Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:44

Сирия: Алеппонун урандыда калган балдары


Согуш кучагында калган Алеппо
Согуш кучагында калган Алеппо

Сириянын Алеппо шаарында авиасокку тийген үйдүн урандысынан табылган бала дүйнөнүн үрөйүн учурду. Ушуга удаа Улуттар Уюму гумжардам жетпей, согуш жүрүп жаткан аймактан чыгалбай жаткан эл ачка калганын айтып, коңгуроо какты.

Омран жашаган Алеппо шаарындагы үйгө Башар Асад жетектеген өкмөттүк күчтөрдүн авиасоккусу тийгенин укук коргоочулар билдиришүүдө. Андан үч адам өлүп, онго жакыны жараат алышкан. Жарадарлар арасында Омрандан башка дагы төрт бала бар.

Омран өткөн жылы үй-бүлөсү менен согуштан качып баратып деңизге чөгүп, сөөгүн толкун жээкке шилеп чыгарган үч жашар Айланды эске салды.

Сирияда согуш башталганына беш жылга жакындады. АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жон Кирби мына ушуну Омрандын тагдырына байланыштырды:

Омранды бомбалоодон кийин уранды астынан табышкан. Алеппо
Омранды бомбалоодон кийин уранды астынан табышкан. Алеппо

- Сириялык баланы урандылардын алдынан алып чыгып жаткан видеолор жана сүрөттөр жүрөктү жаралады. Бул жеткинчек өз өмүрүндө согушсуз, өлүмсүз, урап-талкалоосуз бир да күндү көргөн эмес.

Кирби Алеппого 48 сааттык болсо да тынчтык режимин киргизүүнү колдоого алды.

Акыркы күндөрү Алепподо Сирия президенти Башар Асаддын аскерлери менен куралдуу оппозиция өзгөчө кагылышууда. Армия шаардын батыш ыптасын, козголоңчулар чыгышын көзөмөлдөп турушат.

Августтун башынан бери эле атышуулар, авиасоккулар мындагы 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алып, 700үн майып кылды.

Согуш күчөгөнүнө байланыштуу бейшембиде Улуттар Уюму Сириядагы гуманитардык миссиясын убактылуу токтотту. БУУнун Сирия боюнча өкүлү Стеффан де Мистура августта гумжардам Сириядагы камоодо турган бир дагы аймакка, анын ичинде Алеппого жетпегенин баса белгилеп, тынчтык режимин киргизүүнү кайрадан айтып чыкты:

- Мен кайрадан, Улуттар Уюмунун Баш катчысынын жана бүткүл Сирия элинин атынан Алеппого 48 сааттык ок атышпоо режимин киргизүүнү талап кылам.

Мистура АКШ менен Орусия Сириядагы кризисти чечүү боюнча топтогу таасирдүү тараптар экенин эске алып, алар тынчтык үчүн көбүрөөк аракет кылышы керектигин кошумчалады.

Алеппо
Алеппо

Орусия Омранга байланыштуу окуядан кийин Алепподо ок атышууну 48 саатка токтотууга макул болду. Ал эмки жумадан тарта күчүнө кириши күтүлөт.

Августтун башында БУУ Алепподогу абал гуманитардык катастрофага жакын экенин билдирген. Шаарда электр системалары жана суу түтүктөрү толук жарактан чыккан.

Ушу тапта 600 миңдей тургун, анын ичинде балдар, аялдар жана карылар Сириянын камоодо калган аймагынан чыга албай турушат. Согуш күчөгөн убактан бери аларга гуманитардык жардам жетпей, ач, дары-дармексиз отурушат.

Сириядагы жарандык согуш беш жылга жакын убакыттан бери токтобой келет. Куралдуу жаңжалга Орусия бир жыл мурда аралашып, Асадды колдогон. Орус авиациясы “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары көзөмөлдөгөн жерлерге гана сокку уруп жатканын айтууда. АКШ менен Евробиримдик Асадга оппозиция болгон күчтөр, арасында карапайым адамдар да айрым учурларда орус тараптын бутасына илинип жатканын айтып келишет.

БУУнун эсебинде согуш учурунда 400 миң киши курман болушкан.

Омран Сириядагы согуштун символуна айланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

XS
SM
MD
LG