Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 18:11

Эркиндик / Сөз эркиндиги

«Азаттыкка» - aзаттык! Бишкектеги пикет

15-мартта ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында “Азаттыкка”, эркин маалымдоо каражаттарына кысымдын токтотулушун талап кылган пикет өттү. Аны “Азаттыктын” угармандары менен саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар уюштурду.

Бишкектеги пикет, 15-март, 2010-жыл.
Текст көлөмү - +
Чогулгандар Кыргызстанда сөз эркиндигинин сакталышын, эркин маалымдоо каражаттарынын иштөөсүнө тоскоол болбошун талап кылышты.

Ук, Европа!

Эшик алдына чогулган эки жүзгө чукул элдин кашына чыгып Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчи орунбасары Лилиан Дарий чыгып, өкүл ушу тапта иш боюнча чет өлкөдө жүргөнүн кабарлап жагдайды мындайча сыпаттады.

- “Азаттыктын” биртоп жерлерде угулбай калышына кабатыр болуп жатабыз. Антсе да биз “Азаттык” үналгысынын баш кеңсеси менен анын берүүлөрүн обого чыгарып келаткан жана чыгарчу ишканалар мунасага келип уктурууларды мындан ары улантат деген үмүттөбүз. “Азаттыктын” иштеп турушу Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендигин кашкайтып көрсөтүп турчу мисалы. Биздин пикирибизде сөз эркиндигинин принциптери салтанат курушу керек.

Лилиан Дарий Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Кыргызстандагы жагдайдан кабардар экенин маалым кылды, айрым бир аракеттерди жасаш үчүн кырдаал кылдат иликтенип жатканын кошумчалады.

Кысымдын кыскача тарыхы бар

Саясий куугунтуктарга каршы комитет төрагасы Топчубек Тургуналиев сөз эркиндиги 2005-жылкы бийлик алмашуусунун алдында да катуу кысымга кабылып, ушул эле “Азаттыктын” берүүлөрү көп жерлерге угузулбай калганын белгиледи.
Эми да ошондой жагдай жаралып жатканын айтты.

- Далай-далай журналисттер, силердин кесиптештериңер саясий башпаанек издеп башка мамлекеттерге өтүп кеткенге мажбур болуп атат. Далай журналисттер атылды, өлтүрүлдү. Ал эми “Азаттыкты” уламдан-улам муунтуп келатышат. Анын бири акыркы 3-4 жыл ичиндеги кысым, өзгөчө М.Эшимканов КТРге баргандан бери.

Болот Шерниязов (оңдон биринчи)
Жарандардын маалымат алуу эркиндигин чектөө бийликти жаманатты кылуудан башкага жарабастыгына парламенттин мурдагы депутаты Болот Шерниязов да токтолду.

- Мынакей италиялык мафиянын мүчөсү Е.Гуревичтин келип “MGN Group” түзүп, Кыргызстандын алтын байлыктарын, тоо кенин, энергетика, телекомду имерип бийлеп алышы эмнеден кабар берип турат? Кыргызстанга италиялык мафиянын адамы Е.Гуревичти алып келген адамдар жооп бериши керек.

Маалымат кимдики болсо – утуш ошонуку

Окурман менен угарман журту өлкөдө, дүйнөдө болуп жаткан окуялардан кабардар болуп турушу кайсы бир бийлик мыкчыгеринин каалоо-эркинен тыш, азыркы жашоо-турмуштун күндөлүк зарылдыгына айланып кеткенин Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы, парламенттеги социал-демократиялык фракция жетекчиси Роза Отунбаева да ырастады.

- Анан кийин “Азаттык” бул чынчыл радио. Бул дүйнө жүзүндө мына Кыргызстанга берип атат. Бизде кайсы радио, кайсы телекөрсөтүү бизде дүйнө жүзүндөгү окуяларды берип атат? Башкалар дүйнөлүк кабарларды кыргыз тилине которуп эле берип атышат. Чынында “Азаттык” дүйнөдө болуп аткан окуяларды жашырып-жаппай, маалынан кечиктирбей ыкчам берип атканына биз ыраазыбыз.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдына чогулган “Азаттыкты” коргоо кыймылынын, бейөкмөт, саясий партиялардын, жергиликтүү, эларалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү 10-марттан бери Кыргызстандын көпчүлүк жерлериндеги угуучулар объективдүү маалымат алуу укугунан ажырап, Интернет айдыңындагы “Phergana.ru”, “Parus.kg.”, “Centralasia.ru” сайттары ачылбай, сөз эркиндигине кысым уламдан күчөп баратканын айтышты. А бирок маалымат айдыңындагы алдагыдай абалдан кабарсыз экенин 15-марттагы пресс-жыйында өкмөт башчы Д.Үсөнов билдирди.

Ошон үчүн мен да билбейм, эмне болуп атасыңар, чыгып атасыңарбы, чыкпай жатасыңарбы?

Анткен менен «Азаттыктын» обого чыкпай калыш себебине кызыгып телефон чалгандардын саны күн санап көбөйүүдө. Уктурулбай калган жаңылыктарды жалпы элдин баарынын эле Интернеттен таап окушка, угуп коюшка мүмкүнчүлүгү жок экен. Ошол себептүү угарман журту эмнеликтен “Азаттык” элге угузулбай калганына кабатыр болуп, ага себепкер болгондорго нааразы болуп саясий нааразылык күчөөдө.




Жүктөө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кундуз каяктан: Кыргызстан
16.03.2010 18:06
Урматтуу Азаттыктын кызматкерлери эл дайыма силерди колдойт.
Пресс-конференцияда Данияр Усенов кат берсеңер"разберусь" дегендей кылдыго. Кат берип аракет кылыш керек. Баары эле мен билбептирмин деп эле атышат . Ошолордун баарын кат менен көмүп койгулачы деги. Ошондо билишер. Кандай эле дүйнөнүн баары Азаттыкты кысып жатышканын билишсе, бийликтегилер билишпейт. Эч нерсени билишпесе, угушпаса анда алар бийликте тезек терип жүрүшөбү? Же жылуу креслолорунда уктап отурушса керек да? Жалганды да ишене турган кылып айтышса болмок. Сабырдуулукка чакырган Илим мырзага жол болсун. Кечээ жакында эле маалымат каражаттары менен дос болуп жүргөн Илимбек бүгүн силерди тааныбайм, "төө көрбөдүм, бээ көрбөдүм" дегени оозду ачырды го . Урматтуу Илим мырза сабырдуулукка чакырганыңыз жакшы, бирок "менин сабырым канчага жетээр эле?" деп өзүңүзгө бир суроо салып көрдүңүзбү?
Сиздин да оозунузду зордоп жапса сабыр кылып отура бересизби?
Элдин баарынын тилин кесүү мүмкүн эместигин жакшы билсеңиз керек. Иши кылып калың эл алдында уят болуп калбасаңар эле болду.

АЗАТТЫКТЫН ҮНҮ ЭЧ КАЧАН ӨЧКӨН ЭМЕС, ӨЧПӨЙТ ДАГЫ!
ЭҢ БАШКЫСЫ АРАКЕТТИ АЗАЙТПОО КЕРЕК. СИЛЕРДИ КОЛДООЧУ КАЛЫҢ ЭЛ БАР.

кимден: taаty каяктан: Talas
16.03.2010 12:12
Азаттык радиосунун кээ бир региондордо угулбай жабылып жатышы сөз эркиндиги укугунун тебелениши. Мамлекеттик чиновниктердин тактайбыз деп коюп, көңүл кош мамиле жасашы карапайым калктын кыжырын ого бетер кайнатып жатканына алып келүүдө.

кимден: Shom каяктан: Talas
16.03.2010 10:41
Азаттык радиосун ар кандай жол менен бут тосуп жаткан бул региондогу чиновниктердин иши алар элге эмес өкмөттү эртерээк кулатканга чоң, зор салымын кошууда. Ансыз деле араң турган элдин кыжырына тийип, отко бензин чачкандай эле кеп болуп жатат. Бүгүн Азаттыкты угуп жатып Илим Карыпбековдун, Данияр Үсөновдун сөздөрүн угуп алып абдан жиним келди баардыгын беш колдой билип туруп, билмексенге салып сабыр кылгыла деп, мыйыгынан гана күлүп олтурат. Келме кезек дейт эмеле кезек келет Илим, Данияр. Андан ашык айтаар сөзүм жок силерге кудай тараза болсун.

кимден: 007 Аймактын Агенти каяктан: Вашингтон
16.03.2010 08:16
Азаттыктын уктуруулары Таласта ""Радиомост" жана Кызыл-Кыяда "Роял" үналгыларында өчкөнүнүн жүйөлүү себеби бар! Анткени Таластагы радионун аткаруучу директору Бакыт Нуржанов, ал эми Кызыл-Кыядагы радионун ээси Алмаз Каримов "Акжол" партиясынан Жогорку Кеңеште депутаттар! Логикалык ой жүгүртүп көрсөңөр - Нарындагы "Нарын-Алмаздагы" кабель окуясынан кийин эле, башка жеке ЖМКларда ПАНИКА болсун деп жана президентке жагыныш үчүн атайын эле өчүрүп коюшкан! Бул - ФАКТ!!!

кимден: KIRGIZZZ каяктан: Turkiyadan
16.03.2010 00:22
Chynynda ele eger biylik massalyk maalymat karajattaryna tsenzura koyup jatkan bolso,bir nerseden emes,kooop ele nerseden kooptonup jatat.Bylyk iwteri aydinga chygyshynan,eldin tolkuusunan korkup jatat.Kalyn elge maalymattar tarap ketse KIRGIZIMDI tizgindesh kyiyn bolup kalat.Kantken kundo da bugunku biylik esi barda etegin jaap,syiy menen ele ketip kaliw kerek.

кимден: Qwerty1 каяктан: World
15.03.2010 23:31
Азаттыктар!Силер жалгыз эмессиңер.Азыр Бишкеке ВВСиден,АП,CCN,Вести сыяктуу агентстволор жөнөп жатышат.Бийлик көрсөтпөсө дүйнөлүк информагенттер көрсөтүшөт!

кимден: Генералын каматып каяктан: Кыргызына кас болду
15.03.2010 21:40
Сөз эркиндигин коргоого чыккан бардык мекендештериме терең ыраазычылык билдирем. Сиздер Кыргыздын тайманбас баатырларысыңар. Сиздер өзүңүздөрдүн гана эмес, үй-бүлөңөрдүн жана бардык жакын туугандарыңардын жашоого болгон укугун тобокелге салып, Эн Ыйык Мекенибиздин келечеги үчүн чыктыңар."Азаттык" радиосу аты айтып тургандай Эн Ыйык Кыргызстаныбыздын азаттыгы үчүн өз кызматын чоң жоопкерчилик менен өтөөдө. Бар болуңуздар.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине