Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:23

Кыргызстан

Бордюжанын ой-санаасында Борбор Азиянын коопсуздугу

Бишкекте 29-мартта Борбор Азияда коопсуздукту камсыз кылууда Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун ролу жөнүндө тегерек үстөл жыйыны өтөт. Анын ишине аталган уюмдун башкы катчысы Н. Бордюжанын катышары күтүлүүдө. Бул жыйын талдоочулардын баамында Бишкек менен Москванын мамилеси сууй түшкөн учурга туш келди.

29-мартта, Президент Курманбек Бакиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) генералдык катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.
Текст көлөмү - +
Н.Бордюжа Бишкектеги сапарынын жүрүшүндө Кыргызстандын саясий-аскердик жетекчилиги менен жолугушуп, ЖККУнун июнда Дүйшөмбүдө боло турган саммитине даярдык маселелерин жана ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруу боюнча иштин жалпы кырдаалын сүйлөшөт.

Н. Бордюжанын Бишкектеги сапары Кыргызстан менен анын ЖККУдагы башкы өнөктөшү Россиянын ортосунда мамиле салкындап, саясий-аскердик иш-аракеттер, сүйлөшүүлөр такалып турган учурда өтүп жатат. Кыргызстанда Баткен облусунда аскердик машыгуу борборун ачуу жөнүндө Бишкектин АКШнын өкмөтү менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү Москвада бир катар түпөйүл суроолорду жаратууда.

Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Калыев
Ошондуктан Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Калыев Н. Бордюжа келердин алдында эле Баткендеги машыгуу борбору жөнүндө атайын билдирүү менен чыгып сүйлөдү. Коргоо министринин айтымында, кеп АКШнын аскер базасын эмес, АКШнын каржылык жардамы менен Кыргызстандын аскерлери үчүн антитеррордук окуу-машыгуу борборун ачуу жөнүндө болуп жатат.

Баткендеги окуу-машыгуу борборуна АКШнын өкмөтү 5,5 млн доллар каржылык жардам көрсөтмөкчү. Бул борбордо биринчи иретте Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы аскерлери окуп машыкмакчы.

Өткөн жылы 30-июлда Чолпон-Ата кыргыз-орус президенттери меморандумга кол коюшуп, Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын аскер базасын уюштуруу чечимин жарыя кылышкан. Москва аскер базасын Ошто ачууга көнүлдөнүп жатканын билдирген, Кыргызстан өз кезегинде коркунуч көп тооруган Баткен областын сунуш кылган. 2009-жылдын күз айларында тиешелүү келишимге кол коюлмак.

Кыргызстандын түштүгүндө орус аскер базасын ачуу Фергана өрөөнүндө улуттар аралык каршылаштыкка, радикалдык-экстремисттик күчтөрдүн өнүгүшүнө алып келет деп Ташкент каршылыгын билдирген. Ошондон бери ал иштердин эмне болгонун коомчулук билбей турганда эми минтип Баткенде АКШнын жардамы менен машыгуу борбору ачыла тургандыгы жарыя болуп отурат.

   Аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан    Жамааттык  Коопсуздук Келишими Уюмуна караштуу аймак экенин эскертип, АКШнын каржылык колдоосу менен Баткен областында антитеррордук окуу-машыгуу борборун ачуу коопсуздук келишиминдеги стратегиялык максат-мүдөөлөргө кайчы келбей турганын белгилейт:

Талибандын ичиндеги өзбек, кыргыз, тажик, башкыр, татар моджахеддер биздин түштүк жакка кире качпасын деген максат менен жасап атат. Анткени биздин аскерлерибиз ошого даяр болушу керек.
Т. Какчекеев


 -КМШнын чеги Кыргызстандын түштүгү аркылуу өтөт. Эч ким КМШнын чек арасын бузууга батынып барбайт, анткени бул Россиянын кызыкчылыгында турган иш. АКШнын беш жарым миллион доллар бергени - биздин көп векторлуу саясатты ишке ашыргандыгыбыз үчүн ыраазылыгын билдирип, колдоо көрсөтүп жатат. Эртеңки күнү Батыштын бириккен аскерлери ийгиликке ээ болсо, Талибандын ичиндеги өзбек, кыргыз, тажик, башкыр, татар моджахеддер качканда биздин ушул түштүк жакка кире качпасын деген максат менен ошону жасап атат. Анткени биздин аскерлерибиз ошого даяр болушу керек.

Президент К. Бакиев 23-24-мартта Бишкекте болгон Ынтымак курултайында сүйлөгөн сөзүндө тышкы саясатка өзүнчө токтолуп, Кыргызстан башка мамлекеттер менен тең ата мамиле курууга жетишип баратканын белгилеген. Ошондой эле Кыргызстан менен анын стратегиялык өнөктөшү Россиянын ортосунда от жакканга кызыкдар айрым күчтөр бар экенин да эскертип өткөн.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: RobinguD каяктан: Turkiya
29.03.2010 01:03
AKWnin jardam bergeni jakwy degile4i.Birok,ak4a dep baary akaktap turgan kezde bul iwtin i4inde da AKW bir top kizik4iliktar kozdopyt.Ozununun kizik4iligina bir nerse bolboso jasabayt da ani.AKW u4un 5,5 mln dollar Okeanda tam4y degendey ele kep.Alardyn bir jylda it-mywygyna karjagan ak4asy 13 mlrd dollar.Bizdin mamlekettin bir jildik kirewesinen da koburook.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)