Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Музыка академиясы жаш композиторлорду күтөт


Борбор азиялык Заманбап музыка академиясы Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандан жаш композиторлорду уникалдуу билим берүү программасына чакырууда.

Аймакта заманбап музыканы өнүктүрүү максатын көздөгөн семинар Бишкекте июлга белгиленди.

Программанын координатору Сухроб Назимов долбоордун максаты студенттерге музыка жазуудагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү окутуу жана бүтүндөй Борбор Азия аймагындагы музыканттар арасында жана ар кыл музыка өнөрлөрү ортосундагы адистик алаканы бекемдөө экендигин билдирди.

Назимовдун айтымында, программага 30 жашка чейинки 20 музыкант тандалып алынат. Үч апталык интенсивдүү окутууда Өзбекстандан Омнибус ансамбли, аймактагы башка музыканттар, ошондой эле Индия менен АКШдан келген өнөрпоздор таанымал адистер менен биргеликте музыка чыгарышат. Ар кыл жанрлар, анын ичинде салттуу жана эксперименталдык музыка боюнча семинар, мастер класс, концерттер өткөрүлөт.

Баарынан жакшысы, борбор азиялык академиядагы окуу бекер, жол чыгымдары да толугу менен төлөнүп берилет.

Бул программа АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланып, АКШдагы "СЕС АртсЛинк" тарабынан жергиликтүү маданий уюмдардын катышуусу менен уюштурулууда.

Назимовдун сөзүнө караганда, ноябрда академиянын студенттери Ташкент, Астана, Дүйшөмбү жана башка шаарларды кыдырып, өз чыгармаларын аткарышат.

Ошондой эле аймактын музыкалык мурастарына арналган сайт түзүлүп, жаш өнөрпоздорду Кошмо Штаттарында кесиптик окууга жиберүү каралган.

Акыр аягында аймактын музыкалык өнөрү борбор азиялыктардын өздөрүнө жана чет өлкөлөрдө да көбүрөөк таанылат деген үмүт менен уюштурулуп жаткан бул программа тууралуу маалымат азыр Фейсбукта турат. Каалгандар видео тарттырып, катышуу үчүн зарыл болгон документтерди жакын арада жөнөтүш керек экен.

Кошумча маалымат:

omnibusensemble@gmail.com

sukhrob.nazimov@gmail.com

https://www.facebook.com/groups/1552634124989868/?fref=ts

XS
SM
MD
LG