Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:21

Кыргызстан Казакстан менен жер алмашпайт


Көк-Сайда жерди алмашпоо талабы менен чогулгандар, Талас, 8-июль, 2013-жыл
Көк-Сайда жерди алмашпоо талабы менен чогулгандар, Талас, 8-июль, 2013-жыл

Таластын кыргыз-казак чегиндеги Көк-Сай айылындагы талаштуу жер маселеси чечилип, тараптар эки жыл мурда жергиликтүү денгээлде түзүлгөн келишимди жокко чыгарды.

Өткөн аптада Бишкекте чек ара маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү жолукту. Анда Кан, Байдам-Тал жайлоолору боюнча да сөз болду. Ушул жылы жайында Таластагы Көк-Сай айылынын тургундары коңшу мамлекет менен жер алмашууга каршы чыгып, бир канча күн бою Казакстанга аккан каналды бууп турган.

Кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араны тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаровдун маалымдашынча, бир нече сүйлөшүүдөн кийин Кыргызстан менен Казакстан Көк-Сайдагы жерди алмашуу тууралуу 2011-жылдагы келишимди жокко чыгарууну макулдашты:
Кыргыз-казак чек арасы, Көк-Сай айылы, Талас.
Кыргыз-казак чек арасы, Көк-Сай айылы, Талас.

- Губернаторлор 2600 гектар жерди алмашкан да. Анда да элдин талабы менен деп айтылган. Эл анан кайра “туура эмес болуп калыптыр, кайра ордуна алып келип койгула, 2001-жылдагы делимитация болгон абалында калсын" дегенинен, биз ошол абалга алып бардык, кийинки келишимди жокко чыгарып. Ошол 2600 гектар жер өзүбүздүкү өзүбүзгө калды, казактардыкы казактарда калды.

Көк-Сай маселеси көтөрүлүп жатканда айылдык кеңеш атайын комиссия түзгөн эле. Комиссиянын өкүлү Айткул Тайлаков жер алмашуу тууралуу соңку келишимдин жокко чыгарылганы тууралуу кагаз колго тие электигин айтууда. Анын билдиришинче, айылдык кеңеш жакында бул маселени карайт:

- Саясатташып, тигил-бул жактан митинг болуп жаткандыктан биз бул иш боюнча бир аз токтоп турабыз. Жакында айылдык кеңештин кезексиз жыйынында бул маселени карап, кайрылуу менен кайра барсакпы деген оюбуз бар. Бул жер алмашуу токтогон күндө деле Чоң-Шынаанын бир четин ачып бербесе, эки айылга өтө кыйын болуп жатат. Жайында адамдардын, кышында малдын өтүшүнө кыйын деген маселе турат. Бул боюнча бизде варианттар бар. Ошол боюнча өлкө жетекчилерине кайрылабыз.

Көк-Сай айылындагы буулган канал, 8-июль, 2013.
Көк-Сай айылындагы буулган канал, 8-июль, 2013.
Сөз Таласта Казакстандын төрт бурч болуп Кыргызстанга кирип турган жери - Чоң-Шынаа тууралуу болуп жатат. Бул жерди Казакстан 2001-жылдагы келишим боюнча алган. Былтыр эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Чоң-Шынаанын Кыргызстандын аймагындагы учун Кыргызстанга берип, Казакстанга караган эки тарабын казактарга берүү тууралуу макулдашкан. Көксайлыктар буга каршы чыгып, жер алмашууну жокко чыгаруу талабы менен быйыл июнь айында Жамбылга кетчү сууну 11 күн бою бууп турган.

Өткөн аптада Бишкекте чек ара маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү жолукканда Кан, Байдам-Тал жайлоолору тууралуу да сөз болду. Чек араларды делмитиациялоо, демаркациялоо боюнча өкмөт өкүлү Курбанбай Искандаров чек ара мамылары туура эмес коюлуп калган деген маселени жазында жеринен тактоону макулдашканын билдирди.

Кан жайлоо Манас районуна карайт. Райондун акими Нурак Качкынбаевдин айтымында, ал жерде олуттуу маселе жок:

- Жер такталып жатканда Бишкектен бир орус аксакал келип, мамы мобул жерде болот деп кетиптир. Бир эле мамы, 76 метр. Ошол мамы башка жерде туруп калыптыр дейт. Биз GPS алганбыз. Жазында казактар менен барып тактап эле коюш керек. Башка маселе жок.

Өткөн айдын башында Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйында Бишкек-Торугарт унаа жолундагы Ысык-Ата районуна караштуу Достук айылындагы тилке тууралуу сөз болгон. Анда 800 метр тилке казак тарапта калып калганы, ал тилкени пайдалануу шарттары тууралуу келишимдин долбоорун даярдоону макулдашкан.

Кыргызстан менен Казакстан чек арасын толук тактап бүткөн. Коомчулукта Каркыра жайлоосунун коңшуларга берилиши узун талаш жараткан. Президент Алмазбек Атамбаев 2009-жылы шайлоого катышып жатканда казактардан Каркыраны кайра сурап аларын убада кылып жибергени да бар.

XS
SM
MD
LG