Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:16

Маданият

Кыргызстандык ырчы Москваны багындырды

Кыргызстандык ырчы Марат Ибраев Москвада өткөн эл аралык романсиада сынагын жеңип алды. Аны Орусиянын эмгек сиңирген артисти Галина Преображенская дүйнөнүн мыкты тенору деп атады. Чыгармачыл үй-бүлөдөн чыккан Марат Ибраев 40 жашында биринчи жолу сахнага ырдап чыккан экен.

Текст көлөмү - +
“Азаттык”: Жеңиштин деми кандай экен? Дагы эле толкунданып жатасызбы?

Марат Ибраев: Дагы эле өзүм Москвада жүрөм го. Азыр Кыргызстанда жүргөн менен жаным, жүрөгүм Москвада жүрсө керек.

“Азаттык”: Сиз чыгармачыл үй-бүлөдөн чыккан адамсыз. Бообек Ибраев менен Гүлсүн Мамашеваны билбеген киши жок болсо керек. Негизи чыгармачыл үй-бүлөнүн таланттуу балдары кичинесинен эле көзгө уруна баштайт. Бирок биз сизди кийин эле көрүп калдык. Мындай таланттуу жигит анда кайда жүрдү экен?

Ибраев: Уктап жүрсөм керек. Мен баягы чоң ата, чоң апамдын колунда өскөм. Ал жакта өзүмчө иштеп жүрдүм. Ата-энем чыгармачылыктын ысык-суугун жакшы билишкендиктенби, бизди бир башка жолго багыттаган да. Бирок кийин болбой эле кыялым койо бербей, чыгып алдым.

“Азаттык”: Чыгармачылыкка чейин эмне менен алек болуп жүрдүңүз?

Ибраев: Мен “Кумтөр” компаниясында иштейм. Политехти бүтүргөм. Анан турмуш ошол жакка буруп койгондуктан иштеп калдым. Бара-бара ичиңдеги болгон нерсе түртө берет экен. Ошентип кеч болсо да болбой эле сахнага чыктым.

“Азаттык”: Биринчи жолу сахнага канча жашыңызда чыктыңыз эле? Эл кандай кабыл алды? Чыгармачылыктын түйшүгү кандай экен?

Ибраев: Оңой эмес экен. Чыгармачылык - бул изденүү эмеспи. Күнүгө изденесиң. Канчалык көп изденсең, ошончолук жакшы чыгасың. Мен 2009-жылы биринчи жолу чыктым. Ошондо кыркка келип калган элем. Мына андан бери эки-үч жыл болуптур. Анча-мынча сахнага чыгып, бул жерден ырдап жүрдүм. Анан чет жактарга чыгуу мүмкүнчүлүктөрүмдү карадым. Ошентип былтыр Казакстанга барып, биринчи орунду алдым. Ошол жерден чыккандан кийин, Москвага чакыруу болуп калды. Кудай буйруса, ийгилик менен келдик.

“Азаттык”: Романстарды ырдайт экенсиз. Эмнеге бул жанрга токтолдуңуз?

Ибраев: Мен эми Покровка деген орус айылында чоңойдум. Азыр Кызыл-Суу деп койот. Классташтарымдын көбү орус балдар эле. Анын үстүнө совет мезгилинде тарбияландык. Көбүнчө орусча ырларды угуп жүрүп, алар кыргыз ырларындай эле мага сиңип калды. Кайсы сынактар бар болду экен деп изденгенде ошол романсиада деп көрүп калдым. Бул мага жакын болду окшойт.



“Азаттык”: Кыргызча көп ырдагыңыз келбейби?

Ибраев: Кыргызча деле ырдайм. Мен кыргызча же орусча эле эмес, англисче деле ырдайм, кудайга шүгүр.

“Азаттык”: Жеңиш колуңузга тийип, дүйнөгө жол ачылып жатат да. Болот Миңжылкыевдердин жолун улаганы турасыз го?

Ибраев: Эми кудай берсе. Мен үнүмдү өзүм таптап алган жокмун. Бул кудайдан берилген нерсе экен. Ошону элге жеткирейин дедим.

“Азаттык”: Москвадагы жеңишиңизди кантип белгиледиңиз?

Ибраев: Сынактан кийин мейманканага келип уктадым. Ушунчалык чарчаптырмын. Жарым жыл бою тапталдым эле. Психологиялык жактан даярдык көрүш керек экен. Биринчиликти алдым дегенде эле өзүмдү таштап жибердимби, ошондо гана чарчаганымды билдим. Ошентип эс алдым.

“Азаттык”: “Я помню чудное мгновенье” деген белгилүү романсты аткарыпсыз. Мындай сынакка ыр тандоо деле оңой болбосо керек?

Ибраев: Бул Пушкиндин чыгармасы эмеспи. Муну бардыгы билет. Ал жердеги консерваториянын профессорлоруна, чоң театрдын солисттерине белгилүү. Бирок мунун бир жагы аны өтө так аткаруу керек болду. Туура эмес ырдап койсоң дароо билинип калат. Ошондуктан бул чыгарманы бешке гана ырдоо керек эле.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: osh каяктан: Ош
17.05.2011 09:35
Марат байке үнүңүз алтын үн экен.
Бул алтын үнүңүздү жакшы жака колдонуп патриотук ырларды ырдап жүрөбериң.

кимден: altynbek каяктан: saruu aıyly
17.05.2011 03:29
salam aleıkum marat ava. allah taala undu berıptır.emı kyrgyzdyn atagyn chygaryp juro berıshınerge tılekteshmın.jeke chygarmachyl ıygılıkterdı kaalap ketuugo uruksat berınız saruu aıylynan

кимден: Доор Аян каяктан: Ош
14.05.2011 12:33
Бар болунуз Марат мырза! Кыйын кезде Кыргыз элине дем бериниз!

кимден: Азаттан каяктан: Казактан
13.05.2011 13:24
Марат байке азаматсыз!!! Онорунуз оркундоп, орго оруш ала бериниз, добушунуз очбосун, дуйнонун эн улкон сахналарында авазыныз жанырсын, Болот Мынжылкыевдердин жолун улаган адамдар чыкканы кыргыз эли учун чон сыймык. Сиздердей онор адамдары и спорт чеберлери гана кыргыздарды дуйнолук аренага таанытбаса башка жактарыбыз менен биз али бери чыга албайт окшойбуз, алла таала кубат берсин, еще раз удачи ураааа!

кимден: Гулжан
13.05.2011 13:10
Марат байке сизге ийгилик болсун.

кимден: темир каяктан: орусия
12.05.2011 22:57
Браво!!! талантыныз оркүндой берсин эмкиде италиянын Ласкало сахнасын багынтың.

кимден: Тагай каяктан: Москва
12.05.2011 22:20
Марат, женишин кут болсун! Ар дайым Чынгыз Айтматовго окшоп Кыргызстанды дуйного таанылтып журо бер. Талантына ийгилик каалайм.

кимден: Бурул каяктан: Жети-Огуз.Мундуз
12.05.2011 22:09
Марат,женишиниз кут болсун! Англисче да ырдайт экенсиз,бул абдан жакшы.Талыкпай эмгектенип Европпаны багындырыныз. Кыргыздан да "соловей" чыкканына чон кубанычтамын, Басковдон биздин эмнебиз кем ээ?
Чыгармачыл ийгиликтерди каалайм!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук