Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

Сузак: мечиттеги кырсык боюнча иш козголду


"Насирдин ата" мечити. Жалал-Абад.
"Насирдин ата" мечити. Жалал-Абад.

3-февралда түшкү намаздан кийин Сузак районундагы “Имам Аззам” аттуу мечиттин экинчи кабаты урап түшүп, 59 адам жабыр тартты. Кырсыкка кабылган кишинин бешөө райондук, экөө облустук ооруканада жатат.

Ал ортодо окуяны атайын комиссия иликтеп, райондук прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренеси (Стандарттык талапка туура келбеген курулуш куруу менен адамдардын ден соолугуна, коопсуздугуна залал келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Дүйшөмбүдө саат экилер чамасында райондогу “Имам Аззам” мечитинде түшкү намаздан кийин көзү өткөн адамдын жаназасы да окулган. Чогулгандар бата кылып сыртка чыгып баратканда, экинчи кабаттын тактайы түшүп кеткен. Райондун акиминин орунбасары Төрөгелди Түркбаевдин айтымында, мечиттин экинчи кабатынын өзүмбилемдик менен курулушу ушул окуяга себепчи болгон:

- Намаз окуй турган чоң залга кошумча иретинде экинчи кабатты да куруп алышкан. Ал жерге курулуш нормаларына туура келбеген металл конструкцияларын коюшуп, үстүнө тактай жаткырышкан. Кырсыкка ошол темир устундар себепкер болуп жатат. Бөөдө эл жабыр тартты.

Кара-Суудагы мечит.
Кара-Суудагы мечит.

“Имам Аззам” - элдин эсебинен курулган коомдук мечит, ал 2008-жылы ишке берилген. Көзү өткөн ажынын жаназасы 3 - февралда ушул мечитте окулган. Жаназага келгендерге мурда намаз окуп жүргөндөр да кошулган. Мечиттин имамы Абдулазиз Абдувалиевдин божомолунда, үстүңкү кабат көп кишини көтөрө албай калган өңдүү:

- Адамдарды мечитке мен чакырган эмесмин, алар өздөрү келишкен. Бул жерде сегиз жылдан бери намаз окулат. Суук болуп жаткандыктан мурда намазды сыртта окугандар азыр ичкери кирип жатышат. Шыптын кантип урап түшкөнүн биз деле билбей калдык. Кудайга шүгүр, баары аман-эсен. Азыр эле ооруканага кирип, палатада жаткандар менен сүйлөшүп чыктым. Көбү үйлөрүнө чыгып кетти.

Мечиттеги кырсыктан кийин райондук ооруканага 59 адам кайрылган. Алардын булчуңдары эзилип, колу-буту сынгандар, мээси чайкалгандар бар. Жеңил жаракат алгандар алгачкы медициналык жардамды алгандан кийин үйлөрүнө кое берилген. Учурда райондук ооруканада беш адам дарыланууда. Башкы дарыгер Жеңиш Мамазеитов оор жаракат алды деген эки киши ошол эле күнү облустук ооруканага жиберилгендигин ырастады:

- Колу-буту жабыркагандарды үйлөрүнө жөнөттүк. Экөөнүн омурткасы сынгандай болду. Жалал-Абад облустук ооруканасынан адис чакыртып, эки бейтапты ошол жакка котордук.

Учурда райондук ооруканада жаткандардын абалы дурус. Анткен менен алардын бири Назимжан Хамраев окуянын кандайча болгонун эстей албайт:

- Намаздан кийин сыртка чыгып баратканбыз. Телефонду иштеткени жаткам, андан аркысы эсимде жок. Акыбалым жакшы эле, бутум бир аз ооруп жатат, капельница берип атышат.

Жабыр тарткандар арасынан азырынча мамлекеттик органдарга арыздангандар деле жок сыяктуу. Ал ортодо облустук прокуратура дубандагы бардык мечиттердин архитектуралык абалын текшерүүгө буйрук чыгарганы маалым болду.

Сузак: мечитте жабыркагандар ооруканада
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG