Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:51

Саясат

Үчүнчү бирөө табышмагы же кезектеги конституциялык реформа

21-январда Кыргызстандын Конституциялык соту президент Курманбек Бакиевдин Башмыйзамды өзгөртүү боюнча сунуштарын карайт. Мамлекет башчысынын башкаруу системасын реформалоо демилгеси Конституцияга кайчы келери такай айтылып келатат.

Конституциялык жаңылоо артынан борбордук агенттиктин төрагасын президенттин милдетин аркалоого, атасынан мамлекетти башкаруунун эки тизгин бир чылбырына ээ чыгышына алып келбес бекен түкшүмөл суроосун жаратууда.
x
Конституциялык жаңылоо артынан борбордук агенттиктин төрагасын президенттин милдетин аркалоого, атасынан мамлекетти башкаруунун эки тизгин бир чылбырына ээ чыгышына алып келбес бекен түкшүмөл суроосун жаратууда.
Текст көлөмү - +
Конституцияга киргизилчү өзгөрүүлөрдүн эң орчуну президент кызматтык милдетин аткара албай калган чакта анын ордун ким басат суроосу болууда.

Эртелеп келген экинчи мөөнөт

1993-жылкы Конституция эчен ирет өзгөртүлгөнү менен, анын негизги принциптеринин бири болуп эсептелген президент өз милдетин аткара албай калган чакта эки тизгин – бир чылбыр өкмөт башчыга, андан артса Жогорку Кеңеш төрагасына өтөрү ырасталып келген. Бийлик бутактарынын милдети менен жоопкерчиликтери так көрсөтүлгөн конституциялык норма бул ирет таанылгыс өзгөртүлүп, мамлекет башчысы кызматын аткара албай калган чакта анын ордун ким ээлерин президенттик кеңеш чечери чоң талаштарды жаратууда.

Башмыйзамдын эреже-талаптары антип биринчи ирет бузулуп жатса артынан чоң талаш-тартыштарды жаратмак деле эмес. Өткөн
Кыргызстанда демократия бар экендигин, бар эле эмес, ал мына ушундай укуктук-демократиялык жолдо өнүгүп жаткандыгынын көрсөткүчү.
жылы ошол эле Конституциялык соттун президенттин беш жылдык мөөнөтүн бир жылга кыскарткан айныксыз чечимин парламент колдоп, саратан жайда шайлоо өткөн.

Аны “Ак Жол” партиясынын төрага орунбасары Автандил Арабаев мындайча чечмелеп берген.

- Ушул бир жыл калып, ошондон эрте өткөрүүгө президентибиздин макул болгондугу, бүгүнкү күндө коомдун ошого макулдугу бул Кыргызстанда демократия бар экендигин, бар эле эмес, ал мына ушундай укуктук-демократиялык жолдо өнүгүп жаткандыгынын көрсөткүчү.

Эшик кимге ачылды?

Күтүлгөндөй төрт жылдан кийинки саратан жайдагы шайлоодон утуп чыккан президенттин экинчи мөөнөтү башкаруу системасын жаңылоо демилгеси менен башталды. Натыйжасы өкмөткө караганда өтүмдүү Максим Бакиевдин Өнүгүү, инвестиция, инновациялар борбордук агенттигинин түзүлүшүнө алып келди. Эмки конституциялык жаңылоо артынан борбордук агенттиктин төрагасын президенттин милдетин аркалоого, атасынан мамлекетти башкаруунун эки тизгин бир чылбырына ээ чыгышына алып келбес бекен түкшүмөл суроосун жаратууда.

Акыйкатта да, башкаруу системасын жаңылоо М.Бакиевдин чоң кызматка келишине эшик ачып берсе, Башмыйзамга киргизилчү кезектеги өзгөрүүлөр дагы кандай жаңылыкты алып келерин азыр эч ким так айтып бере албайт.

“Кыргызстанды сактоо” кыймылынын төрагасы Мукар Чолпонбаевдин ырасташынча, кызматты өткөрүп берүүнүн укуктук жөрөлгөлөрү аягына чыгууда.

- Ал кызматты өткөрүп бергенден кийин өзүңүздөр күткөндөй эле парламент таркатылат да, андан кийин парламентке да
Андан кийин парламентке да президентке да шайлоолор болот.
президентке да шайлоолор болот.

Азырынча алдагыдай божомолдун чынга чыгышына тоскоол болчу жагдайлар катары президенттин уулу Максим Бакиевдин ысмы атасынын аркасы менен гана аталып келатканы, чоң иштин өтөлүнө чыга электиги, анан да мамлекеттик тилде эркин сүйлөй албастыгы айтылууда.

Алдыга кетсең атың... артка кетсең арабаң...

Анткен менен Кыргызстанда дагыле мурунку президент А.Акаев тушундагыдай үй-бүлөлүк башкаруу күчөп кеткени, 2005-жылы элдик толкундоолордун деми менен бийликке келген К.Бакиевдин кылкылдаган көпчүлүк алдында дембе-дем берген убадаларынын көбү аткарылбай, атүгүл адам укугунун, сөз эркиндигинин сакталышы жагынан өлкөнүн артка кеткени өкүнүч менен белгиленүүдө.

Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов учурда бийликти кандай да болсо сактап калуу, аны үй-бүлөнүн колунан чыгарбоо аракети саясий кысым, куугунтуктоолор менен коштолуп жатат, деген пикирде.

- Мына бул шайлоону да көрдүк. Чындыгын айтканда, легитимсиз бийлик бул. Эми эптеп-септеп мына бул бийликти кармап турсак деп, анан башын көтөргөн, акылын көрсөткөн адамдарды көтөрүп жерге чаап, жок кылып, андан кийин жыргап башкарсак дейт.

Президент К.Бакиевдин демилгеси менен Конституциялык сотко жолдонгон жаңы мыйзам долбоору ал жерден колдоо таап калса Башмыйзамды жаңылоо жөрөлгөсү парламентке тиет. Азыркы бийлик атаандаштарын өзгөчө кабатырга салган өзгөрүүлөр, өз милдетин аткара албай калган президенттин милдетин аткаруу кимге тапшырылары ошентип мыйзам тартибине өтүп, калган божомол-жоромолдордун баары анын качан ишке ашырылышына барып такалышы мүмкүн.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: АМАН
20.01.2010 19:48
Туугандар башынарды катырбай эле койгула."Айран жокто Максым бар ,Айдар жокто Максим бар.21 кылымдын макалдары.

кимден: Күнболот каяктан: Бишкек
20.01.2010 19:33
Урматтуу КS, сиз өзү кыргызстандык эмес оңдонуп номуруңузду же атыңызды (ооп кетем деп турса керек) казактыкы менен көргөзүпсүз. Биринчиден бул талкуу элдин жөнөкөй пикири. Экинчиден, Бакиев азырынча жаны конституциянын редакциясын ачыкка чыгара элек, чыгарса да коомчулукка эмес. Ошондуктан анын айланасындагы болуп жаткан кырдаалга жараша ар ким өз пикирин билдирип жатат. Мүмкүн сизди да түйшөлткөн, ойлондурган пикир болсо тартынбай айтып калыныз да. Мүмкүн сиздин пкирдле да чындыктын үлүшү болуп калаар. Бул жер президенттин Конституциясын жогорку денгээлде талкууга ала турган жер эмес.

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
20.01.2010 18:45
Кыргызды Адилетке окшогондор жок кылат!!!!

кимден: Мирлан каяктан: Бишкек
20.01.2010 18:26
Мына бүгүн ЖК Көлдөгү жерди 49 жылга казактарга берди 49 жылдан кийин казактар аны бизге береби?..

кимден: Манас каяктан: Кыргызстан
20.01.2010 17:38
Туура бийликте тууган жок, илгери кыргыздын чыныгы хандары өз баласы туура эмес иш кылса элден кууган же башын алдырган.

кимден: Марс каяктан: Чүй
20.01.2010 16:53
Адилет, кайсы иши үчүн аны алга деп жатасың айтчы али ал бир иш бүтүрө элек

кимден: Ulukbek каяктан: Bishkek
20.01.2010 15:55
Elibizde bolup jatkan maselelerdi talkuulap, chechim joldorun izdegendin orduna , ar kim ozunun chontogunon bashy chykpai kaldy go atting!
Bir eldin kuchtuulugu, mamlekettin kuchtuuulugu konstitutsiyanyn turuktuulugu menen olchonot. Bizdin mamleket nandy nana degenden bashtap ele ozgortup, siya menen kogortup keletat....

кимден: Шер каяктан: Москва
20.01.2010 15:43
Оо кыргызым баарыбыз эле бийлике барганча бирди суйлоп баргандан кийин башкача суйлойбуз.Эмнеге?Коп факторлор бар.Алардын бири бул макалага ылайыктуу.Тууганчыл Бийде ыйман жок.дейт.

кимден: Ulukbek каяктан: Bishkek
20.01.2010 15:43
Kimdin padysha bolushu emes, anyn kanday padysha bolushu maaniluu.
Azyrky ozgortuu boyuncha bolso, kimisi kelse da bir Gör! Bır ochokton chay ichip bir tandyrdan nan jegen biyliktegilerdin yrdagany da jyrgagany da bir! Kyrgyzyma adilettuusu kerek!

кимден: БЕМА каяктан: ТООДОН
20.01.2010 11:46
Максим атасынын бийлигинен пайдаланып далайды жазады ташка тамга баскандай белгилүү. Анын өлкө башчы болушуна эч качан жол бербешибиз керек. Бирок түшүнүп турабыз эч жерде мыйзам иштебесе, бийлик төбөлдөрү каалагандай мыйзамды өзгөртсө, акыйкаттык издеп андан тажаган эл ар ким өз арбайын согуп жатат учурда. Элдин добушу, үну менен ким эсептешүүдө. Биздин ажонун аты эле бар калганын үй-бүлөлүк башкаруу тейлейт. Баш мыйзамды өзгөртүү да үй бүлөлүк башкаруунун идеясы.

Урматуу элим "Кандуу жол" деген китепти көрүп калсаңар кыя өтпөй алып окуп койгула
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)