Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Прокуратура “альфачыларды” актоону суранды


Апрель окуясы боюнча соттун жүрүшү. 17-ноябрь, 2010-жыл.
Апрель окуясы боюнча соттун жүрүшү. 17-ноябрь, 2010-жыл.

Апрель окуясынын 4 жылдыгынын алдында прокуратура соттолуучулар үчүн жаза мөөнөттөрүн атады.

Прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон бир нече бийлик өкүлүн өмүрүн аягына чейин эркинен ажыратуудан баштап 10 жылга чейин кесүүнү сунуштады. Бирок “Альфа” жана мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерине жазаны жумшартып, актоону суранды.

Прокуратуранын мындай чечимине Апрель окуясында жабыркагандардын жакындары нааразы болуп, сотко катышуудан баш тартты.

3,5 жылдан бери уланып келаткан Апрель соту акыркы эки күндө кайрадан коомчулуктун талкуусуна түштү. Бул күндөрү мамлекеттик айыптоочулар кандуу окуяга күнөөлүү делген соттолуучуларга жаза мөөнөттөрүн атады. Ага ылайык, кылмыш ишти иликтеп чыккан прокурорлор мурдагы президент Курманбек Бакиевди, анын иниси Жаныш Бакиевди жана мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновду сыртынан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну сунуштады.
УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов Апрель сотунда. 4-апрель, 2011-жыл.
УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов Апрель сотунда. 4-апрель, 2011-жыл.
УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновго, мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басарлары Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунгановду 25 жылга, мурдагы Баш прокурор Нурлан Турсункуловду, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороевди, президенттик катчылыктын башчысы Оксана Малеванаяны 15 жылга, мурдагы президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиевди, президенттин уулу Марат Бакиевди жана "Альфа” атайынын бөлүгүн командири Алмаз Жолдошалиевди 10 жылдык мөөнөткө камакка отургузуу суралды.

Ал эми 2010-жылдын 7-апрелинде бийликке каршы чыккан элге каршы ок атты делген атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн жана мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын 7 офицерине "адам өлтүрүү" айыбы боюнча актоо, "ишенип берилген куралды жоготуу" айыбы боюнча эки жылга кесүү сунушталды.

Дал ушул “Альфанын” офицерине байланыштуу прокуратуранын позициясы Апрель окуясында каза болгондордун жакындарын нааразы кылды. Алар сот залынан чыгып кетип, жараянга бойкот жарыялашты. Мындан улам бүгүнкү отурум 8-апрелге жылдырылды.

Жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев мамлекеттик айыптоочулар “альфачылардын” таламын талашып жатат деп сындады:
Осунбек Жамансариев "Азаттыктын" талкуусунда. 19-июль, 2013-жыл.
Осунбек Жамансариев "Азаттыктын" талкуусунда. 19-июль, 2013-жыл.
- Бул жерде жөнөкөй аскерлер эмес. Жогорку наамдагы офицерлер болгон. Алар адилетсиздикке каршы чыккан тынч элге курал көтөрүшкөн. Анан буларга прокуратура кошулуп алып, саясат кылып, таламын талашканы туура эмес. Ошондуктан, биз жараяндан чыгып кеттик.

Жамансариев кошумчалагандай, төрт жыл мурун бийликке каршы чыгып каза тапкандардын жакындары 2-апрель күнү Ала-Тоо аянтында маркумдарга коюлган эстеликтин жанында жолугуп, мындан аркы кадамдарын талкуулаганы жатышат.

Анткен менен “Альфачылардын” адвокаттары прокуратуранын позициясын адилеттүү деп эсептешет. Алардын бири сотто "альфачылардын" укугун коргоп жаткан Чолпон Жакупова:

-“Альфачылардын” ишин караган прокурор чыныгы прокурор кандай иштеши керек экенин көрсөттү. Анткени ал тергөө учурундагы да, соттук териштирүүнүн убагындагы да укуктук дал келишпөөчүлүктөрдү, мыйзамсыздыктарды таап чыгып, акыйкат чечим кабыл алган. Ошондуктан, муну объективдүү позиция болду деп айтууга толук негиз бар.

Ошол эле учурда мамлекеттик айыптоочулардын Апрелч окуясынын 4 жылдыгына утурлай айыптарды угуза баштаганы жөнөкөй дал келүүбү же жабыркагандардын көксөөсүн суутуу үчүн атайын уюштурулган ишпи?
7-апрелде курман болгондордун эстелиги.
7-апрелде курман болгондордун эстелиги.
Коомдук ишмер Эдил Байсалов сот жараян катышуучуларына айып угузууну атайын дал ушул мезгилге туштады деген пикирде:

- Негизи көпчүлүк эл эмне үчүн бул сот мынчалык көпкө созулду деп түшүнбөй жаткан. Эмне үчүн ушунча убакыт өтсө да, аягына чыкпайт деген суроону коюп келгенбиз. Мына эми 7-апрелдин 4 жылдыгынына аз калганын себеп кылып атайын айыптарды угуза баштаган экен. Мен ушундай түшүндүм. Менин оюмча, мындай жараянды болушунча тыкыр жана ыкчам иликтеп, укуктук баа берүү керек болчу.

2010-жылдын 7-апрелиндеги бийликке каршы митинг учурунда токсонго жакын адам окко учкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча бир канча адамга кылмыш иши козголуп, сот 2010-жылдын ноябрынан бери уланып келет. Айыпкерлердин тизмесинде мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары, ошол кездеги күч кызматтарынын жетекчилери, Ак үйдөгү таасирдүү чиновниктер бар. Жалпысынан 21 киши. Бакиевдер жана айрым соттолуучулар өлкөдөн качып кеткенине байланыштуу сыртынан соттолууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG