Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Обама Ирактагы согушкерлерге каршы стратегиясын жарыялайт


АКШ президенти Барак Обама 10-сентябрда өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган уюм менен күрөшүү стратегиясын жарыялайт. Бул тууралуу ал 7-сентябрда NBC телеканалына интервьюсунда айтты.

Барак Обаманын өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган уюмдун согушкерлерине каршы стратегиясы Нью-Йорктогу 2001-жылдын 11-сентябрындагы ири террордук чабуулдун 13 жылдыгын утурлай жарыяланганы турат. Обаманын NBC каналына берген интервьюсу АКШ Ирактын Анбар провинциясындагы стратегиялык объект болуп эсептелген суу сактагычты ээлеп алууга аракет жасап жаткан согушкерлерге абадан чоң сокку урган күнгө туш келди. АКШ президентинин айтымында, "аларды алсыратуу иши системалуу түрдө жүргүзүлөт жана натыйжада жеңиш камсыз болот".

- Бир айдан бери жүргүзүлүп жаткан иш-аракетибиздин максаты - “Ислам мамлекети” тобуна тоскоолдук гана кылбастан, алардын мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө алсыратуу экенин адамдар түшүнүшү керек. Биз алар көзөмөлдөгөн аянтты кыскартып, натыйжада толук жеңишке ээ болууну максат кылуудабыз, - деди Обама.

Ал арада Ирактын өкмөттүк күчтөрү суу сактагычтан болжол менен 10 чакырым түштүк тарапта жайгашкан Барвана районун көздөй контрчабуулун баштады. Аталган район жайгашкан Анбар провинциясынын губернатору Ахмед ал-Дулайми Барванага барганда минометтон атылган октун тилиндиси тийип, башынан жараат алганы кабарланды. Ал-Дулайми август айында айткан сөздөрүнүн биринде ал Анбарда согушкерлер менен күрөшүү үчүн Америка Кошмо Штаттарынан жардам сураган ирактык аткаминерлердин бири экенин маалымдаган болчу.

АКШнын коргоо министри Чак Хейгел 7-сентябрда Грузиянын борбор шаары Тбилисиде сүйлөп жатып Анбардагы согушкерлерге каршы авиачабуул Ирак өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча жасалганын билдирди. Хейгел ал жактагы Хадита суу сактагычын Ирак үчүн өтө маанилүү объект деп атап, ага залака тие турган болсо кесепети канчалык оор болорун эскертти:

- Эгер суу сактагыч “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлеринин колуна өтүп, талкаланса, залакасы өтө чоң болот, - деген Чак Хейгел суу сактагычты согушкерлердин басып алышы чоң тобокелдик жаратып, ошону менен катар АКШнын Ирактагы кызыкчылыктарына да доо келтирмек деп кошумчалады.

2-сентябрда Барак Обама Иракка ага чейин жөнөтүлгөн 400дөн ашуун аскерге кошумча дагы 350дөн көп күч кызматкерин жөнөтүүгө уруксат берген болчу. Ак үйдүн билдиришинче, алар АКШнын дипломат кызматкерлерин жана объекттерин коргоо, ошондой эле Ирак өкмөтүнүн өзүн “Ислам мамлекети” деп жарыялап алган уюмунун желдеттерине каршы согушун колдоону улантуу үчүн жөнөтүлдү. Бирок алар согушка түздөн түз катышпайт.

Ефрат дарыясындагы Хадита суу сактагычы Рамади шаарынын батыш жагында жайгашкан. Ал өлкөнүн батышын электр энергиясы жана суу менен камсыз кылып турат.

7-августта АКШ президенти Барак Обама Ирактагы согушкерлердин мизин кайтаруу үчүн абадан таамай сокку урууга уруксат берген. БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Ирактагы аба соккулары ирак өкмөтүнүн өтүнүчү менен жасалып жаткандыктан ага Улуттар Уюмунун мандаты талап кылынбай турганын эскерткен.

XS
SM
MD
LG