Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Көлбаевдин кайтып келишинин сыры эмнеде?


Камчы Көлбаевге издөө салынганы тууралуу Интерполдун сайтындагы жарыя, 21-июль, 2012.
Камчы Көлбаевге издөө салынганы тууралуу Интерполдун сайтындагы жарыя, 21-июль, 2012.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Камчы Көлбаевдин Бишкеке учуп келип, колго түшүшү түкшүмөл ойлорду жаратууда.

Алгач коопсуздук органдары аны атайын операциянын алкагында Дубайдан кармалды дешсе, анын баш коргоо чарасын караган сот Көлбаевдин өз ыктыяры менен тергөөгө келгенин жарыялады. Мына ушул жагдайда “мыйзамдагы уурунун” Кыргызстанга кайтып келишинин сыры эмнеде?

Эки ача билдирүүлөрдүн төркүнү

“Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин капыстан Бишкекке келиши жумурай журтту бир сыйра силкинтти. Анын камакка алынышы боюнча бийлик органдарынын эки ача билдирүүлөрү коомчулукту андан беш бетер эки анжы ойдо калтырды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Көлбаев Дубайдан кармалып, Бишкекке алынып келгенин жарыялаган.

Буга чейин анын иши менен алектенген ички иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттары менен кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча келишим жоктугунан Көлбаевди кармап, камакка алууга мүмкүн болбой жатканына ишендирип келген эле.

Көлбаевдин кылмыш ишин буга чейин иликтебеген атайын кызмат аны кандайча кайтарып алып келгени боюнча толук түшүндүрмө берген жок. Ошол эле учурда Көлбаевдин баш коргоо чарасын караган Биринчи май райондук сотунун чечиминде анын өз ыктыяры менен тергөөгө келгени белгиленген.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева сотто бул боюнча тергөөчүнүн сунуш-аныктамасында да айтылганына токтолду:

- 8-декабрда таңкы беш кыркта соттолуучу Камчы Көлбаев өз ыктыяры менен Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгынын алдына келиптир. Анан ал тергөө иштери менин катышуум менен болсун деп, өз ыктыяры менен колго түшүп берди деп мына ошол тергөөчүнүн соттолуучуга баш коргоо чарасы катары камакка алууну сунуштаган сунуш-аныктамада жазылган. Бул документ соттун чечимине тиркелген.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Камчы Көлбаевге 2011-жылы “адам уурдоо”, “бирөөнүн эркиндигин мыйзамсыз чектөө”, “уюшма кылмыш тобун түзүү”, “курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо, сатуу жана таратуу”, “маңзат соодасын көзөмөлдөө”, “бийлик өкүлүнө күч колдонуу” сыяктуу кылмыш-жаза кодексинин жети беренеси боюнча иш козголгон. Буга чейин ал жашырынып жүргөн жеринен Дубайдын полициясы тарабынан “миграция мыйзамын бузду” деп кармалып, бирок бир аз убакыттан соң кайра коё берилген.

Бийликтин унчукпаган макулдугубу?

Эки жылга чукул сыртта жүргөн, “мыйзамдагы ууру” деген титулу бар адамдын чукулунан өлкөгө кайтып келишин өзүн оппозициячыл саясатчы атаган милиция генералы Өмүрбек Суваналиев мындайча мүнөздөдү:

- Ага тагылган айыптоолор арык аттап, суу кечпейт. Анткени анын айрымдары далилденген учурда деле анын бардыгын Көлбаевдин адамдары өз мойнуна алышат. Себеби ал өз колу менен мына ошол кылмыштын бардыгын жасабайт да. Ошондон жанагы анын 1-2 айдан кийин толук боштондукка чыгып кетет деген сөз бекер жеринен чыгып жаткан жок. Анын бардыгы алдын ала сүйлөшүлгөн болуш керек. Андай кепилдик болбосо ал мурда эле келбейт беле? Анын ишенимдүү адамдарынын бири Адилет Касенов мындан мурун алдын-ала келип, колго түшүп бергени да жөн жеринен эмес. Себеби Көлбаевдин келишине даярдык көрүлгөн. Ал эми Кыргызстанда буга чейин аткарылбай калган жумуштарын колго алат. Анан азыр бийлик Көлбаев менен келишип алыптыр деген имиштер чыгып жатат. Жер-жерлерде чатактар чыкса криминалды мурунку бийлик режимдериндей эле колдонот деген божомолдор жөн жеринен эмес.

Ошол эле учурда Камчы Көлбаевдин мекенине кайтып, өз ыктыяры менен колго түшүп беришин Кыргызстандын азыркы кылмыш дүйнөсүндөгү таасир талашууга байланыштыргандар да бар.

Кылмыш дүйнөсүндөгү таасир талаш

Бул чөйрөнүн сырын билген билермандардын айтымында, кылмыш дүйнөсүнүн түшүнүктөрүнө ылайык “мыйзамдагы ууру” өзүнө ишенип тапшырылган аймагынан сыртта туруп көзөмөл жүргүзүүгө укугу жок. Мындай жагдайды титул ыйгарган “уурулар коомдоштугу” да жактырбайт дешет билермандар. Демек Көлбаевдин өз ыктыяры менен колго түшүп бериши күтүлгөн эле окуя болгон сыягы бар. Анткени буга Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү үчүн болгон таасир талашуу себеп болушу мүмкүн.

Атап айтканда, 16-Ноябрда “Манас” аба майданында Москва-Бишкек каттамы менен келген грузин улутундагы “мыйзамдагы ууру” Илья Самсония кармалган болучу. Териштирүүдө анын жанынан Ильяс Алиев деген наамга жазылган кыргыз паспорту табылды. Самсония ал паспортту 2009-жылы мартта Бишкек шаарынын Свердлов райондук паспорт бөлүмчөсүнөн алган. Анын улуту Кыргызстанда төрөлгөн азербайжан катары көрсөтүлгөн менен тергөө учурунда анын азери тилин билбей турганы аныкталган. Ал 2009-жылы декабрда маңзат менен кармалып, үч жылдан соң Орусияда түрмөдө отуруп чыгары менен жакында Кыргызстанга чыгарылган. Анткени ал Кыргызстандын жараны катары катталган экен.

2010-жылы бийликке келген жаңы өкмөт уюшма топторго каршы күрөш жарыялаган. Анын алкагында кылмыш дүйнөсүнүн бир катар лөктөрү 2011-жылы Кыргызстандан чыга качышкан. Бирок бул багытта күрөш солгундай түшкөндө мына ошол боштукту кыргызстандык болуп алган Илья Самсония толуктагысы келген деп божомолдошот аны кармаган изкубарлар. Анткени Орусияда илгертен келаткан салтка ылайык, кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүн негизинен грузиндер түзүп келген. Бирок кийинки кезде Орусияда грузин "пахандарга", же кыргызчалаганда аталыктарга орун тарып барат.

Грузиянын өзүндө болсо 2005-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча “мыйзамдагы уурулар” үчүн катаал жаза чарасы каралган. Мындай шартта Самсониянын бир кезде сатып алган жасалма кыргыз паспортун бетине кармап, Ала-Тоого келип, “өзүм билемдик” менен өкүм жүргүзгөндөн башка аргасы калбаган өңдөнөт.

Ага жасалма документ менен жүрүү жана уюшма топ түзүүгө байланышкан эки берене боюнча иш козголду. Эгер чечен тектүү Азиз Батукаев да ушундай титул алып жүргөнүн эске алсак, Кыргызстанда “мыйзамдагы уурулардын” саны аны менен үч адамга толукталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков Көлбаевдин келишин мына ушул жагдай менен байланыштырат:

- Илья Самсония Бишкектен кармалып, абакка отургандан бир ай өтпөй эле Камчыбек Көлбаев өлкөгө келип жатат. Бул анын учурдагы Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүндө таасир көрсөтүү чөйрөсүн кайрадан бөлүштүрүү демилгесине карата болушу мүмкүн. Ошон үчүн бийлик менен тигил тарап кандайдыр бир шарт менен макулдашкан болушу ыктымал. Мурдагы бийлик Көлбаевди саясий оюндарына аралаштырып, кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууга жетишип келген. Азыркы бийлик Көлбаевдин келишиндеги табышмактуу жагдайларга расмий тактама бербей турган болсо анда бул ишарат ошондой оюндар кайрадан башталыптыр деген күдүк ойлордун чындыгын тастыкташы мүмкүн.


Батукаевдин таасири арттыбы?

Азиз Батукаев жети жылдан бери Нарындагы түрмөдө кармалууда. Анын таасирин чектөө боюнча бир катар чаралар киргизилгенине карабастан Азиз Батукаевдин айрым абак жайларга дагы эле өкүмү күч дешет. Ал тургай “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Көлбаев чет өлкөдө куугунтукталып жүргөнүнөн пайдаланып, абактарда таасирин арттырууга жетишти деген да маалымат бар. Анан калса аны күчөтүлгөн түрмө режиминде камоо мөөнөтү эки жыл мурун эле аяктаган. Ошондуктан мыйзам боюнча, анын калган жаза мөөнөтү түзөтүү мекемесинде өткөрүлүүгө тийиш. Бирок аны жалпы колонияга которуунун арты криминал дүйнөсүндө “кызыл жаян” териштирүүлөргө алып келет деген чочулоолор бар. Ошондуктан Батукаевдин маселеси азырынча чечилбей турат деп белгиледи жазаларды аткаруу кызматындагы атын атагысы келбеген маалымат булагы.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Турат Мадылбеков Көлбаевдин кайтып келишин абак жайларда анын мурдагы таасирин сактап калуу аракети катары баалады:

- Азиз Батукаевди бул жак менен байланышы болбосун деп атайын Нарындагы тергөө абагына которушкан. Ошого карабастан анын таасири дагы эле чоң. Аны көбүнчө ал жакта “мыйзамдагы ууру” катары кабыл алышат. Эгерде ал бул жактагы абактардын бирине которула турган болсо, анда абак жайлары толугу менен Батукаевдин көзүн карап калышы мүмкүн. Эгерде Көлбаев абакка камала турган болсо алардын ортосунда өз ара тирешүүлөр болушу мүмкүн. Анткени абактардын ичиндеги абалга ким кожоюндук кылат деген суроо жаралат. Бирок Көлбаев бат эле боштондукка чыгышы мүмкүн. Андай боло турган болсо 2011-жылы анын артынан качып кеткен уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрүнүн баары кайра бул жакка кайтып келет.

Ошол эле кезде Жазаларды аткаруу кызматында жетекчи болуп кеткен Шейшенбек Байзаков уюшма кылмыштуулукка каршы 2011-жылы жарыяланган күрөштө бийлик кылмыш дүйнөсүнө уттуруп койду деп эсептейт. Анткени Байзаков абактарда мыйзамдуу тартипти калыбына келтирип, жаза аткаруу жайларындагы көмүскө мамилелерди жоюу чараларын көргөнүн жарыялаган болчу. Бирок анын өтө эле катаал чаралары абак жайларындагы нааразылыктын чыгышын шарттаган. Байзаков өзүнүн кызматтан алынышын кылмыш дүйнөсүнүн басымы менен байланыштырды:

- Көлбаев ошол учурда Дубайдан туруп алып, абактарга таасир этип, камактагыларды ачкачылык кармоого мажбурлаганга күчү жеткен. Анан эми ал бул жака келе турган болсо албетте анын таасири дагы 2-3 эсе артат болуш керек. Мен кызматтан кетээрим менен мына ошол “общак” менен кол берип учурашып, алар менен кызматташкан адамдар кайрадан кызматтарына келишти. Камералардын жабылган эшиктери ачылды. Мен кызматта турганда ошонун бардыгын мыйзамда каралган тартип боюнча жөнгө салган элем. Бирок менин ал ишимин натыйжасы болгон жок. Эгерде ушундай эле боло турган болсо башында эле “уюшкан кылмыштуулук менен күрөшөбүз” деп жалгандан жарыялаштын кереги бар беле?


Көлбаевди эмне күтөт?..

Мындан сырткары “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин кайтып келиши абак жайларында адаттан тыш кабыл алынып жатканы боюнча маалыматтар тарады. кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы үчүн тергөө абагында атайын “VIP” камера даярдалганы боюнча жергиликтүү басылмалардын биринде ишенимдүү булактарга таянган маалыматтар жарыяланды. Ошол эле булакта абактардагы жана сырттагы кылмыш чөйрөсүн тартипке келтирүүдө бийлик ишенимдүү “мыйзамдагы уурунун” колдоосуна муктаж экени да белгиленген. Анткени чаржайыт шартта кылмыш дүйнөсүн укук коргоо органдарынын күчү менен гана теске салуу кыйын экени мисалга алынган. Мындай тажрыйба айрым өлкөлөрдүн практикасында колдонулганы маалым.

Бирок жазаны аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев Көлбаев абакка отура турган болсо, кылмыш дүйнөсүнүн кызыкчылыгына эмес, мыйзамдын эрежесине жараша шарт болоорун эскертти:

- Анда мени бул жактан кызматтан кетирип туруп эле, бул орунга Көлбаевди алып келип отургузуш керек... Мен бул жерде турганда андайга жол бербейм. Эгерде ал “мыйзамдагы ууру” боло турган болсо өздөрүнүн түшүнүгү боюнча “ууру” боло берсин. Бирок ал бул жакка түшө турган болсо ага өкмөт тарабынан бекитилген кылмышкерлерди кармоонун жалпы тартиби боюнча мамиле болот. Башка карапайым кылмышкерлер кандай шартта жаза мөөнөтүн өтөсө ал деле ошолордой эле тартипте кармалат. Ага карата өзгөчө артыкчылыктар, же жеңилдиктер каралбайт.

Ошол эле учурда коомчулукта “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин кайтып келиши саясий күчтөрдүн ортосундагы араздашууларга да от койбойбу деген чочулоолор күч алды. Анткени уюшма кылмыштуулук менен саясаттын аралашуусу кандай кесепеттерге алып келерин Кыргызстандын соңку он жылдагы тарыхы көргөздү.
XS
SM
MD
LG