Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Жапонияда мотоцикл айдаган робот жасалды


Токиодогу эл аралык роботтор көргөзмөсүнө коюлган робот. 2009-жыл (Макаладагы роботко мунун тиешеси жок)
Токиодогу эл аралык роботтор көргөзмөсүнө коюлган робот. 2009-жыл (Макаладагы роботко мунун тиешеси жок)

Жапонияда мотоцикл айдаган робот пайда болсо, АКШда адам өмүрүнө коркунучу жок тапанча жасалып чыкты. Ал эми Кытайда чатыры жок кол чатыр сатыкка чыга баштайт.

Өткөн жумада Токиодо өткөн 44-унаа көргөзмөдө жапондун "Ямаха" компаниясы адам сыяктуу темир роботко мотоцикл айдатып, көрүүчүлөрдү таң калтырды.

Ишкананын маалыматына ылайык, “мотобот” деп аталган робот кадимки эки дөңгөлөктүү мотоциклди айдай алат. Мындай ноу-хау аркылуу "Ямаха" келечекте пайда болчу жолдогу робот транспорттун коопсуздук системасын өнүктүрүүнү каалайт. Андан сырткары мотобот келечекте мотоцикл жарыштарына катышуу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Мотобот али коомдук жолдо текшерилип көрө элек, учурда адистер роботко мотоциклдин бардык түрүн айдай алчу системаны орнотуунун үстүндө иштөөдө.

АКШда туз чача турган тапанча чыгат

Чикаго шаарындагы "Солт" (Туз) деп аталган старт-ап ишкана туз ок менен атылчу тапанча жасап чыкты. Маалыматтарга ылайык, бул тапанча өзүн-өзү коргоого же үйдө сактоого багытталган курал.

Мунун өзгөчөлүгү – тапанчанын огу пластик кутуча сыяктуу атылып, анын ичинде туз аралашкан чачма күкүм болот. Эң негизгиси, бул пистолет адамды өлтүрө атпай, болгону кайсы бир убакытка адамдын көрүү функциясын иштетпей койот.

Адистердин айтуусунда, бул курал массалык түрдө коопсуздук үчүн колдонулса, акыркы жылдардагыдай тынч жашоодо окко учуп өлгөндөр азайат, анткени тапанчанын огу адамдын денесине кирбей, сырттан гана таасир берет жана кайсы бир убакыттан кийин зыяны жоголот.

Туз менен атылчу тапанчаны жасап чыккан адистердин айтуусунда, бул идея аларга акыркы жылдардагы АКШда жөнөкөй жарандардын курал колдонуп, бир канча адамдын өмүрү кыйылган окуялардан кийин келген.

Учурда аталган жаңы ишкана туз тапанчаны жасап чыгып, сатыкка чыгарууга инвестчи издөөдө.

Кытайда кол чатырдын өзгөчө түрү чыкты

Кытайлык эки ишкер аба аркылуу жаандан тосо турган кол чатырдын моделин жасап чыкты. Маалыматтарга ылайык, бул өзгөчө табылга атайын орнотулган шамал айдачу вентилятор менен жабдылган.

Жаан жааганда кичинекей союл сыяктуу кармагычтан шамал айдап, адамдын айланасында абанын коюу катмарын пайда кылып, жамгырдын тамчысын өткөрбөй кургатып турат.

Аба кол чатыры батарейка менен иштейт жана алар 15-30 мүнөткө чейин шамал айдап тура алат.

Ишкерлердин айтуусунда, алгач жаңы кол чатырдын үч түрү ушул жылдын декабрь айынан баштап жасала баштайт.

3D принтерден чыккан бикини сууну тазалайт

Калифорниялык инжернерлер океандын суусун тазалай турган бикини жасап чыгышты. Белгилүү болгондой, үч мерчемдүү принтерден атайын соргуч материалдан жасалган бикинилер суудагы ашыкча зыян заттарды өзүнө соруп, ичине сактай алат.

Мындай жол менен сууда сүзүүчүлөр экологияны тазалаганга өз салымын кошсо болот.

Аталган соргуч чыт-материал Sponge деп аталат жана ал мындан бир канча жыл мурда иштелип чыккан. Sponge сууда турганда сууну сорбой, андагы жаман заттарды гана өзүнө тартып ала алат.

Океандагы туз сыяктуу керексиз заттар соргуч материалдын ичинде сакталып калгандыктан, бикинини кийген адамга зыяны жок. "Акылдуу" бикинилердеги өзгөчө материалды кайсы бир убакыт өткөндө алмаштырып турса болот.

Эксперттердин айтуусунда, бул материалды океандардан сырткары көлмө сууларды тазалаганга кеңири колдонуп, жер бетиндеги кир сууларды оңой жана аз чыгым менен тазалоого жол ачса болот.

XS
SM
MD
LG