Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Ирандын ядролук программасы кантип башат алган?


2-апрелдеги баштапкы макулдашуунун шарттарына ылайык, Иран уран байытуучу жабдуусу-центрифугалардын (сүрөттө) санын азыркы 19 миңдин тегерегинен 6100гө түшүрүүсү керек.

2-апрелдеги баштапкы макулдашуунун шарттарына ылайык, Иран уран байытуучу жабдуусу-центрифугалардын (сүрөттө) санын азыркы 19 миңдин тегерегинен 6100гө түшүрүүсү керек.

Ирандын ядролук программасы боюнча талкуу жана талаш-тартыштар күчөп турган учур. АКШда Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча сүйлөшүүдөгү Вашингтондун позициясы сынга да кабылды. Тарыхка кылчайсак, өткөн кылымдын 70-жылдарында Ирандын ядролук программасын түзүүдө АКШ негизги ролду ойногон экен.

Азыр талашка түшүп жаткан Ирандын ядролук программасынын тарых-таржымалы өткөн кылымдын 70-жылдарына барып такалат. Программанын негиздөөчүсү, окумуштуу Акбар Этамад анын кантип пайда болгонун “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтып берди.

1973-жылдын этегенде ал Иранды дүйнөнүн алдыңкы державаларынын катары кошо ала турган ядролук программа түзүү мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшүү үчүн шахтан чакыруу алат. Шах Мохаммед Реза Палави саны өсүп бараткан Иран калкын келечекте энергия менен жетиштүү камсыздоо үчүн анын булактарын түзүү зарыл деген тыянакка келет. Швейцарияда билим алган, атомдук энергетика боюнча адис жана Хамедандагы Бу-Али Сина университетинин ректору Этамад бир канча атомдук электр станцияларын куруунун экономикалык максаттуулугун изилдөөгө киришет. Бир айдан соң ал өз долбоорун шахка сунуштайт.

"Шах аны бир жарым сааттай окуп отуруп, менден көп нерселерди тактап сурады. Окуп бүткөн соң документти премьер-министр Ховейдага тапшырып жатып, Мен Этемаддын ойлору менен толук макулмун, муну так ушундай ишке ашыруу керек” – деп айтты, -деди Акбар Этамад Франциядан телефон аркылуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып.

Ошону менен Иран ядролук держава болушу керектиги чечилип, Этамад долбоорду башкарып калат.

Эң биринчи шахтын чечими компетенттүү болушу үчүн Этемад жарым жылдай жума сайын атом энергетикасы жана ядролук технология боюнча жеке өзү шахка маалымат берип турат. Бур аралыкта ал программа тынчтык максатты көздөйбү же аскерий аспектилери барбы деген суроого жооп издеп, шахтын аны ойлоп табуудагы ниетин билгиси келет. Бирок ал оңойго турбайт.

Бир жолу ал шахтан сиз азыр реактор түзүү менен бомбанын айырмасын жана байытуу деген эмне экенин билип калдыңыз. Мындан ары менин ишмердигимден эмнени күтөсүз деп сурайт.

Бул суроого шах "Азыр биз ядролук куралга муктаж эмеспиз, Ирандын азыр аймакта жетиштүү таасири бар. Эгер жакынкы 10, 15, же 20 жылда аймакта аскерий абал өзгөрө баштаса анда керек болушу мүмкүн” деген жооп узатат.

Мындан улам Этамад Иранга качандыр бир бомба керек болуп калса, аны жасоого мүмкүнчүлүк болушуна кам көрө баштайт.

Ошентип Иран дымактуу жарандык ядролук программасын ишке ашырууда 23 000 мегаватт электр энергиясын бере ала турган 23 ядролук раектор курмакчы болот. Бул үчүн батыштын бир канча өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр башталат.

1974-жылы Тегеран ядролук куралды жайылтпоону, ядролук курал жасоо үчүн байытуу иштери жүрбөгөнүн тастыктоого инспекторлорго мүмкүндүк берүүнү кепилдеген келишимге кол койот. Ушул эле жылы Бушерде эки реактор куруу боюнча Германиянын бир компаниясы менен макулдашат. Иран ошол эле кезде күчтүү союздашы – шахтын ядролук программа боюнча дымагын колдогон АКШ менен сүйлөшүү жүргүзө баштайт.

Этемаддын сөзүнчө, 1974-78- жылдар аралыгында Вашингтондо жүргөн сүйлөшүүлөр башында эле тоскоолдуктарга кабылып, келишим түзүлбөй калышынан кабар бере баштайт.

"Мен эки өлкөнү оюмдан чийип салганды элестеттим. Анын бири Америка, экинчиси Советтер Союзу эле. Бул эки зор өлкө сүйлөшүүлөрдө өз каалоорлорун таңуулай башташты. Мен алардын эрежелери менен ойногум келген жок" дейт Этамад

Акырында 1978-жылы Вашингтон менен Тегеран келишимге жетишип, бирок Иран АКШ берген ядролук отунду кайра иштетмекчи болот. Бирок бул ишке ашпай калат. Анткени 1979-жылдагы Ислам революциясы шахтын башкаруусуна да, анын ядролук кыялына да жана АКШ менен атомдук кызматташууга да чекит койот. Окумуштуу Этемад болсо революциядан бир аз мурун өлкөдөн чыгып кеткен эле. Анын байкоосунда, Иран Ислам Республикасы андан соң ядролук программаны толук токтотуп, 1980-жылдары ядролук изилдөөлөрдү жүргүзүүгө бир аз аракет болот, а 1990-жылдары шах түптөгөн жол менен кетүүнү чечет.

Окумуштуу азыр да Ирандын талаш туудуруп жаткан атомдук ишмердигине байланышкан кырдаалга абай салып турат. Ал Ирандын ири алты держава менен келишимге жетүү аракетине оптимизм менен карайт. Бирок бул келишим Батыш Иранга өз талаптарын таңуулаганга жол ачат деп ойлойт. Окумуштуу канткен менен Ирандын ядролук програмасы азыр кай максатты көздөрүн билбестигин айтат.

"Ядролук программанын максаты ачык эмес, Ислам револициясынан кийин анын максаты кандай болгонун мен билбейм" - дейт Ирандын ядролук программасын негиздеген окумуштуу.

Ирандын азыркы ядролук программасы боюнча Тегеран менен Батыш ортосундагы талашка 12 жылга аяк басты. Бул программа боюнча ири алты өлкөнүн сүйлөшүүсү корутунду келишимге жете албай келет. Анын мөөнөтү алгач өткөн айдын этегине, 30-июнга белгиленген эле. Бирок бул мөөнөт дагы бир жумага жылып, тараптар эми 7-июлга чейин корутунду келишим боюнча бир бүтүмгө келиши абзел. Иран сүйлөшүп жаткан бул топко АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия кирет.

Бул өлкөлөр Иранды ядролук программасын чектөөгө ынандырып, анын ордуна Тегеранга каршы киргизилген эл аралык санкцияларды алып салууга көндүрүүнүн аракетин көрүшүүдө. Жогоруда аталган алты чоң держава Тегеран ядролук программасын согуш максатында пайдаланышы мүмкүн деп кооптонушат. Иран өз кезегинде атомдук курал жасоого умтулбаганын айтып жүрөт.

АКШда буга чейин эгер Иран менен мунаса табылып, жыйынтык келишим жетишилсе, санкцияларды жоюудан мурда Конгресске келишимди бир ай ичинде кайра карап чыгууга укук берген мыйзам да кабыл алынган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG