Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

PNAS: Ит дүйнөгө Орто Азиядан тараган


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандагы куу илбирстер терең изилдене баштайт. Окумуштуулар алгачкы иттер Орто Азияда пайда болгонун айтып чыгышты. Ал эми Африкада байыркы доордо жашаган өзгөчө адамдын сөөгү табылды.

Ысык-Көлдө биринчи ирет куу илбирске радио моюнтук салынды

Пантера эл аралык илбирстерди коргоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, ушул жумада изилдөө максатында Кыргызстандагы куу илбирске радио моюнтук кийгизилди.

Өлкөдөгү илбирстердин өзгөчө түрүн изилдеп жүргөн америкалык жана жапон окумуштуулары өткөн жумада Ысык-Көл облусундагы Сарычат-Эрташ жаратылыш коругунда биринчи ирет куу илбирске спутник менен радио байланышта болгон моюнтук кийгизди.

Вашингтон университетинин жаш илимпозу Шэннон Кахелдин айтуусунда, спутник менен байланышы бар моюнтук илбирстин жашоо образын жакыныраак изилдегенге мүмкүнчүлүк берет. Анткени, анын ар бир кадамын кайда жүрбөсүн атайын сигнал аркылуу компьютерден карап турса болот. Изилдөөнүн жыйынтыгы менен окумуштуулар жоголуп бараткан илбирстерди сактап калуунун жана аларды көбөйтүүнүн жолун иштеп чыгууну көздөөдө.

Расмий маалымат боюнча бүгүнкү күндө Кыргызстанда болгону 300гө жакын гана куу илбирс калган.

Ит жаныбары Орто Азиядан тараганбы?

Окумуштуулар колго үйрөтүлгөн иттер Орто Азиядан тараганын айтып чыгышты. Бул тууралуу PNAS илимий журналы жазып чыкты.

Илимпоздордун айтуусунда, иттин Канис лупус (Canis upus) аттуу породасы мындан 15.000 жыл мурда Евразияда пайда болгону мурда эле белгилүү болгон. Бирок буга чейин алгачкы иттер кайсы аймактан тараганы боюнча так илимий далил жок болчу.

Жалпысынан 38 өлкөдөн 5000дей иттин ДНКсын изилдегенден кийин окумуштуулар алгач иттер Орто Азияда пайда болуп, анан Европага тараганын аныктаган. Андан кийин гана үй иттери Африка жана башка аймактарда пайда боло баштаган деп билдирет изилдөөгө катышкан окумуштуу Адам Бойко.

Анын айтуусунда, Орто Азия чөлкөмүндө пайда болгон мезолит доорунун алгачкы иттери кадимки карышкыр сыяктуу жапайы, жырткыч жаныбар болгон. Убакыт өткөн сайын аңчылык кылган адамдар көбөйүп, жапайы иттер адамдардан калган таштандылар менен тамактанып, акырындык менен үй жаныбарына айлана баштаган.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча иттердин жүздөгөн түрү болгону менен, алгачкы иттердин тукумдары жокко эсе.

Африкада өзгөчө адамдын мүрзөсү табылды

Түштүк Африкада өзгөчө тулку бойлуу байыркы доордо жашаган адамдын сөөгү табылды. Маалыматтарга ылайык, табылган адамдын мээсинин көлөмү кичине жана кол жана бут сөөктөрүнүн түзүлүштөрү адамдыкынан айырмаланып турат.

Окумуштуулардын айтышынча, табылган адамдын теги "хомо наледи" деп аталат жана алар болжол менен мындан эки миллион жыл мурда жашаган. Мындай тектеги сөөк биринчи жолу табылып жатат. Анткени "хомо налединин" бут тамандары жерде басканга ылайыкталганы менен, кол манжалары жана алаканы даракта асылып жашаганга ыңгайлаштырылган.

Андыктан, бул адамдын түрү маймылдар адамга айлана баштаган убакта жашаганын билсе болот.

Табылгынын дагы бир кызыктуу жагдайы бул сөөктүн көмүлгөн ритуалдарында жатат. Адистердин билдиришинче, маймыл сыяктуу адамдар хомо сапиенстин эң примитивдүү түрүнө кирет. Табылган сөөктүн көмүлүү салты азыркы адамдардыкына окшош экени белгилүү болду. Анткени сөөк атайын даярдалган чуңкурга көмүлгөн.

XS
SM
MD
LG