Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Либерал жаштар партиясы саясий элитаны жаңылайбы?


Жаңы көз караштагы, айрымдары чет өлкөдөн билим алган жаштардан турган Кыргыз либерал демократиялык партиясы көз жарды.

Кыргызстанда 157-болуп катталган Кыргыз либерал демократиялык партиясынын (КЛДП) түзүүчүлөрү өлкөнүн саясий турмушунда жыйырма жылдан бери келаткан саясатчылардын ордун бара-бара алмаштырып, жаңы коомду курууну убада кылат.

Жаштар, жаңы муун, жаңы партия

Кыргыз либерал демократиялык партиясынын башында Германия, АКШ, Жапонияда билим алган жаңычыл көз караштагы жаштар турат. Партия өз катарына таза адамдарды тартууну максат кылат.

Саясий уюмдун баш катчысы, техника илимдеринин кандидаты Манас Саматов партиядагы жаштар жыйырма жылдан бери өлкөнү туңгуюктан чыгара албай келаткан саясатчылардын ордун алмаштырууга кудуреттүү деген пикирде.


"Фармони" компаниясынын жетечиси Манас Саматов
-Менин оюмча саясатчыларды толук кандуу алмаштыра алат. Биринчиден, булардын баары батыш-чыгыш маданияты менен таанышып калган, дүйнөдөгү алдыңкы саптагы окуу жайлардан билим алган жаштар. Либералдык экономиканын жемиштүүлүгүн өз көздөрү менен көрүп калган жаштар. Бул жагынан алып караганда, булар такыр башка көз караштагы адамдар. Буга чейинки саясатчылардын баары КПССтин катарынан келген саясатчылар болсо, булар кесипкөй саясатчылар. Алардын катарында саясат таануучулар, чыгыш таануучулар, экономисттер, коммуникация боюнча адисттер, инженерлер жана банкирлер бар.

Баалуулуктар жана максаттар

Партиянын катарын жалаң гана жаштар түзөт жана өңчөй жаштардын уюму дегенге болбойт. КЛДПнын төргасы, Жапониядагы Васеда университетинин саясий илимдер боюнча докторанты Сейтек Качкынбаевдин айтымында, бул партияны жаштардын эмес, жаңыча ой жүгүрткөн муундун партиясы.

-Себеби, элүү жаштагы киши деле жаш муундун өкүлү боло алышы мүмкүн. Мисалы, ал либерал болуп, жаңы муундагы, глобалдык өнүккөн өлкөнүн моделиндеги эрежелер менен иштей алса. Ошол эле кезде 25 жаштагы адам деле коррупциянын схемалары менен иштеген, ошондой ыкка көнгөн киши болушу мүмкүн. Ошондон улам бул жерде жаңы муундун өкүлдөрү десек жакшы болот го.


Жаңы партия өзүнүн негизги багыттары жана баалуулуктары тууралуу жакында коомчулукка кең-кесири жар салганы турат.

- Биздин партиянын программасы беш багытттан турат. Биринчиси, мамлекетти куруу, экинчиси улутту куруу, үчүнчүсү либералдык экономиканы куруу, демократия жараянын аягына жеткирүү жана тең салмактуу тышкы саясат жүргүзүү, - деди партиянын төрагасы Сейтек Качкынбаев.


“Жыртылган карталар”

Жыйырма жылдан бери Кыргызстандын саясий айдыңында келаткан саясатчыларды алмаштыруу демилгеси буга чейин да кез-кез көтөрүлүп келген. Маселен, мындан дээрлик он жыл мурда эле ал кездеги президент Аскар Акаевдин кадрларын кайра-кайра ойноло берип, жыртылып бүткөн картага салыштыргандар да болгон эле. Анткен менен алардын дээрлик көпчүлүгүгү бүгүн да саясий чөйрөдө жандуу аралашып келаткандыгын саясат таануучу Марат Казакбаев билдирди.

- Азыр саясий чөйрөдө негизинен мурунку эле саясатчылар жүрөт. Акаев, Бакиев учурунда кээ бир саясатчылар оппозиция болуп, бирок кызмат сунуштаса, кайра бийликке барып, кызматтан алып койсо, кайра оппозицияга келип жүрүшкөн. Негизи, азыркы элитанын принциптери жок болуп жатат.

Кантсек дагы саясатчылардын жаш мууну өлкөгө жаңы баалуулуктарды сунуштап, элди артынан ээрчитип кете аларынан күмөн санагандар да жок эмес. Алардын айтымында, ушу тапта аткаруу бийлигинде да, парламентте да ондогон жаштар бар. Андай жаштардын көпчүлүгү реформатордук жүрүштөрдү жасагандын ордуна, коррупцияга аралашып, анын жол-жоболорун өздөштүргөнгө жетишкен.

Мамлекетти башкарууда тажрыйба керек

“Ак-шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев мамлекеттеги жооптуу кызматтарды аткаруу атайын тажрыйбаны талап кыларын эскертет.


"Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев
-Билимдүү-илимдүү адамдардын келиши бул колдоого гана алынат. А калганы алардын иштегенине жараша болот. Бирок саясий элита деген эми асмандан түшпөйт да. Мамлекеттик ишмер болуш үчүн мамлекеттин деңгээлинде иштеп, көз жүгүртүп, ойлоп, иш кылыш үчүн убакыт да, тажрыйба да керек. Анан "мен окуп келдим, жаңы элита болом" деп айтып коюш оңой, ишке келгенде кыйын.

Кыргызстанда жүз элүүдөй партия жана бир нече жаштар уюмдары бар. Ар бир партиянын өзүнүн жаш канаттары да иш алып барат. Бирок андай жаштар топтору жалпы улуттук эмес, тар саясий чөйрөнүн гана куралы болуп келаткандыгын бекемдегендер арбын.

Мындан улам байкоочулар жаңыдан түзүлгөн Кыргыз либерал демократиялык партия жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарды максат кылганда гана таасирдүү саясий күчкө айлананышы мүмкүн экендигин айтышат.

XS
SM
MD
LG