Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Инновация: Кыргызстан коңшулардан артта калды


2016-жылга Глобалдык инновациялык көрсөткүчтөр жарыяланды. Он жылдан бери Интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча дүйнөлүк уюм жана Нью-Йорктогу Корнельск университети тарабынан чыгарып келген кезектеги баяндамада кайсы мамлекеттер лидерликке чыккан? Кыргызстан канчанчы орунга арзыган?

Дүйнөдөгү 128 өлкөнү камтыган жаңы жарыяланган баяндамада инновациялык индекс боюнча биринчи орунга Швейцария чыккан. 100 баллдык шкалада европалык бул мамлекет 66.3 балл алган. Швейцария мамлекеттик институттары, салык системасы, инвестиция, насыя алуу жеңилдиги, экология жагынан жогору баллга татыган.

Швейцариядан кийинки орунду Швеция ээлеген. Үчүнчү орунда Британия, анын артынан АКШ, Финляндия, Сингапур, Дания жана Голландия жайгаштырылган.

​Биринчи ондуктун катарына булардан сырткары Германия кирген. Ал эми Азия мамлекеттеринин ичинен 11- орунду Түштүк Корея, Жапония 16-орунду ээлеген. Гонконг 14- орунда турат.

Эксперттер инновациялык көрсөткүчтөр боюнча дурус дегидей абалга Кытай жетишкенин белгилешүүдө. Бээжин 2015-жылы 29-орунду ээлесе, быйылкы жылы 25-орунга көтөрүлгөн. Мындай жогорку орун буга чейин кирешеси жогору жана өнүккөн өлкөлөрдүн шыбагасына тийсе, орточо кирешелүү Кытай мына ошол алдыңкылардын катарына кирип келген.

Интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча дүйнөлүк уюмдун баш директору Френсис Гарри Швейцариянын ийгилиги менен катар Кытайдын 25-орунга чыгышын атайын белгиледи:

- Швейцария дагы жогоруга чыкты. Кытайга көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берерсиздер деймин. Ал 25-орунга чыгып, кирешеси ортодон жогору өлкөлөр үстөмдүк кылган топко келип кошулду. Кытайдын өткөн жылдан бери өнүгүшүн, анын ичинде инновация тарабында жасап жатканын байкоого алганда, Кытайда жасалган дегенден көрө Кытайда ойлонулуп чыгарылган дегенге өтүүсү жемишин берүүдө.

Мурунку СССР мамлекеттеринин ичинен инновациялык көрсөткүч боюнча 24-орун менен Эстония алдыга чыккан. Андан кийин 34-орунда Латвия турат. Ал эми Орусия 43-орунда болсо, кошуна Казакстан 75-орунду ээлеген.

Кыргызстан инновациялык индекс боюнча КМШ мамлекеттеринин ичинен эң артта калып, 103-орунга татыган. Кошуна Тажикстан абалын бир топ жакшыртып, 86-орунду алган.

100 баллдык шкала боюнча берилген баада Кыргызстан 26,6 балл алган. Республикадагы башкаруу сапатына эң төмөнкү баа, 15,8 гана упай берилген. Илим-изилдөө, жаңы технология жана креативдик өндүрүш сыяктуу тармактарга да 15тин тегерегинде гана балл берилген.

Дүйнө региондорунун ичинен алганда, Европанын үч мамлекети Швейцария, Швеция жана Британия алдыңкы үч орунду ээлеген. Түндүк Америкадан АКШ менен Канада, Түштүк Америкадан Чили лидерликке чыккан. Чыгыш Азия мамлекеттеринен Түштүк Корея, Гонконг жана Сингапур, Борбордук жана Түштүк Азиядан Индия, Казакстан жана Иран инновацияда лидерликке жетишсе, Түндүк Африка жана жакынкы Чыгышта Израил, Кипр, Бириккен Араб Эмирлиги ийгиликке жетишкен.

Интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча дүйнөлүк уюмдун башкы директору Фрэнсис Гарри инновацияга инвестиция салуу узак мөөнөттүк экономикалык өсүштү камсыздоонун маанилүү шарты болорун белгилейт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG