Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:45

Ян Петранек: Кыргызстандын демократияга шансы бар


"Эл кыйкырганы - демократиянын бардыгын айгинилейт, бирок ал кыйкырык зомбулукка өтүп кетсе, демократияга каршы келет", - дейт Я.Петранек.
"Эл кыйкырганы - демократиянын бардыгын айгинилейт, бирок ал кыйкырык зомбулукка өтүп кетсе, демократияга каршы келет", - дейт Я.Петранек.

Ян Петранек Чехиядагы белгилүү, абройлуу журналисттердин бири. Өткөн кылымдын орто чендеринде Чехословакия мамлекеттик радиосунун СССРдеги, Индиядагы, Кытай, Вьетнам, Ооганстандагы кабарчысы болуп иштеген.

Ал мындан туура жарым кылым мурда Кыргызстанда да болгон эле. Бирок ушул күнгө чейин кыргыз жериндеги ахыбалга такай байкоо салып жүрөт. Кабарчыбыз Төрөкул Дооров чех журналисти менен жолугуп, анын өлкөдөгү бүгүнкү абал жөнүндө ойлорун сурады.

Төрөкул Дооров:
Кыргызстандагы соңку окуялар чех коомунда кандай ойлорду жаратып жатканы жөнүндө билгим келип турат.

Ян Петранек: Чынын айтсам, чехиялыктар Кыргызстан жөнүндө көп деле биле беришпейт. Кыргызстан аймагы боюнча Чехиядан эки жарым эсе чоң экени, калкы биздикинин теңин түзөөрү жөнүндө ар кимде эле кабары жок. Прагада көчөдөгү чехтерден сурап көрсөңүз, эч ким сизге Кыргызстанда калктын дээрлик 80% мусулмандар түзөөрүн, ал жакта кыргыздардан башка өзбек, орустар жана башка улуттар жашаарын айтып бере албайт. Анткени Кыргызстан биз үчүн экзотика.

Бирок мен өмүр бою дүйнөдөгү ири окуялардын артында кандай оюндар жүрүп жатканын түшүнүүгө аракет кылып жүргөн адам катары Кыргызстандын оорду өзгөчө экенин белгилегим келет. “Манас” аба базасынын ооган миссиясында да, башка деңгээлдерде да мааниси зор. Азыр Москвадан карасаң да, Вашингтондон же Бейжинден карасаң да, ал "өзгөчө баалуу" көрүнөт. Чехиядагы маалымат каражаттары Борбор Азиядагы бул республикада болгон окуяларды колдон келишинче чагылдырып жатышты. Бир топ теле, радиодогу талкууларга мен да катыштым.

Төрөкул Дооров: Азыр ошол сиз айткан “Манас” аба базасынын мындан аркы тагдыры кандай болот деген суроо эларалык деңгээлде кызуу талкууланып жаткан кез. Сиздин оюңузда, жаңы кыргыз бийликтери мында кандай позицияны ээлегени оң?

Ян Петранек
Ян Петранек:
Америкалыктар да Кыргызстандын аймагын, жок эле дегенде, стратегиялык плацдарм катары колдонгулары келет. АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс азыркы президент Барак Обамага эле эмес, өзүнүн мурдагы жетекчилерине да “Манас” базасы үчүн акыны көбөйтүүнү эмне үчүн сунуштабаганы мени таң калтырат. Анткени база өлкөгө көп зыян келтирген. Мисал катары алардын учактары эгин талааларына келтирген зыянды эле айтайын. Ал жерлерди кайра калыбына келтириш оңой болбойт. Мындайга өзүн өнөктөш дегендер жол бербеши керек. Казак президенти Нурсултан Назарбаев орус ракеталарынан төгүлгөн уулуу заттар үчүн Владимир Путинге таарынганын билебиз.

Ошондуктан кыргыздын акылман саясатчылары мамлекеттин бул иштердеги өзгөчө оордун эске алып, акыл калчоо менен сөзүн айтышы керек. Алар Кыргызстан менен кызматташкысы келген ири мамлекеттерге: “Биз сиздер менен жакшы иштерде өнөктөш болгубуз келет. Эгер башка бирөөгө согуш ачсаңар, анда кайсыл деңгээлде салым кошор-кошпошубузду ойлонуп көрөбүз. Бирок өз жерибизде өзүбүз ээлик кылабыз. Биздин достук жакшы иштерге гана негизделиши керек”, - деп айтса болот.

Төрөкул Дооров: Өлкөдөгү соңку ыңкылапты айрым байкоочулар “элдин буга чейинки бийликке чыныгы нааразылыгынын натыйжасы” катары аташты. Эл өзүнүн демократияга укугун коргоп калды дешти. Бирок анын артынан ар кайсыл аймактарда мурдагы чиновниктердин камалышына нааразы болгондор көтөрүлүп, жолдорду тосо башташты. Айрым учурларда мыйзамсыз топтор жер басып алууга аракет кылышты. Сиз дүйнөдөгү көптөгөн конфликттер болгон жерлерде иштедиңиз. Ыңкылаптан кийинки абалды турукташтырууда кандай чара оң болмок деп ойлойсуз?

Ян Петранек: Карап көрсөңүз, Индия, маселен, Кыргызстандан жүз эсе чоң. Бирок азыр, айталы, Чехияда эч ким деле Индиянын төрт штатында граждандык, диний согуштар жүрүп жатканы менен кабары жок. Килейген бул мамлекеттеги ал окуяларга жалпы Европада көңүл кош мамиле болгонун эске алганда, Кыргызстандагы майда саясий топтордун жаңжалына эларалык деңгээлде ким көңүл бурмак эле?

Азыр Кыргызстан чындап өткөөл мезгилде жашап жатат. Ар кайсыл топтор түзүлө калып, демонстрацияларды уюштурушу мүмкүн. Бирок Роза Отунбаева баш болгон утурумдук өкмөттүн министрлери элге: “Кыйкырсаңар болот. Митингге чыксаңар да болот. Бирок курал менен башкалардын мүлкүн талап-тоногонго болбойт!”, - деп ачык сөзүн айтышы керек. Эгерде жаңы Конституцияны кабыл алганга чейинки учурдан өлкө ийгиликтүү чыга алса, демократияны куруудагы улуу ашуунун алгачкы жолун өткөнү ошол. Кыргызстанда чындап эле демократияны курууга шансы бар.

Төрөкул Дооров: Конституция демекчи, ушул күндөрү анын долбоору элдин талкуусуна коюлуп, түрдүү ойлор айтылып жатат. Утурумдук өкмөттүн мүчөлөрү көбүрөөк парламенттик башкаруу системасына ыктап турганы айтылууда. Анткени “Президенттик система бизге жарабайт экен” дешти. Сиз Кыргызстандагы Баш мыйзам боюнча жүрүп жаткан талкууларга кандай карайсыз?

Ян Петранек: Менимче, Кыргызстандын мисалында “аксакалдардын демократиясы” (парламенттик система – ред.) өзүнө-өзү каршы келип калмак. Кыргызстанга акылман жетекчи керек, ошол эле учурда ал парламенттин көзөмөлү астында иштеши абзел. Буга жетишүү бир топ жылдарды алышы мүмкүн. Ал үчүн карама-каршы саясий топтордун ортосунда мунаса болушу шарт. Эгер ал табылбаса, Акаевден, Бакиевден кийин алардын жолун жолдой турган дагы бир ошондой эле жетекчи быйыл жыл этегинде бийликти алат. Эң башкысы – өлкөнүн негизги мыйзамынын өзөгүн түзгөн жоболорду ким аныктайт? Маселе мына ушунда. Өлкө мында канчалык туура багытты кармана алган-албаганын, беш жыл мурдагы жана быйылкы ыңкылапка алып келген каталар эске алынган-алынбаганын биз бир жылдан кийин байкай алабыз деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: Кыргызстандын жаңы тарыхында эки эле президент болду. Бирок экөө тең эл тарабынан куулуп, өлкөдөн качып кетишти. Үчүнчү башчы үчүн ишенимге жетишүү оңой болбойт окшойт...?

Ян Петранек: Менимче, акыркы ондогон жылдардын тарыхы термелме жебедей бирде оңго, бирде солго ооп турат. Мына ушул термелме тарыхта ортоңку позицияны кармануу оңой эмес. Мен 80 жашка келип, адамзат тарыхындагы көптөгөн идеологиялык доктриналардын эки гана принциби калганын түшүндүм. Бул – адамдын эркиндигинин чеги жана социалдык акыл-эс сезими. Акыр аягында мына ушул эки принцип жеңет деп ойлойм. Бирок термелме жебе бир гана жагына ооп, ишкерлерге ого эле көп эркиндик берилип кетсе, алар карапайым калкты тоноп салышы мүмкүн. Эгерде кыргызда экономиканын эркин өнүгүшүнө шарт түзүп, ошол эле мезгилде ишкерлер элди тоношуна жол бербеген жетекчи табылса, ал гениалдуу лидер болмок. Эркиндикти сүйгөн, бирок социалдык акыйкаттуулукту барктаган жетекчини тапканга деги мүмкүнбү? Биздин доордун өксүгү мына ушунда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG