиясын Украина аймагында пайдаланууга уруксат берген. Президент Владимир Путин Федерация кеңешине кайрылып, Крымда жайгашкан орусиялык базаны жана Украинада жашаган этникалык орустарды коргоо үчүн аскерлерди киргизүүгө уруксат сураган.

Эртеси Украина бийлиги армияны жогорку даярдыкка келтирип, мобилизация жарыялады:

- Агрессия ыктымалдыгын эске алып, Украинанын куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирүү буйругун бердим, - деди утурумдук президент Олександр Турчинов кечээ улуттук телеканалдан жасаган кайрылууда.

Өлкөнүн коопсуздук кеңешинин чечими менен тышкы иштер министрлигине Будапешт меморандумуна кол койгон өлкөлөр - АКШ менен Британияга Украинанын коопсуздугун камсыздоо өтүнүчү менен кайрылуу тапшырмасы берилди.

Маалымат агенттиктери болсо Крымдагы “өзүн-өзү коргоо” күчтөрү Украинанын аскердик базаларын көзөмөлгө алышканын кабарлашууда. “Өзүн-өзү коргоо” күчтөрү деген терминди жарым аралдын орусиячыл бийлиги колдонот.

Жекшембиде Украинанын коргоо министрлиги бир миңдей куралчан адам өлкөнүн чек ара кызматынын Крымдагы базасына кире бериштерди торошконун билдирген. Ал куралчан адамдар ким экени такталган жок.

- Абал өтө чыңалуу бойдон кала берүүдө. Биринчи кезекте Крым автономиялуу жумурияты тууралуу сөз кылып жатам. Ал жерде Орус Федерациясынын аскерлери украин куралдуу күчтөрүнүн гарнизондору жайгашкан шаарчаларды тосмолоп жатышат, - деди убактылуу президент Олександр Турчинов

Ал эми НАТОнун баш катычысы альянстын чукул жыйыны алдында Орусия бүтүндөй Европаны коркунучка кептегенин айтты:

-- Түндүк Атлантика кеңешин чогултууга – Орусиянын Украинадагы аскердик акциясы жана президент Путиндин суверендүү мамлекетти опузалоосу себеп болду. Орусиянын Украинада жасап аткандары БУУнун хартиясынын принциптерин бузат. Европадагы бейпилдикке жана коопсуздукка кооп туудурат. Орусия аскерий аракеттерин жана коркутуп-үркүтүүлөрүн токтотууга тийиш, - деген Андерс Фог Расмуссен НАТОнун жыйыны алдында.

Кеңештин чукул жолугушуусу Польшанын демилгеси боюнча өткөрүлгөн.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг болсо Москва Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн бузду деп билдирди. Бул тууралуу ал жекшембиде Киевге аттанып жатып айтты. Хейг Украинадагы кризиске катышкан тараптарды жаңжалдын алдын алууга чакырды.

Ага чейин министр Орусияны Будапешт меморандумуна ылайык, Украинанын көз карандысыздыгын урматтоого чакырган. СССР кулагандан кийин, 1994-жылы кол коюлган документте Орусия, АКШ жана Британия Украинанын эгемендигин, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо милдеттенмесин алышкан.

Ал ортодо АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын Украинадагы “акылга сыйбас агрессиясын” айыптады. Керри Кошмо Штаттары жана башка өлкөлөр тиешелүү чара көрүп, Орусияга каршы экономикалык санкцияларды киргизиши ыктымал деди. CBS телеканалында сүйлөгөн Мамкатчы июнда Сочиде өтө турган Чоң Сегиздин саммиттин бойкоттоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок. Керри бир катар өнөктөштөр менен сүйлөшкөнүн, алар да Орусияны обочодо калтыруу үчүн чара көрүүгө даярдыгын билдиришкенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG