Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:19

Саясат

Отунбаева: Килюнен мындай сынга татыктуу эмес

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева июнь окуяларын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюненди персона нон-грата деп жарыялаган парламенттин чечими ашкере болуп калды деп билдирди.

Текст көлөмү - +
Бүгүн (16-июнда) өткөн басма сөз жыйынында Отунбаева эл аралык комиссиянын отчетунда алгылыктуу да, алгылыксыз да жерлер бар экенин ортого салды.

Өз резиденцияда журналисттер менен жолугушуу маалында Роза Отунбаева эл аралык комиссиянын отчетун дыкат окуп, айрым кемчиликтерин айтышкандыгын белгиледи. Ошентсе да Жогорку Кеңеште Килюненге карата ашкере баа айтылды деген пикирде:
 
Киммо Килюнен
- Мен Киммо Килюнен мындай баага татыган иш жасады деп ойлобойм. Баса, Ташиев ошонун эртеси эле "аны бул жакка алып келели, алдыбызда жооп берсин" деди. Башкача айтканда, парламент эмнени каалаганын билбей атпайбы. Бир туруп келбесин деп добуш берсе, бири чыга калып келсин деп атат.

Эл аралык комиссиянын баяндамасы маанилүү жана керектүү. Бул олуттуу иш. Ал эми биздин комментарийди жакшылап окусаңар, эл аралык комиссиянын баяндамасынын бардык жетишпеген жактары көрсөтүлгөн.

“Сен акмак, мен акмак” деше бербей, аргументтин тилинде иш алып барыш керек да. Биз да абдан салмактуу нерселерди таап чыгып, аларга адамдык акыл эстин деңгээлинде, олуттуу фактылар топтому менен жооп беришибиз керек. Бул өтө маанилүү.


Парламенттин пикири башка

26-майдагы жыйынында Жогорку Кеңеш былтыркы июнь калабасын иликтеген эл аралык комиссиянын отчету бир жактуу болуп калган деген тыянак чыгарган.

Ал эми комиссия жетекчиси Киммо Килюненди Кыргызстанга кирбесин, башкача айтканда, персона нон-грата деп жарыяланган.
 
Буга чейин өлкө президенти парламенттик чечим боюнча оюн ачык айта элек болчу.

Исмаил Исаков
Ал ортодо парламенттин позициясы боюнча Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын өкүлү Исмаил Исаков мындайча түшүндүрмө берди:

- "Бир тараптуу, объективдүү эмес, кыргыз тарапты жамандаган отчет болуп калды, Батыровду колдогон" деп биз ачык айтып чыктык. Баары ошондой болгон. Ал эми эмне деп айтыш президенттин өзүнүн иши.

Биз депутат катары, Кыргызстандын жараны катары өзүбүздүн позициябызды так, ачык айттык. Бул ошондой болуп калган. Кыргыздарды басмырлаган, Батыровдун сөзү менен жазылып калган отчет.   


“Келтирбей коюш оңой...”

Бирок Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар парламенттин чечимин сынга алууда. Алардын жүйөсү боюнча, мындай кескин чечим эл аралык эрежелерге сыйбайт жана Кыргызстандын беделин түшүрөт.

“Жарандар коррупцияга каршы”  уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова эл аралык комиссияны киргизүү менен Кыргызстан ачык өлкө экенин далилдеди жана ар кандай ушак-айыңдарга бөгөт койду деп эсептейт.
 
Анжиян, 14-май, 2005-жыл
Айталы, 2005-жылдагы Өзбекстандын Анжиян облусундагы кан төгүү окуясын иликтөөгө эл аралык коомчулук баа бере албай калгандыктан бүдөмүк пикирлер арбын бойдон калганын эске салды.

Ошону менен катар Исмаилова парламенттин баасына көз карашын билдире кетти.

- Парламент саясий коррупцияны аябай колдонуп атат. Ошон үчүн эл аралык келишимдерге жана Кыргызстан БУУ жана ЕККУнун мүчөсү катары көп тоскоолдуктарды алып келип жатат. Ошон үчүн парламенттин чечимин бүгүнкү күнү токтотуш керек болчу. Анткени персона нон-грата кылыш оной, андан эч ким утпайт.

Саясий серепчи Кубанычбек Өмүралиев да Килюнен өлкөгө кирбесин деп так кесе бүтүм чыгарбай, "баяндамадагы айрым жерлер боюнча ийри отуруп, түз кеңешсе, орундуу болмок" деп эсептейт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: altin каяктан: bishkek
21.06.2011 16:28
ee dostor emneele suelab jatasinar osho el aralik komissiya kirbese osh kogolonun bashchilarin xech gim cheche albadigoo emi gunonu gilgan adam men gunolumin deb aetbatgoo turavi? oshonuchun osholor kankret kilib chechimdi chigarib berbaetbaebi ozu ar daim akikat achuu bolub kelgen. Aeni etek minen javib bolboet tugandar.

кимден: Caira каяктан: ош
17.06.2011 14:35
Парламенттин чечимин колдойм,президентке эмне болгон деги,чет элдин сөзүн колдоп.Шайлоосу болсо,болсо экен.Чечкиндүү кыргызым,Кыргызстаным деп күйгөн президент керек элге.

кимден: жонокой
17.06.2011 13:23
Килюнен пара алган деген эл арасында создор журот. Эл жон суйлобойт...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.06.2011 13:20
Meni kyzyktyrgan nerse - bul jerde kommentariy jazyp atkan kishilerdin jana deputattardyn kanchasy Kilunendin otchetun tolugu menen okudu, je jok degende karap kordu. Bashkanyn sozun ugup alyp ele, ozuncho jiyintik chygara bergen tuura emes. Ansyz dele ushaktardyn ayinan, ushaktarga tayanyp ish-araket kylgan bizde norma bolup kaldy. Elder oz kulagym menen ugayin, oz kozum menen koroyun anan oz bashim menen oylonoyun degenden alys bolup kalyshty.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.06.2011 10:30
Роза Исаковна откондо мени шок кылды...

кимден: Эрулан каяктан: Баткен
17.06.2011 10:03
Бул чечим абдан туура чечим. Парламентке рахмат. Клюненге бул аздык кылат. Дегеле бардык беокмот уюмдар акча берсек баарын кылсак болот деп калышты. Кыргызстан абдан чон ажыдаардын тузагына жем жейм деп тушкон. Мындан кутулуу учун Лукашенкодой азамат керек.

кимден: Таалай
17.06.2011 10:02
Кубанычбек сенин пикирине кошулам. Р.Отунбаева Кюллененди колдоп атса, анда Батыровду колдоп аткандыгы деп тушунсо болот деген ойго туртуп атат. Эл аралык коммиссия деген ким озу? Кыргызстандын тагдырын ошол эл аралык уюм чечип калганбы? Отунбаева сырттан келгендерди Кыргызстандын ички иштерине кийлигиштирип алып эмне пайда коргону жатат. Парламенттин чечимин туптуура деп эсептейм. Отунбаеванын позизиясына каршымын. Отунбаеванын президенттик мооноту ушул жылдын аягында бутот, андан аары эмне иш кылам деп ойлонуп атат да, себеби Кюлленди колдоп, аны менен дос болуп алып эл аралык уюмдардан жумуш таап каламбы деген умуту бар го???

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.06.2011 09:25
Акты ак, караны кара дешибиз керек да. Кильюнендин комиссиясы бир жактуу жыйынтык чыгарган. Коп окуялар камтылган эмес. Кыскасын айтканда Исаков айткандай Батыровдун диктовкасы менен эле жазылган сымал. Роза апчебиз июнь окуяларынын башынан тарта эле ушул Батыровду жана озбектерди колдоп келе жатат. http://atamekenkg.com/index.php?option=com_content&view=article&id=5179:2010-06-30-11-19-41&catid=99:politic&Itemid=29 сайтын окусанар, Отунбаева Испан гезитине эмне деп интервью бергенин билесинер, хотя бул коогаланды ким баштады, качан баштады, кандайча баштады баары билишет. Акырында айткым келет, Отунбаева жана УО мучолору бийликте турганда, бул Оштогу июнь окуялары эч качан объективдуу изилденип баа берилбейт.

кимден: Кубанычбек каяктан: ноокат
16.06.2011 21:27
Ушул укук коргоочулар ж-а ар кандай уюмдар кимдин музыкасына бийлеп атышкандыктары баарына белгилүү.Исмаилова эжейден сурагым келет: ошол Анжиян окуясын териштиргенге өзбөк мамлекети ар кандай Клюненге окшогон коргоочуларды киргизбей койгондон "өзбек мамлекетинин сары тыйынча"да абийри тушкөн жок, эч кайсыл мамлекет тескери карап Каримов менен учурашпай койгон жок.Дүйнөдө кыргызстан "бийлигиндей,бийлик болбосо керек" өзүн-өзү ашкере,шылдын кылган.Дагы айтайын дегеним кыргызстандагы бардык укук коргоочулардын башын бириктирген бир "Клюнен & клююнен"-дегенби фонд ачып алсанар жакшы болсо керек
Пикирге жооп

кимден: Азаттан каяктан: Казактан
17.06.2011 11:36
Ой дозум туура айтасын биз деле эл аралык коммиссияны киргизбей койсок кылыбыз кыйшаймак эмес, би3дин кун карама жетекчилердин айынан дуйного шерменде болуп жатабыз "мыкаачы" аталып. Ушул укук коргоочулар чет элден алган жашылбай акчаларын акташ учун эле оздору кыргыз болуп туруп башкалардын арыгын чапканына жанын кашайат да эх.
Пикирге жооп

кимден: Nurgul каяктан: Bishkek
17.06.2011 09:17
Kyrgyzstandy Ozbekistanga salyshtyrba, dos. Ozbekistan diktatorluk olko, al jakta Karimovgo karshy chykkandardy tiryyloi issik suuga kainatyshat. Kyrgyzstan demokratiyalyk olko, biz chet eldik Numan rightstar menen ishteshibiz kerek. Biz ozybyz kyrgyz bolup ozybyzdyn kemchiligibizdi korboibyz, birok alar korot. Menimche alar tuura ele aityp jatat.
Пикирге жооп

кимден: Калыспикир
17.06.2011 07:08
Кубанычбек сен ар кандай элден имиштерди угуп алып бул жерге жазбай, бираз ойлонсон боло! Биз деген парламенттик олкодо жашап жатабыз, демек эл аралык иликтоолордун болушу мыйзам ченемдуу корунуш! Бизди Озбекстанга салыштырууга болбойт, биздеген демократиянын дангыр жолуна туштук, буйруса!
Анан айтмакчы, укук коргоочу уюмдар кимдин музыкасына карап бийлеп жатышкандыгын ачык жазып отпоптурсун!
Пикирге жооп

кимден: KALYS PIKIRGE KALYS JOOP каяктан: Bishkek
17.06.2011 12:47
Kalys pikir, kubanychbektin ukkandary ar kandai ushak emes.sen birinchi "demokratia" degen sozdun maasin tushunup al. anan KG ge parlamenttik bashkaruu jarashpait. bir ui bulodo baardygy birdei bashkaruuchu bolo albait.
Пикирге жооп

кимден: Алмаз каяктан: москоу
17.06.2011 02:04
Туура айтасын! Эл "эл аралык уюм"дун келишине каршы болгон эле...бийликтегилер киргизбей койсо эмне болмок тушунбойм!? Азыр абуройу бийигирек болмок....

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине