Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:48

Эл үнү

Табышмактуу кырсыктын жандырмагы табылабы?

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун каза болгонуна туура бир жыл болду. Расмий бийлик маркум жол кырсыгынан каза болгонун жарыялаган. Оппозиция өкүлдөрү болсо мунун чындыгы эртеби-кечпи ачыкка чыгаарын айтууда.

Былтыр 13-мартта жол кырсыгы болуп, автоунаалар күйүп кетти делген жер, Аламүдүн капчыгайы.
x
Былтыр 13-мартта жол кырсыгы болуп, автоунаалар күйүп кетти делген жер, Аламүдүн капчыгайы.
Текст көлөмү - +
Туура бир жыл мурда, 13-марттын таңында Бишкектин четинде өрттөнгөн “Lexus LX 570” маркасындагы автоунаа табылып, ичинен күйгөн үч дене чыккан. Кийин ал күйгөн денелер президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановго таандык экендиги аныкталган.
Жол кырсыгынан күйүп кетти делген автоунаалар

Ички иштер министрлиги да бул окуяны иликтеп чыгып, “жол кырсыгы болгон” деген жыйынтыгын айткан. Ал эми акыркы чечимди Жогорку Сот чыгарып, бул окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде “Ауди” автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмонов айыпкер деп табылып, 12 жылга эркинен ажыратылган.
 Жок дегенде өрттүн чыгуу себептери аныкталыш керек болчу...

Бирок маркумдун жакын туугандары соттун чечимине макул эместигин, ишти кайра карап чыгуу зарылдыгын айтып жатышат. Ушундай пикирин билдирген М.Садыркуловдун атын атагысы келбеген туугандарынын бири тергөө иштери чала жүргүзүлгөн деген ойдо.

- Жок дегенде өрттүн чыгуу себептери аныкталыш керек болчу. Ал эми жол кырсыгынан ушундай натыйжалар болду дегенге мен макул эмесмин. “Ауди” унаасынын айдоочусу да эч кандай жаракат алган эмес.

Маркумдун жубайы Айгүл Садыркулова менен байланышканыбызда ал Жогорку Соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен башка сотторго кайрылуудан майнап чыкпай тургандыгын айтып, интервью берүүдөн баш тартты.
 "Кыңыр иш кырк жылда билинет"дейт. Ошо сыңары мындай иштер эртеби-кечпи ачыкка чыгат...
А. Бекназаров

Ал арада оппозиция өкүлдөрү, ал гана эмес айрым бийлик өкүлдөрү да Медет Садыркуловго байланыштуу кандуу окуяны адам өлтүрүү катары баалап келишет. Ошол окуянын эртеси эле Бириккен элдик кыймыл шектүү жол кырсыгындагы окуя боюнча билдирүү жасап, Медет Садыркулов саясий тапшырма менен өлтүрүлдү деген бүтүмүн жар салган. Оппозициялык күчтөр белгилүү саясий ишмер президенттин үй-бүлөлүк башкаруу саясатындагы кыңыр иштерди ичинен билгени үчүн азыркы бийликке коркунуч туудуруп, акыры кылмыштуу жол менен жок кылынды деп эсептей тургандарын айтышкан.
Медет Садыркуловдун президенттик администрацияны жетектеп турган учурдагы сүрөтү

БЭКтин мүчөсү Азимбек Бекназаров акыркы кезде саясий негизде буюртма өлтүрүүлөр өнөкөткө айланып кетти деген пикирде:

- Мындай нерселерге бийликтин да кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар да, бийлик өздөрүн өздөрү чукубайт да. Аксы окуясы деле, “Кумтөр”, “Кыргызалтынга” окшогон маселелер деле аягына чыкпай эле жатпайбы. Буйрутма өлтүрүүлөрдүн баары эле жабык бойдон жатат. Калп эле башка бир адамдар соттолуп жатат. Кыргызда “кыңыр иш кырк жылда билинет” деген кеп бар. Ошонун сыңары ушуга окшогон маанилүү иштер эртеби-кечпи сөзсүз ачыкка чыгат.

Анктен менен белгилүү коомдук ишмер Медет Садыркуловдун табышмактуу өлүмүнө бир беткей баа берүү туура эмес дейт “Ак жол” фракциясынан депутат Бегалы Наргозуев. Анын айтымында, буга сот гана укуктук баа бере алат.

- Мен дагы ал кишинин өлүмүн табышмактуу деп эсепетйм. Бирок мен бир жактуу жыйынтык чагырып, саясий боёк сүртө койгум келбейт. Себеби расмий иликтөөнүн жыйынтыгын өзүңүздөр билесиздер. Аны жол кырсыгы катары далилдеп чыкты. Ал тургай күнөөлүү киши сот аркылуу жазаланды. Бүгүнкү күндүн системасында сот гана чечим чыгара алат, укуктук баа бере алат деп ойлойм.

Ошондой эле Медет Садыркулов кызматтан кеткенден кийин оппозицияга ыктай баштагандыгы, анын өлүмүнө ушул да себеп болгондугу коомчулукта айтылып жүрөт. Депутат Бегалы Наргозуев Медет Садыркулов көзү тирүү кезинде оппозиция да, өзү да оппозицияга кошулгандыгы тууралуу билдирүү тараткан эместигин, бул ушак гана деген пикирин айтты.
Медет Садыркуловду акыркы сапарга узатуу, 2009-жылдын 12-апрели.

Ушул окуя боюнча 18 экспертизалык иликтөө жүргүзүлгөн. Бирок Медет Садыркуловдун жубайынын адвокаты Леонид Лужанский алардын бирөөсү да комплекстүү болбогонун, иликтөө иштери толук өтпөгөнүн ырастап келет. Ошондой эле “Ауди” унаасынын айдоочусу Ө. Осмоновдун күнөөсү толук далилденген эмес деген пикирде.

- Ушул окуя боюнча иликтөө иштери толук өткөн эмес. Мен соттук үч инстанцияда тең бул окуя боюнча автотехник, медицина кызматкерлери менен бирге комплекстүү экспертиза жүргүзүп, чекит коюуну сурангам. Бирок соттор ушул экспертизалар жетиштүү деп эсептешти. Садыркуловдун туугандары мени менен келишим түзгөн. Алар бул ишти аягына чейин чыгарат деп үмүт кылып турушат.

Ал эгер ушул окуяга байланыштуу жаңы фактылар, жаңы күбөлөр чыкса, Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу Жогорку Соттун чечимин кайра каратса боло турганын айтты. Адвокаттын айтымында, дале болсо табышмактуу окуя боюнча жаңы маалыматтар чогултулуп жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Айгерим каяктан: Ош
16.03.2010 15:50
Эң кызыгы Lexus LX 570 машинеси күйгөндө бакыйган 3 кишинин жок дегенде бирөөсү эшигин ачып чыга албадыбы? Андай болушу мүмкүн да эмес. Бир адам аман калат эле да. Кайдагы кыбырайган Ауди килейген машинени ошончо урганы таң калыштуу. Бул ишти жасагандар,заказ бергендер Кудай алдында албетте жазасын алышат.
Бирок Москвалык Болот жазгандай Садыркуловдун айбаттуу тарапкери жоктугу өтө өкүнүчтүү. Жубайы да чындыктан үмүтүн үзгөн окшойт. Кыргызстан өнүгөр бекен өзү.

кимден: ШамАй каяктан: Астана
14.03.2010 15:16
Аден,Бакиевдер кете электе эле билинет,аз калды, МЧС ти ким орттоп жок кылганы ачыка чыгат.Бакиевдердин кыныр иши кырк жылы жок эле бир эки эле жылда билинет,а эгер чынын айтсам бут эл билип эле турат,ким орттогонун.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.03.2010 12:58
Лексустун ичи напалмга толтура болгон дешет.

кимден: Эмиль каяктан: Алатоо
14.03.2010 11:26
Садыркуловту ким өлтүргөнү тууралу коомдо сөз көп. Негизи Акаев доорунда журналисттерди жана коомдук ишкерлерди эчким өлтүргөн эмес. Казыркы бийлик кеткенден кийин көп иштердин жүзү ачылат деген ойдомун. Бирок бул бийлик кетпейт оңой менен.

кимден: Kyrgyz каяктан: Russia
14.03.2010 03:15
Jogoruda Ekspert tuura aitat egerde duinoluk MMK jaryialana turgan bolso ushundai gigant avto kuruuchu ozunun avtoritetin kichinekei nerse uchun bulgabait.
Urmattuu Aigul eje advokatynyz m-n Lexus mashinasynyn ushundai kemchiligi bar eken dep MMKlarga jaryialanyz, Azattyk da jardam beret dep oiloim. Oshondo japondor ozuloru ele teksherip berishet.

кимден: Болот каяктан: Москва
14.03.2010 03:00
Ушунчалык мыкаачылык менен олтурулгон Садыркуловдун,
атын атап айбат коргозо албаган бир дагы тарапкери, тууганы
жоктугу ото кейиштуу корунуш.
Канчалык кошомат, кызмат кылба, кожоюндар кулдарын каала-
гандай олтурору калган кыргыздарга сабак болор бекен?
Келгиндерге Манастын урпактары мынчалык жан уробойт зле
го? "Бузулган элге, бучуктан бий"деген экен мурунку кыргыздар.

кимден: Карасакал каяктан: Нарын
14.03.2010 00:39
Бу 21 кылымдын башында маалыматсыз калабыз деп тук ишенбейт элек, бирок ошондой болуп жатат. Садыркулов мырзанын каза болгонун Гансидеги америкалыктардан сураса кандай болот, ошолор чоо-жайын билип журбосун, бу америкалыктар кыйын эле.

кимден: Эксперт
13.03.2010 23:31
Эски Audi маркасындагы машина эч нерсе болбой эле жапжаңы Lexus LX 570 кагылышуудан күйүп кетсе анда жабырлануучу тарап Toyota компаниясына жана эл аралык ММК арыздануусу керек. Дүйнөгө макталган машинасынын ушундай кемчилдиги менен азырга чейин сатып жаткандыгы өзү КЫЛМЫШ. Андай болбосо Toyota корпорациясынын эксперттери келип иликтеп, эмне себептүү ошол Lexus ушундай абалга келгенин тактап берүүлөрү зарыл.

кимден: Аден каяктан: Москва
13.03.2010 22:59
Садыркуловду, Павлюкту жана башкаларды ким өлтүргөнү Бакиев кеткендин эртеси эле билинет...
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу