Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Баатырбеков: Элчиликтердеги мүчүлүштүктөр 20 жылдык саясаттын кесепети


Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин имараты
Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин имараты

ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы кыргыз элчиликтериндеги мүчүлүштүктөр тууралуу кеп салды.

“Азаттык”: “Азаттык” үналгысы чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчилик жана консулдуктарынын жарандар менен иштөөсү тууралуу маалымат бере баштагандан бери алардын ишине нааразы болгон жарандар арбын экени маалым болду. Сиздин комитетке ушул элчиликтердин иши боюнча кайрылган жарандар болгонбу? Болсо канча кайрылуу түшкөн?

Алмазбек Баатырбеков: Буга чейин биздин комитетке аты-жөнүн, дарегин бербестен эки кайрылуу болгон. Негизинен кайрылууларды караш үчүн аты-жөнүн толук берип, эмне себептен болгонун, кандай бузуулар болду, кандай жардам көрсөтүлбөй калды деп берип турса туура болмок. Себеби ошого жараша иш алып барууга да бизге жакшы болмок.

“Азаттык”: Бул эки кайрылуу конкреттүү кайсы жагдайларга карата түштү эле?

Алмазбек Баатырбеков: Бирөөсү негизинен орусча сүйлөп, орой мамиле жасашканы боюнча консулдуктарга болгон. Экинчиси ушул жарандыктарды алганда акча сурайт деген кайрылуулар түшкөн.

“Азаттык”: Жакында “Азаттыктын” кабарчысы Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде болуп, жарандарга жасалган орой мамилеге күбө болуп келди. Айтсаңыз, көпчүлүк элчиликтерде бул өңдүү көрүнүштөр эмне себептен чыгып жатат? Бул эмнеден кабар берет?

Алмазбек Баатырбеков: Кыргызстандык элчиликтер боюнча токтолгудай болсок, бул жыйырма жылдан берки саясаттын кесепети го деп ойлойм. Биринчиден, өзүңүздөргө маалым болгондой, элчиликтерге буга чейин атайын дипломаттар эмес, көбүнчө оппозицияда жүргөндөр иштеп келген. Чоң саясий кызматта жүрүп, ошол кызматтан четтетүү максатында, элчиликтерге элчи кылып жиберип жатышып, ал элчи барганда өзүнүн жумушунан тышкары, өзү билбестиктен улам ошого жараша кадрларды алат. Мындай туура эмес көрүнүштөрдүн кесепети ушуга алып келип жатат.

“Азаттык”: Элчиликтерде бул өңдүү маселелерди чечүү үчүн кандай аракеттер кылынышы керек. Сиздер кандай жол менен көмөктөшө аласыздар?

Элчиликтерге буга чейин атайын дипломаттар эмес, көбүнчө оппозицияда жүргөндөр иштеп келген...
Алмазбек Баатырбеков:
Негизинен комитет Тышкы иштер министрлиги менен иш алып бара баштадык. Он чакты күн өтүп калды. Жаңы эле элчиликтердин, консулдуктардын кылган иши боюнча маалымат берүү өтүнүчүн Тышкы иштер министрлигине жөнөттүм. Элчиликтер жайгашкан өлкөлөрдөгү мигранттардан да маалымат алып, аларды салыштырып, текшерип, кандай туура жолдорун тапсак деген ой менен ушул ишти баштап жатабыз.

“Азаттык”: Натыйжада бул багытта бир мыйзам долбоорун даярдап чыгууга мүмкүнчүлүктөр барбы?

Алмазбек Баатырбеков: Конституцияны кабыл алганыбызда тышкы саясатты ким жүргүзөт деген маселе бар. Жүргүзө турган орган катары өкмөт белгиленип, бирок аныктаган тарап калып калган. Анан аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзгөнбүз. Ошол комиссиялар азыр иштеп жатышат. Ар кайсы министрликтердин өкүлдөрү жана биздин комитеттин депутаттары менен биргеликте. Бул иштерди кылып жатканда жанагыларды да эске алып, элчиликтерде мындай көрүнүштөрдү болтурбоого аракет жасоо багытында мыйзамдарды чыгарабыз го деген ойдобуз.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG