Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Жапониядагы АЭСте үчүнчү жарылуу болду


Буга чейин Фукушимадагы АЭСтин үчүнчү реакторунда да жарылуу болгон эле, 14-март, 2011
Буга чейин Фукушимадагы АЭСтин үчүнчү реакторунда да жарылуу болгон эле, 14-март, 2011

Фукушима АЭСинде бүгүн таң эртелеп үчүнчү жарылуу болду. Станциянын өзүндө жана жакынкы райондордо радициянын деңгээли жогорулады.

Жарылуунун айланасында Токио Электр компаниясынын расмий өкүлү: ""Фукушима-1" атомдук электростанциясында жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки 6:14 экинчи реактордо жарылуу болду, - деди. - Биз ал жерлерди суу менен өчүргөнгө аракет кылып жатабыз. Бул ишке түздөн-түз катышпаган кызматкерлердин баары башка коопсуз жайга көчүрүлүп жатат".

Өткөн жума күнкү катуу жер титирөө жана цунамиден кийин бул станциядагы биринчи жана үчүнчү реакторлор жабыркаган эле. Бүгүн эртең менен №2-реактордо да жарылуу болду. Жапония абалды иликтеш үчүн Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктен эксперттерди жиберүүнү буга чейин суранган.

Жапониядагы зилзала, анын артынан каптаган цунамиден 10 миңдей адам өлгөн болушу мүмкүндүгү айтылууда, 13-март, 2011
Эл аралык адистер азыр ал жакта абал өтө опурталдуу болуп турганына карабай, 1986-жылдагы Чернобыль кырсыгындай алаамат кайталанат деген коркунуч аз экенине ишендирип жатышат. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Юкио Амано жапон АЭСиндеги абал менен Чернобылдагы кырсыктын негизги айырмасы катары азыркы окуяларда реакторлордогу жарылуулар бирине экинчиси себеп болбой, жарылуу өз алдынча болуп жатканын жүйөө келтирди.

Бүгүнкү жарылуудан кийин өлкөнүн премьер-министри Наото Кан элге телекайрылуусунда бул станциянын айланасында 30 чакырымдык аралыктан чыгып кетүүгө чакырды. Анткени радиациянын коркунучу жогору.

"Радиация бул реакторлордон таркап баратат жана анын деңгээли жогору көрүнөт, - деди өкмөт башчы. - Мындан ары да радиоктивдүү материалдар чыгат деген коркунуч бар".

Жапон өкмөтүнүн баш катчысы Юкио Эдано болсо станциянын төртүнчү реакторунда өрт чыкканын, радиация коркунучу күчөгөнүн кошумчалады.

Жапония азыр атомдук электр станциясындагы кырсык менен эле эмес, өткөн жума күнкү катуу жер титирөөнүн, андан кийинки цунаминин залакасы менен да күрөшүп жатат. Өлгөндөрдүн саны 10 миңдей болушу мүмкүн экени айтылган. Азырынча соңку расмий маалыматка караганда, 2414 адамдын өлгөнү тастыкталды. Дагы 300 ашуун адамдан дайын жок.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG