Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Насыбайды тыюуга дыйкандар каршы


Баткенде айрым үй-бүлөлөр насыбай жасап сатып, жан багары айтылууда.
Баткенде айрым үй-бүлөлөр насыбай жасап сатып, жан багары айтылууда.

18-апрелде Баткен райондук акимчилигинин алдына кара тамеки айдаган 200дөн ашык дыйкан митингге чыкты. Буга чейин Жогорку Кеңеште депутат Махабат Мавлянова насыбай жасоого, сатууга тыюу салуу демилгесин көтөргөн.

18-апрелде Баткен районунун Дара жана Кыштут айыл аймактарынан негизинен кара тамеки айдап, жан баккан дыйкандар бийлик өкүлдөрүнө арыз-муңун айтканы чогулушту.

200дөн ашуун киши менен Баткен районунун акими жана облустук акимчилик өкүлү жолугушту. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова насыбай даярдоого жана аны сатууга тыюу салуу демилгеси менен чыккан.

Жергиликтүү дыйкандар башка киреше булагы болбогонун айтышууда. 86 жаштагы Гавус Мурзаев депутаттар арак менен тамекиге тыюу салса туура болмоктугун айтты:

- Жети балам бар. Өзүбүз шайлаган депутаттар эми минтип карапайым калктын ишине бут тоскону жатышат. Мас абалында кырсыкка кабылып жаткан жаштарды, арак ичип алып жаман иштерге баргандарды, тамеки тарткандарды эмнеге карашпайт?

Кыштут айылдык кеңешинин депутаты Бактыбек Муратов азыр болгону ар бир айылдан өкүлдөр чогулганын айтып, бийлик жумушсуз отурган калктын абалын эске алса болмоктугун билдирди. Муратовдун айтымында, насыбайга тыюу салса, ага көнгөндөр андан да зыяндууларын издей башташы мүмкүн.

- Биздин аймакта карапайым калктын негизги кирешеси ушул насыбай. Бизде арак ичип, тамеки чеккендер салыштырмалуу аз. Эртең тыюу салса, насыбай аткандар эмне кылышат? Андай кишилер мындан да зыяндуусуна ооп кетсе эмне болот? Мындай демилге менен чыгарда баарын толук иликтеши керек. Биз ошол мыйзам долбооруна каршылыгыбызды билдирели деп келдик.

Өспүрүмдөр менен кыздар насыбай колдонуп жатканы өкүнүчтүү. Бул тукум улоого терс таасирин тийгизет.

Чогулган дыйкандар менен жолуккан облустук бийликтин өкүлү Жаныш Мусурманкулов азырынча бул мыйзам кабыл алына электигин айтып, "быйылкы жылдын түшүмү үчүн тамекини айдай бергиле, депутаттарга калктын пикирин жеткиребиз" деди.

- Азырынча бул жөн гана демилге. Ал дагы талкууланат. Биз да бул жактан сунуштарыбызды жиберебиз. Канчалык зыяндуу болгонун иликтейбиз. Быйылкы жылдын түшүмү үчүн азыр айдай бериңиздер. Сиздердин кайрылууңуздарды да расмий жеткиребиз.

Кара тамекичилердин каршылыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

Акыркы учурда насыбай колдонгондордун саны улам көбөйүп, алардын катарына өспүрүмдөр менен кыздар да кошулганы дарыгерлерди тынчсыздандырууда. Дарыгер Тургунбай Айжигитов насыбайга тыюу салууну колдойт:

- Насыбайга клей менен акиташ кошулат. Бул албетте зыяндуу. Рак оорусуна алып келет. Айрыкча өспүрүмдөр менен кыздар насыбай колдонуп жатканы өкүнүчтүү. Бул тукум улоого терс таасирин тийгизет. Андыктан мыйзамдык жактан карап көрүү зарылчылыгы бар деп ойлойм.

Баткен облусунда жалыпысынан 700 гектардай жерге насыбай тамекиси айдалат. Жасалган насыбайдын дээрлик көпчүлүгү Орусия, Тажикстан, Өзбекстанга экспорттолот.

Коңшулардын тажрыйбасы

Казакстанда насыбайдын сатылышына, таркатылышына жана колдолушуна бир жыл мурун тыюу салынган. Тажик парламенти дагы насыбайга тыюу салган мыйзам долбоорун талкуулоодо.

Казакстанда бир жылдан бери кандай өзгөрүүлөр болду? Киргизилген чаралар канчалык майнаптуу болууда? “Тамеки түтүнүнөн арылган Казакстан үчүн” ассоциациянын жетекчиси Жамиля Сыдыкова "Азаттыкка" маек курду.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:18 0:00
Түз линк

Маектин аудиосун бул жерден уга аласыз.

XS
SM
MD
LG