Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Үч баланын энеси жөлөк пул үчүн кесилди


Үч баланын ата-энеси Зарима Айтмаматова менен Нурбек Токтогул уулу. 2016-жыл
Үч баланын ата-энеси Зарима Айтмаматова менен Нурбек Токтогул уулу. 2016-жыл

Базар-Коргон районунда жашаган үч балалуу үй-бүлө райондук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылмай болду.

Райондук сот бул үй-бүлөгө 2015-жылдын апрель айынан тарта жөлөк пул берүүнү токтотуу чечимин чыгарган. Андан тышкары бир жылга шарттуу кесип, айып пул төлөөгө да милдеттендирген.

Райондук сот ишти Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин райондук бөлүмүнүн арызынын негизинде, прокуратура козгогон кылмыш ишке ылайык караган. Облустук сот ишти 1-мартта карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Сот чечимине нааразы Зарима Айтмаматова жөлөк пул албай калышына жеке таарыныч себеп болгонун айтууда.

- 2014-жылы апрель айында кичүү балам төрөлгөн. Декретке чыгып, үч балама жөлөк пул ала баштагам. Ошол эле жылы сентябрь айында айылдагы №41 мектепке жумушка чыккам. Күйөөм айылдык кеңештин депутаты, эч жерден айлык албайт. Ага айылдагы аялдар жөлөк пул алалбай жатабыз деп даттанган экен. Ошонун негизинде райондогу социалдык коргоо бөлүмүнүн үстүнөн прокуратурага арыз менен кайрылгам. Ошондон кийин Зымырат деген эже "Күйөөң менин үстүмөн арызданды. Мектепте да иштеп аткан экенсиң, иште же үйүңдө отуруп жөлөк пул ал" деп мага шарт коюп кетти. Ошентип жөлөк пул албай калдык.

Үй-бүлө ушул тамда баш калкалап жатат
Үй-бүлө ушул тамда баш калкалап жатат

Базар-Коргон районунун социалдык жактан коргоо башкармалыгынын кепилдиктерди чектөө бөлүмүнүн башчысы Зымырат Айтиева жогорудагы дооматтардын баарын четке кагууда. Анын айтымында, үй-бүлө 2,5 гектар жерди ижарага алып, иштетип жүргөнү билинип калган. Мындан сырткары балдардын апасы мектепке жумушка чыкканы тастыкталган.

- Бул үй-бүлө бир балалуу болгондон тарта эле жөлөк пул алып келет. Кийин үч балалуу болушту. 2014-жылдын апрель айында, ортончу баласы үчкө толду. Ошол кезде автоматтык түрдө жөлөк пул берүү токтогон. Кайра документ даярдап келгиче кечигип калышты. Мен "жетишпей калдыңар, аркы айдан тарта чыгарайын" дедим. Болбой эле жаңжал салып, облустук прокуратурага чейин кайрылышты. Андан тышкары булар 2,5 гектар жерди ижарага алганы жана аялы мектепте иштеп жатканы аныкталган. Булардын даттанбаган, кайрылбаган жери калбады.

Былтыр жаз айында Базар-Коргон райондук прокуратурасы Зарима Айтмаматованын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгогон. Ишти 2015-жылдын август айында райондук сот карап, тергөө мүчүлүштүгүн жоюу боюнча прокуратурага кат жөнөткөн. Бирок Айтмаматованын иши башка судьяга жөнөтүлүп, ушул жылдын 18-январында Базар-Коргон райондук соту үч балалуу келинди бир жылга шарттуу кесип, балдарына алып жүргөн 13 миң сомго жакын акчаны мамлекетке кайтарып берүүгө милдеттендирген. Бул чечимди облустук сот 1-март күнү күчүндө калтырды.

2015-жылдын күз айларында Социалдык жактан коргоо министрлигинин өкүлү менен жергиликтүү бийлик бул үй-бүлөнүн шартын жеринде текшерип, “жакыр” деген тыянак чыгарган. Ошол эле учурда жөлөк пул алса болору тууралуу акт түзүп, белгилеп кетишкен. Бирок ал маселеден азырынча жыйынтык жок, дейт келиндин күйөөсү Нурбек Токтогул уулу.

Нурбек Токтогул уулу
Нурбек Токтогул уулу

- Министр Базарбаевдин өкүлү Алапаева деген аял келип, жашап жаткан үйүбүздү көрүп, акт түзүп кеткен. Менден сураганда, "мага пособиянын кереги жок. Элдин шоруна калып, кыйнап жаткан райондук социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн адиси Зымырат Айтиеваны жумуштан алып бергиле" дедим. Ошол эле учурда премьер-министрге жана Башкы прокуратурага да кайрылгам. Баш прокурор Индира Жолдубаева облустук прокуратурага жөнөткөн экен, андан мага "райондук бөлүмдүн жана айыл өкмөттүн жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголду" деген жооп келди. Бирок аягы эмне болгону азырынча белгисиз. Азыркы жашаган турак жайыбыз 50-жылдары салынган, чоң атамдан калган там. Ал да менин атыма катталган эмес. 2007-жылы ӨКМ кызматкерлери келип, “жашоого жараксыз” деп тыянак чыгарышкан. Бирок каражат жок, айласыз баш калкалап жатабыз.

"Машинең турса, жөлөк пулду не кыласың?"

Өкмөтүн 2009-жылкы токтомуна ылайык, жөлөк пул алуунун жараяны өзгөртүлгөн. Ага ылайык, жакыр деп эсептелген үй-бүлөлөрдүн баары эле жөлөк пул албайт. Үй-бүлөдөгү бир жанга киреше булагы 810 сомдон ашпоосу керек. Мындан сырткары беш киши жашаган үйдө 15 койдон жана бир кара малдан ашкан жандык болсо да жөлөк пул берилбейт. Ошондой эле автоунаасы бар жарандарга да чектөө бар. Райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы Байыш Саипов:

- Ушул жерде көп көйгөйлүү маселе бар. Пенсия жана майыптыгы боюнча жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдүн да балдары жөлөк пул албайт. Анткени алардын акчасы үй-бүлөнүн киреше булагы деп эсептелип калган. Муздаткычы барларга да мурда берилбей келген азыр ал норма жокко чыкты. Анын ордуна автоунаасы болсо берилбейт. Анын да иштеп турганы жана киреше алып келгени эске алынат. Эгерде кирешеси аз болсо бир баладан тарта пособия берилет. Ал студент болуп окуса, 23 жашка чейин берүүгө милдеттүүбүз.

Базар-Коргон району боюнча учурда 7,5 миңден ашык кожолуктун 21 миң баласына жөлөк пул чегерилген. Анын орточо суммасы 700 сомго туура келет. Жөлөк пул алуучуларды айыл өкмөттөрү жеринде аныктап, документтерин райондук бөлүмгө өткөрүп беришет. Ал эми алардын 20 пайызы кайрадан текшерүүдөн өтүп, министрликке жиберилет.

Былтыр документтери туура эмес 10 үй-бүлөнүн алган акчасы сот аркылуу мамлекетке кайтарылган. Айылдыктар документ даярдоо иштери тааныш-билиштик менен ишке ашып, балдарга берилчү жөлөк пулдун биринчи айлыгын кызматкерлер кармап калышарын белгилешет. Жогорудагы соттошуп жаткан үй-бүлө эми Жогорку Сотко кайрыларын айтышууда. Ал арада мектеп жамааты келиндин соттолгону такталса, аны жумуштан бошоторун белгилеп жатышканы маалым болду.

XS
SM
MD
LG