Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:31

Атайын баракчалар / Шайлоо

Кадырбеков: Мэрлерди шайлоодо көмүскө оюндар көп

Кыргызстандын 4 шаары менен 16 айыл өкмөтүндө өтүп жаткан шайлоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков маек курду.

Текст көлөмү - +
- Бүгүн кайсы шаар жана айылдарда шайлоо болуп, ал кандай тартипте өтүүдө?

- Кыргызстанда маанилүү саясий шайлоо өтүп жатат. Төрт шаарда: Кочкор-Ата, Кара-Балта, Балыкчы жана Чолпон-Атада мэрлерди шайлоо өтүүдө. Мындан тышкары Ош облусундагы төрт айылдык округда, Баткен жана Чүй облустарында үч, Нарын жана Таласта эки, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында бирден айылдык округда айыл башчылары шайланууда.

Мэрлерди шайлоодо алгач шаардык кеңештин депутаттарынан фракция түзүлөт. Ал фракциянын жана премьер-министрдин сунушу менен талапкерлер көрсөтүлөт. Жаңы премьер-министр жергиликтүү кеңештер өздөрү шайласын деп, бул жолу талапкерди көрсөткөн жок.

- Эмне себептен шаар мэрлигине көрсөтүлгөн талапкерлердин саны аз? Маселен, үч шаарда бирден гана талапкер көрсөтүлгөн экен...

- Шаардык кеңештердин депутаттары кайдыгер мамиле кылып коюшту. Алар фракция түзүшү керек эле. Борбордук шайлоо комиссиясында Кара-Балта шаары боюнча талаш-тартыш болду. Ал жакта бир гана фракция түзүлгөн экен. Экинчисин түзүүгө кворум болбой, үлгүрбөй калышыптыр. Эгерде эки фракция түзүлсө, ар биринен бирден талапкер көрсөтүлмөк. Натыйжада депутаттар мыйзамды окуп, бирок ага жакшы көңүл бурушкан эмес. Мисалы, Кочкор-Атада да, Кара-Балта да бир гана талапкер болуп калган. Чолпон-Атада гана эки талапкер бар. 

Бул жерде саясий оюндар да жүрүп жатат. Азыр мэр болуп иштеп жаткандар кайра өз талапкерлигин койгондо башка атаандаш болбосун деген оюндар болуп жатканын моюнга алуу кажет. Мисалы, Балыкчыда депутаттар менен сүйлөшүп, аларды добуш берүүгө келтирбей, кворумду бузушуп, шайлоону ушуну менен үчүнчү жолу өткөрбөй жатышат. Эгер бүгүн да өтпөй калса, БШК өзүнүн мыйзамдык укугунун чегинде президентке кайрылып, шаардык кеңешти таратканга укугу бар.

- Мындай оюндар августа мэрлерди шайлоодо байкалган. Андай иштерди алдын алуу үчүн чара көрсө болбойбу?

- Мыйзам боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону уюштурат. Шайлоону жергиликтүү кеңештер өткөрөт. Кеңешке биз кийлигише албайбыз. Азыр процедуранын негизинде шайлоону өткөргөнгө катышабыз. Ким шайланса мандатын беребиз. Бирок шайлоо жараяны жергиликтүү кеңештин регламентинин жана мыйзамдын негизинде болот. Кворум болбой калса, депутаттар отуз күндүн ичинде эч кимди шайлай албаса, БШК президентке гана кайрыла алат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: ТЛЕК каяктан: БИШКЕК
21.01.2012 16:14
Урматтуу жогорку кенештин депутаттары, премьер министр .бшк!!!!
Акимдерди шайлоо процедурасы туура деп ойлойсуздарбы! Текебаевдин озун озу башкаруу мыйзамы чийки жана бир райондун эли учун андан корсотулгон тарапкерлер уруу урууга сай сайга эле азыртадан баштап болунуп мушташа баштады бул мыйзам ото коркунучтуу!
Мурункудай эле окмот башчысынын сунушу боюнча райондук кенештин депутаттары бекитсе жакшы болмок

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.01.2012 16:11
атасынын кору, баары эле акылдуу болуп кетет кызматтан шыпырып койсо...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине