Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:34

Суутек менен жүргөн машине чыкты


Cуутек менен жүргөн машине
Cуутек менен жүргөн машине

Жапондор "Мирай" деп аталган суутек менен жүрүүчү машине чыгарды. Телефонго үңүлүү моюнга 27 кило жүктү коюп койгонго барабар. 3D принтер жасалма кол-буттарды чыгара баштады.

Машине чыгарган "Тойота" компаниясы суутек менен жүрүүчү "Мирай" деп аталган унаасын 15-декабрда Жапонияда сатыкка алып чыкканы турат. Британияда жана Европанын бир катар өлкөлөрүндө мындай унаа 2015-жылдын сентябрында суутек куюучу жайлар курулуп бүткөндөн кийин сатыкка коюлат.

Бул унаанын кыймылдаткычындагы уникалдуу энергия электрохимиялык генератордун ичинде суутектин кычкылдануусунан бөлүнүп чыгат. Электромотордун кубаты 136 ат күчүнө барабар. Унаанын багына толтурулган суутек менен 480 чакырымга чейин жол жүрсө болот жана кайра аны толтурууга үч гана мүнөт кетет.

Батыштагы бир канча маалымат каражаттары бул жаңылыкты чоң кадам катары баалашууда. Себеби дүйнөдөгү автоунаа чыгарган бир канча компаниялар, окумуштуулар, инженерлер аба булгабаган, табиятка көп зыян келтирбеген машине чыгаруунун үстүндө бир топ жылдан бери изденип келатышкан.

"Тойотанын" жетекчилеринин айтуусунда, суутек менен жүрүүчү унааны калың элге жайылтууга ондогон жыл керек. Биринчиден, баасы карапайымдар үчүн кымбат болсо, экинчиден, суутек куюучу жайларды курууга убакыт керек жана кийинки жылы компаниянын мындай унаадан 700дү гана жасаганга чамасы жетет.

Телефондун омурткага кесепети кандай?

Жаңы изилдөөлөр аныктагандай, башты эңкейтип алып телефонго үңүлүү - моюнга 27 кило жүктү коюп койгонго барабар экен. Бул эсептөөлөрдүн бирин "Эл аралык хирургиялык технологиялар" журналы адам телефон кароо үчүн башын эңкейтүүгө жумшаган күчүн ченөө аркылуу жүргүзүшкөн.

Ал эми Нью-Йорктогу омуртка хирургу Кеннет Хансраж далыны компьютердик модель аркылуу эсептеген. Адамдын башынын салмагы орточо эсеп менен 4,5-5 килограмм. Адам ылдый карап эңкейгенде тартылуу күчүнөн улам баштын салмагы көбөйөт.

Эгер адамдар телефонун башты эңкейтпей, бет маңдайдан түз карап көнбөсө, моюн, арка сөөктөргө күч келип, кыйшайып, ал тургай мунун арты операция менен аякташы ыктымал.

3D принтер жасалма кол-буттарды чыгара баштады

Open Bionics деп аталган компания дүйнөдө биринчилерден болуп 3D принтерде майып балдар үчүн арзан кийме кол-буттарды чыгара баштады. Балдар бойго жеткен сайын аларды да улам чоңойтуп, өзгөртүп турса болот.

Буга чейин жасалма кол-буттардын баасы 70 000 евронун тегерегинде болуп, негизинен косметикалык максатта эле жасалып келген. Ал эми Open Bionics болсо 3D принтери менен оңой-олтоң кыймылдай турган роботтук кийме кол-буттарды 1 200 еврого чыгарып беребиз деп убада берүүдө.

Бирок жасалма колдордун акыркы варианты толук иштелип бүтө элек. Инженерлер аларды жеңил жана ийкемдүү кылып чыгаруу үчүн күч жумшап жатышат. Жакынкы айларда сатыкка чыгарышарын Телеграф агенттиги жазды.

Уюган чаңдуу шамалдар фантастика эмес

Азыркы убакта абдан популярдуу болуп жаткан "Интерстеллар" көркөм тасмасында Жер планетасын толугу менен уюган калың чаң каптап, өсүмдүктөр түшүм бербей, адамзатта бир гана үмүт болот - башка планета таап, көчүп кетүү.

Көрсө ал көркөм тасмадагы уюлгуган чаң ойлоп табылган фантастика эмес экен. Бул адамдын тийгизген таасиринен улам пайда болгон экологиялык алаамат экен. Талаа-түздөрдү айдоо аянты үчүн колдонуп, жер бетин эле тырмап-тытып жибергенде, анын кыртышы бузулуп, өсүмдүк өспөй, кургак чөлгө айлангандан келип чыгат. Бул көрүнүш азыр дүйнөнүн көп жерлеринде болуп жатканын АКШнын Коомдук радиосу кабарлайт.

Жакында Кытай менен Африкада жаңы аймактарда уюган бороон башталып, миңдеген гектар аймактарды каптады.

Бул көрүнүштүн күнөөкөрлөрүнүн бири эчки деп билдирет Коомдук радио. Анткени эчки өсүмдүктөрдү түп-тамыры менен казып жеп, жашыл талааларды чөлгө айлантууга түрткү болууда.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG