Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Керри: “Сирия пародиясы” созулуп кетти


Жон Керри
Жон Керри

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия кризиси боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөр аягына чыгып калганын билдирди.

Сирияда эки башка максатты көздөгөн ири мамлекеттер кайсы маселелерде бир пикирде боло алат?

Сирияда АКШ менен Орусиянын геосаясий кызыкчылыгы, ошону менен катар идеологиялык карама-каршылыгы да бар экени маалым. АКШ элдин эркин сыйлоого басым жасаса, Орусия шайланган бийликти коргоого артыкчылык берүүдө.

Кошмо Штаттар өз элине кыргын салган жана эл ишениминен калган президент Башар Асад кетиши керек деген позицияны карманса, Москва, тескерисинче ага колдоо көрсөтүп жатат.

Бирок Вашингтон жана Москва Сирия менен Иракта орун-очок алган “Ислам мамлекети” жана башка террордук деп таанылган уюмдарга каршы күрөштө, аны жоготууда максаттары окшош. Муну бери дегенде алардын билдирүүлөрү далилдеп турат.

Мына ошол максатка жетүүдө АКШ жана Орусия кызматташуу жолдору боюнча сүйлөшүү баштаган. Мамлекеттик катчы Жон Керринин 22-августтагы билдирүүсүнө караганда, ал сүйлөшүүлөр аягына чыгуу алдында турат:

- Биз чындыгында эле азыркы учурда мына ошонун үстүнөн иштеп атабыз. Бир нече жумадан бери созулуп жаткан сүйлөшүү жана талкуулардын соңуна чыгып, нары же бери болуу жыйынтыгына келип калдык.

Керринин айтымында, ушул жума ичинде эки өлкөнүн өкүлдөрү жолугушат. Ага улай анын Сергей Лавров менен жолугушуусу белгиленүүдө.

“Сирия пародиясы” өтө созулуп кетти деген Керри, Сирия режимин колдогон Орусия, Иран, экинчи тараптан оппозицияны колдогон АКШ жана анын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөрү чогулуп, согушту токтотушу керектигин кошумчалады.

Орусия менен АКШнын Сириядагы кызматташуусунун негизин болсо, чалгын маалыматтарын алмашуу, “Ислам мамлекети”, "Жебхат ан-Нусра" сыяктуу террордук уюмдарга сокку урууну координациялоо жана террордук эмес, оппозициялык топторго абадан сокку урууга жол бербөө түзүүдө.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу өткөн жумадагы билдирүүсүндө, Сирия, анын ичинде Алепподогу маселени чечүү үчүн АКШ менен Орусия ортосунда активдүү сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген эле:

- Биз азыркы кезде америкалык коллегалар менен Женевада, Оманда өтө активдүү сүйлөшүү үстүндөбүз. Вашингтон менен такай байланыштабыз. Кадам сайын Алепподогу маселени чечүүгө жардам бере турган конструкцияга жакындап келатабыз. Биздин биргеликте аракетибиз мына ушул азаптуу жерде тынчтык орношуна, адамдардын үйүнө кайтуусуна жардам берет деп үмүт артууга негиз берет.

Орусия Сирия менен биргеликте Алеппо шаарын жоочулардан толук тазалоо операциясын баштаган. Бирок оппозициялык күчтөр биригип каршы туруп, “ит жыгылыш” болуп турат. Ошону менен Алеппо үчүн согуштун жыйынтыгы, жеңиштин кай тарапка оой турганы байкала элек.

Мына ошол Алеппо үчүн урушта урандылар арасынан аман чыккан беш жаштагы баланын сүрөтү Сириядагы алааматты дүйнө жүзүнө дагы бир жолу көрсөтүп, согушту токтотуу керектигин эскертти. Вашингтон жана Москва бул үчүн биргелешип аракеттенүү максатын коюп жатат. Ал ниет геосаясий кызыкчылыктар жана таймаштардын арасында чөгүп кетеби же ири мамлекеттерди кызматташууга алып келип, Сирияда согушту токтотобу? Аны Вашингтон менен Москванын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы көрсөтмөкчү.

Алепподогу бомбалоодон кийин уранды астынан чыккан бала

Омран Сириядагы согуштун символуна айланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG