Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Акенеев: Доллар дагы арзандашы ыктымал


Жумакадыр Акенеев
Жумакадыр Акенеев

Дээрлик бир ай бою туруктуу кармалып келген АКШ долларынын курсу Кыргызстанда соңку күндөрү кескин өзгөрүүгө дуушар болууда. "Азаттыктын" суроолоруна экономист серепчи Жумакадыр Акенеев жооп берди.

“Азаттык”: Өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстанда сомдун АКШ долларына карата курсу кыйла жакшырып, 75 сомдон дээрлик 70 сомго чейин төмөндөдү. Бүгүн болсо Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында 1 АКШ долларын 73 сомго сатып алып, 74-74,50гө сатышууда.

Доллардын арзандашына эмне себеп болду? Бул январь айында Улуттук банк тынбай интервенция жасап келгенинеби, өкмөттүн ипотеканы, соода-сатыкты сом менен жүргүзүү талабы ишке аша баштаганынабы же АКШнын өзүндө экономикалык көрсөткүчтөр алсызданышына байланыштуубу?

Акенеев: Сиз жогоруда айткан себептердин баарынын тиешеси бар. Эң биринчиден, мунайдын баасы бир аз токтоп, баррелине 32-35 доллар болуп, орус рублинин АКШ долларына карата төмөндөшү токтоду. Ошондой эле рубль баасы Орусиянын өзүндө мурункуга караганда анча-мынча өсүп жатат. Казакстанда теңге девальвациясын токтотту. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын экономикасы Казакстан жана Орусиядагы абал менен тыгыз байланышта.

Экинчиден, биздин өлкөнүн ичинде көрүлгөн чаралар өз натыйжасын берүүдө. Доллардан баш тартып, сомго көңүл буралы деп... Азыр байкасаңар, соода-сатыкка байланыштуу кулактандыруулардын көбү сом менен айтылууда. Батирин, машинасын сатам дегендер сом издей баштады.

Улуттук банк да өз ишин жасоодо. Албетте, интервенция болууда. Бирок бир айда 64 миллион доллар өтө деле чоң көлөм эмес.

Мына ушул факторлордун баары чогулуп келип сомдун курсунун бекемделишине шарт түзүүдө.

“Азаттык”: Азыркыдай абал канчалык туруктуу?

Акенеев: Эгер мунай 15 долларга түшүп кетсе, рубль менен теңге да арзандайт, алардын артынан сом ээрчийт. Анда сом долларга карата ылдыйлашы мүмкүн. Ал эми эгер азыркыдай ордунда туруп турса, анда сом дагы бекемделиши ыктымал. Себеби ипотека сом менен бериле баштады, долларлык насыянын баары улуттук валютага которулууда.

Азыр байкасаңар, соода-сатыкка байланыштуу кулактандыруулардын көбү сом менен айтылууда. Батирин, машинасын сатам дегендер сом издей баштады.
Жумакадыр Акенеев

Аукцион, сынактар да сом менен өткөрүлө баштайт. Мисалы, Куттуу-Сай-2 кени боюнча агенттик 10 миллион доллар деп көрсөтүп коюптур, бирок сом менен өткөрүлөт.

Мына ушунун баары сомдун дагы бекемделишине шарт түзөт. 1 доллардын курсу бир ай ичинде 68-70ке жетет.

“Азаттык”: Бирок кечээ, мисалы, Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлар сыртына 1 долларды 72 сомдон сатабыз деп жазып койгону менен 73-74төн түшкөн жок. Айрымдары азыр көп сатпай, элдин колундагы долларды чогултуп алуу аракетин жасап жатканын, себеби ал баары бир кайра кымбаттарын ачык эле айтып жатты. Демек, азыркы көрүнүш жөн гана чайкоочулук эмеспи?

Акенеев: Азыр курстар бир ылдыйлап, бир жогорулап жаткан кезде ар кандай болушу ыктымал. Мына, 1-1,5 ай мурда доллар 74 сом болуп турса акча алмаштыруучу жайлардын бирине 78 деп жаза коюп, ызы-чуу болгон.

Азыр Улуттук банк Монополияга каршы комитет, фискалдык органдар менен бирге катуу көзөмөл жүргүзүшү зарыл. Алдамчылардын айынан карапайым эл акчасын алдырып жибербегендей болушу керек.

“Азаттык”: Бирок толук ишеним азырынча жок да...

Акенеев: Толук ишеним биздин экономика өнүккөндө, бюджеттин тартыштыгы жоюлганда, сомду өз күчүбүз менен тейлей алганда гана болот, албетте. Азырынча биз ага бара албайбыз, себеби экономикабыз начар, улуттук валютабыз рубль менен теңгени ээрчип жатат. Эч тиешебиз жок болсо да мунайдын баасы таасирин тийгизүүдө.

Ушундай шартта ички соода-сатыкты сомго которуу өкмөттүн эң туура кадамы болду.

Эсиңерде бардыр, белгилүү эксперттер Жаңы жылдан кийин доллар 100 сомго жетет деп божомол айтып келишкен. Андай болгон жок.

Мунайдын баасы, АКШнын саясаты кандай гана болбосун, биз сомубузду акча катары көтөрүүгө аракет кылышыбыз керек.

XS
SM
MD
LG