Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:01

Эркиндик

Алмаз Ташиевдин соттук иши боюнча өкүм чыкты

Ноокат райондук соту журналист Алмаз Ташиевдин өлүмүнө байланышкан кылмыш иши боюнча айыпкерлерге өкүм чыгарды. Исанов айыл округунун мурдагы участкалык инспектору Шүкүрбек Нурматов, Жаңы-Базар милиция бөлүмчөсүнүн мурунку нөөмөтчүсү Нургазы Баатырбек уулу кызматынан аша чапкандыгы үчүн гана айыпталып, беш жылга шарттуу түрдө эки жыл сынак мөөнөтү менен кесилди.

Шарттуу кесилген мурдагы милиционерлер
Текст көлөмү - +
Мамлекеттик каралоочу Ноокат районуна караштуу Исанов айыл округунун мурдагы участкалык инспектору Шүкүрбек Нурматов, Жаңы-Базар милиция бөлүмчөсүнүн мурунку нөөмөтчүсү Нургазы Батырбек уулу кызматынан аша чаап, журналист Алмаз Ташиевди өлөөрчө сабагандыгы соттук териштирүүнүн жүрүшүндө тастыкталгандыгын белгилеп, экөөнү тең он алты жыл күчөтүлгөн режимге кесүүнү суранды.

Ушуга улай маркумдун жактоочуларынын бири Таир Асанов прокурордун өтүнүчүн толук бойдон кубаттай тургандыгын кошумчалады:

- Менин көз карашымча, аталган кылмыш иши ар тараптуу жана толук кандуу тергелген. Шүкүрбек Нурматов, Нургазы Баатырбек уулу Алмаз Ташиевди эл көзүнчө токмоктошкондугу ырасталган. Анын айынан журналист каза таап олтурат. Ошол себептүү жогоркудай жазага татыктуу.

Бирок мындай жазага айыпталуучулардын жактоочусу Нурбек Бекетаев караманча каршылыгын билдирди:

- Менин коргоомдогу Шүкүрбек Нурматовдун жана Нургазы Баатырбек уулунун окуяга тиешеси бар экендиги таптакыр далилденген жок. Себеби, ошол маалда жабырлануучу Алмаз Ташиевди мас акыбалында наркологиялык экспертизадан өткөрүү максатында жөнөтүлгөн милициянын үч кызматкери жарым сааттык жолдо аны төрт-беш саат бою белгисиз тараптарда алып жүрүшкөн. Мындан тышкары биз билбеген жоруктарды жасашкан. Бул фактылар соттук териштирүүнүн убагында ошол эле кызматкерлердин көрсөтмөсү аркылуу бышыкталды. Бирок бул жагдай тергөө органдары тарабынан терең изилденген эмес. Ал эми Алмаз Ташиевди менин коргоомдогу жигиттер сабаган деген эки күбөнүн көрсөтмөсү - ал прокуратуранын айла-амалы. Мен мунун бардыгын жалган деп эсептейм.

Ага айыпталуучу Нургазы Баатырбек уулу да кошулду:

- Биздин бул кылмыш ишине кымындай тиешебиз жок.

Ошондой эле айыпталуучу Шүкүрбек Нурматов да тагылган күнөөнүн бирин дагы моюндаган жок:

- Мен жактоочумдун сөзүнө кошулам. Ташиевге байланышкан жорукта биздин эч кандай айыбыбыз жок.

Акыркы сөз дал ушундай талаш-тартыштар менен коштолду. Андан соң сотто төрагалык кылуучу судья Марс Исманов кеңешүү максатында жараянга танапис жарыялады.

Түш оой судья Марс Исманов өкүмдү угузду:

- Шүкүрбек Нурматов Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза Кодексинин 59-беренесинин негизинде эсептелген жазалары жарым-жартылай кошулуу менен биротоло беш жылга эркинен ажыратылсын. Нургазы Баатырбек уулу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза Кодексинин 59-беренесинин негизинде эсептелген жазалары жарым-жартылай кошулуу менен биротоло беш жылга эркинен ажыратылсын. Жазалары шарттуу деп саналып, ар бирине эки жылдан сынак мөөнөтү белгиленсин. Баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тартибинде калтырылсын. Албетте, жазаны шарттуу чектедик. Анткени, экөө тең кызматынан аша чапкандыгы гана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айгинеленди.

Жараянга төрагалык кылуучу судья Марс Исманов окуяга тиешеси бар деп шектелген дагы үч милиция кызматкерине байланышкан кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөндүгүн жана ал Ноокат райондук прокуратурасына тергөөгө жөнөтүлөөрүн маалдымдады.

Өкүмгө макул эместигин билдирген журналисттин туугандары Ош облустук сотуна кайрылып, Алмаз Ташиевди өлөөрчө сабоого катышкан бардык милиция кызматкерлерине катуу жаза чегерүүнү талап кылышаарын айтышты.

- Күбөлөрдүн айтымына караганда, инимди Жаңы-Базар кыштагында он төрт милиция тепкилеген. Ошондуктан, Ноокат райондук ички иштер органдарынын калган кызматкерлери да аракетине жараша жазаланууга тийиш! - деди маркумдун бир тууганы Талант Ташиев.

2009-жылы 4-июлда милиция кызматкерлери тарабынан катуу токмоктолгон 33 жаштагы журналист Алмаз Ташиев эртеси Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген, тилекке каршы, саламатчылыгы жакшырган эмес. 10-июлда Ош облустук ооруканасына жөнөтүлүп, шашылыш операция жасалган. Ошентсе да, мээси катуу чайкалгандыктан, эсине келбей жатып эки күндөн кийин көз жумган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Эдил каяктан: Бишкек
27.02.2010 11:15
Соттун бул чечими милиция же башка кызматтарга киши өлтүрүүгө уруксаат (санкция) берүү болду. Сабагыла, өлтүргүлө - эч кимиңер жооп бербейсиңер, биз барбыз артыңарда деп жатат Бакиевдер. Эч күнөөсү жок, эки комната квартирада баласы убактылуу гана жашап турганы үчүн генерал Исаков 8 жылга түрмөгө кесилди, ал эми Ташиевдей жаш жигиттин кырчындай өмүрүн кыйган канкорлор минтип шарттуу түрдө кесилип, бүгүн эртең амнистия менен таптакыр бошоп кеткени турат. Мына Бакиевдердин акыйкаттыгы.

кимден: alim каяктан: Бишкек
26.02.2010 10:37
Коррупциянын чеги жок го, жакында адам олтургондорду ( албетте акчан болсо) 200 сом штраф менен кое берет го.

кимден: бермет каяктан: санктпетербург
26.02.2010 00:23
Менин пикирим боюнча А,Ташиев милиция кызматкерлеринин жашуурун жургузуп жаткан иштери боюнча маалыматтарды элге жеткирмекчи болгон ,Азыр мен корбодум сен укпадын деген заман да эл учун иштейм деген эр азаматтардан болсонуз керек ,Жакындарынызга конул айтам жаткан жайыныз жаннаттан болсун!!!!!! Топурагыгыныз торко болсун!!!

кимден: Кыргыз жигит каяктан: Nookat
25.02.2010 21:34
Эл жyрт, ушул Cудья Марс Исмановду эстeп кaлгыла! Kийин андан (Марс Исмановдoн) cуpайбыз!
Бyл Марс Исманов - пpеступлeнини жaaп жaшырган соyчacтник бoлoт!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)